КОШУЛУШУП ЭКИ ЖАШ, ЖУП БОЛУШТУ ЖАР-ЖАР...

Жылдыздар турмушунан

2009-жылдын март айында Урмат менен Нелянын тоюнда Акбар Сүйүнбаев “эх, мен да ушулардай болуп, жүзүмдөн бакыттын нуру себелеген улуу күндү качан өткөрөм?” деп тамшанып калган эле. Анда Акбар күйөө жолдоштун милдетин аткарган. Жакшылыктын эрте-кечи жок демекчи, ырчынын ошондогу эңсегени бүгүн аткарылып отурат. Акбар ди-джей Кундуз Казыбек кызы менен баш кошту.

БИШКЕКТЕН БАШТАЛЫП, КОЧКОРГО УЗАГАН ТОЙ
21-октябрь күнү таң эрте Акбардын телефону чырылдады...
Канат Бегалиев:“Салам, сага бир нерсе айтайын дедим эле”.
Акбар:“Тоюңа келе албайм дебечи”.
Канат: – “Жок. Билесиңби, бүгүнкү жааган карга маанайыңды түшүрүп, кайгырба