Гүлмира Избасканова, ырчы, блогер: БАРДЫК КЫРГЫЗ ЫРЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЫРДАГЫМ КЕЛЕТ"

Кыргыз ырчысы Баян Сыдыкова казакстандык ырчы Гүлмира Избасканова менен дуэт жаздырып, Кыргызстанда клип тарттырып жатышат. Ушул эки ырчы коногубуз болду. Гүлмира Избасканова кыргыз ырларын да ырдап калат. Ал “Жылкычынын ыры”, “Жамгыр төктү”, Бек Борбиевдин “Жаным” ырын жана башкаларды ырдаган. Белгилүү ырчы жана блогер клиптин шылтоосу менен өлкөбүзгө биринчи жолу келиптир.

– Саламатсыздарбы? Алгач дуэттин жаралышы боюнча айтсаңыздар.

Баян Сыдыкова: – Саламатчылык. Мен Гүлмиранын Инстаграм баракчасына жазылуумун. Бир ыры аябай жагып калып, алгач ошол ырды сурап жазгам. Гүлмира дароо эле жооп жазды. Ошентип сүйлөшүп кеттик. Анда тамашалап “мени менен дуэт ырдайсыңбы?” деп сурап койгом. Ал “жакшы ыр болсо, албетте, болот” деп жооп берген. Ал сүйлөшүү ошол бойдон калган. Бир күнү ыр жаздырайын деп Рамис Алиев деген композитор байкебизге барсам, ал Гүлмиранын ырдаганын көрүп отуруптур. Ал “Баяш, карачы, Казакстандан сага окшогон бир кыз таап алдым. Чачы да сеникиндей экен. Сонун ырдайт экен. Дуэт ырдабайсыңбы?” деп калды. “Айткандан уялып жатам” десем, “эмнеге уяласың, сунуштап көр, болсо болот, болбосо жок” деди. Ошол жерден эле жаздым. Гүлмира “жакшы ыр болсо баш тартпайм” деп жооп берди. Анан ыр жазыла баштады. Сөзүн Эрнис Түмөнбаев, обонун Рамис Алиев жазды. Ыр “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталат. Ошентип клип тартыш үчүн Гүлмира Кыргызстанга келди.

– Гүлмира, сиз бардык билдирүүлөргө жооп берет экенсиз да?

Гүлмира Избасканова: – Бошогондо билдирүүлөрдү карап, тазалап турам. Анан ырчыларды такыр бөлүп-жарбайм, жакшы ыр болсо, сунуш түшсө, ырдай берем. Сунуш түштү, эмнеге ырдаса болбосун? Казак менен кыргыз бир тууган го, бири-бирибизди колдошубуз керек.

– Эки элдин ынтымагы тууралуу ырдап калышыңыздарга бир нерсе себеп болдубу?

Б.: – Менин апам казак кызы. Кичине болсо да казактын каны бар. Ошол себептүү болсо керек, достук мамиле кургум келди, жүрөгүм ошого тартты.

– Жакшы. Гүлмира айым, Кыргызстанга алгачкы ирет келип жатыптырсыз. Жактыбы?

Г.: – Майдай жакты. Элдин меймандостугу жакты. Мага чапан жабышты. Ушинтип маектерге чакырып, ооз ачарга чакырып жатышат. Дагы эмне керек? Бишкек Алматыга окшош экен. Мен Кыргызстанга эмнегедир айылчылап эмес, жумуш менен келгим келчү. Ошол кыялым ишке ашты.

– Кайсы кыргыз ырчыларын тааныйсыз?

Г.: – Гүлжигит Калыков, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Мирбек Атабеков өңдүү көп ырчыларды тааныйм. Эрлан Андашевди да тааныйм. “Сүйөмүн десем уялысың го” деген жаңы ыры чыгыптыр, жакты.

– Кыргыз ырчылардан ким менен ырдагыңыз келет?

Г.: – Баары менен ырдагым келет. Кимден сунуш түшсө ырдай берем.

– Кыргыз ырларын ырдап каласыз. Мисалы, “Жылкычынын ырын” кантип ырдап калдыңыз?

Г.: – Ал ырды интернеттен угуп, аябай жактырып калып ырдагам. Бек Борбиевдин “Жаным” ырын ырдадым, эл жакшы кабыл алды. “Жамгыр төктүнү” да ырдадым. Ал ырды апам билет экен. Учурунда ал да ырдаптыр. Сонун ыр. Сонун ырларыңар көп экен. Мага бирөөнү берсеңиздер жакшы болмок. Авторлордун кулагына күмүш сырга кыла кетейинчи (күлүп).

– Кыргызча ырларды түшүнүп ырдайсызбы?

Г.: – Түшүнбөй кантип ырдамак элем? Түшүнүп, элге жеткире ырдаш керек да. Кыргызчаны түшүнөм, билбей калганымды апамдан сурайм. Менин атам да, апам да ырчы. Алар жаш кезинде жандуу үн менен гана ырдашчу. Кыргызча, өзбекче, тажикче ырдашчу экен. Бул тилдерди апам жакшы билет.

– Бийлегениңиз да өзгөчө...

Г.: – Терезени ачып койгулачы, секирип кетейин (күлүп). Рахмат.

– Атайын үйрөнөсүзбү?

Г.: – Жок. Музыканын ыргагына жараша бийлеп кетем. Бийлеп видеого тартылыш керек болсо, кесипкөй бийчи курбуларыма кайрылам. Бир көрсөтүшкөндө эле жаттап алам.

– Азыркы имиджиңиз качан жаралды?

Г.: – Кичине кезимде чачым узун болчу. 7-класста апам “чачыңды кырктырып сал” деди. Анда мен терме айтчумун да. “Кыска чач менен кантип терме айтам? Эл түшүнбөй калабайбы” деп болбой койдум. Апам “сен ырчысың, элди тартышың керек, кырктыр” деп болбойт. Кырктырган жокмун, корктум. Кийин бүт денеме жара чыгып кетти. Ошондо чачымды кырып салдык. Кепка кийип жүрдүм. Ошондон кийин эл арасында “кызбы же эркекпи?” деген суроо жаралып, хайп боло баштады. Бул стиль ошентип жаралып калган. Мага көйнөк кийген көп жакпайт. Азыр кыздар кийип жүргөндөй эмес, башкача, Европа стилиндеги көйнөктөрдү гана кие алам.

– Сизди туурап чачын кыркып салгандар да болсо керек?

Г.: – 2-3 кыз “чачыбызды сиздикиндей кылып кыркып салдык” деп жазышты, арасында кыргызстандык бир кыз бар. Аларды көрүп, дароо эле “апаң урушуп жаткан жокпу?” деп сурадым. Өздөрүнө жакса болду, эмне дейм?

– Баян, сиздин стиль кантип жаралган?

Б.: – Ырчылардын баарынын чачы узун же каре го. Чачымды өзгөрткүм келди. Белгилүү стилист Замира Молдошева чачымды ар кандай кыркып көрдү. Ушул чач мага жакшы жарашты, өзүмө да жакты. Былтыр орус ырчысы Наргиз Закированы туурап чачымды кырып да салгам. Эл укмуш кылды. Кабыл алышпайт экен. Негатив комментарийлер мага катуу тиет, өткөрүп коё албайм. Ар бирин жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бирок мындай болбош керек. Гүлмира комментарийлерге такыр терикпейт экен. Кеткенче мага ошону үйрөтүп кетчи.

Г.: – Үйрөтөм. Бардык адамга жагуу мүмкүн эмес. Адам максатына жетиш үчүн баарына даяр болуп, эч кимди укпашы керек.

– Гүлмира, сиз көбүнчө апаңыз менен чогуу видео тартасыз. Апаңызды көндүрүү оор болдубу?

Г.: – Апам “эл эмне дейт?” деп бир аз тартынды. Видео жүктөсөк, эртеси күнү эле “Хабар” телеканалы эки эфирге чакырды. “Көрдүңүзбү? Эми мени угуңуз” дедим. Апам “дайыма эле жаныңда жүрө бербейм. Кээде тартылып турам. Менин максатым – сени чыгаруу. Баштап бердим, эми өзүң улант” дейт. Мен кичине кезимде футболго жакын болчумун. Мектептен келерим менен сумкамды ыргытып, тамак ичсем ичтим, ичпесем ошол бойдон футболго кетип калчумун. Анан апам “кой, сен кызсың” деп вокалга алып барып койгон. Ошондон ушул күнгө чейин мени колдоп жүрөт. Мени чыгарам деп жатып өзү да чыгып кетти го (күлүп). Атам да мени колдойт.

– Кыргыз жигиттери жактыбы?

Г.: – Жигиттер менен сүйлөшүп жетише элекмин. Кайда барсам эле кыздар. Жигиттер кайда (күлүп)?
– Сизге да күйөөгө тий дешеби?

Г.: – Ооба, айта беришет. Ошентип айткандарга таң калам. Ар кимдин бешенесине жазылган түгөйү болот. Бири-бирин тапканда баш кошушат. Азыр “мени алгыла” деп чекеме жазып алышым керекпи? Эл кызык.

– Кандай жигиттер жагат?

Г.: – Бою узун, “качок”, чыгармачылыгыма каршы чыкпаган жигиттер жагат. 3-4 жыл мурун бир жигит менен сүйлөшүп, чыгармачылыгыма каршы болгону үчүн турмушка чыкпай калгам. Андан бери жүрөгүмдү багындырган эч ким жок. Көбүнчө жаш балдар жазышат. Мени жаш деп ойлошот окшойт.

– Жашыңыз канчада?

Г.: – Аны айткым келбейт.

– Маегиңерге рахмат. Ырыңыздар хит болсун! Бул маекте көбүнчө Гүлмира менен тааныштык окшойт. Баян менен маегибизди кийин улантабыз.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Сыртымдан мындай көрүнгөнүм менен ичимде назик кызмын" дейт казак ырчысы Гульмира Избасханова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elmira.
2021-05-05 12:14:05
Чынын айтсам экоо тен жакпады,же аял же эркеке окшобойт.
-1
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан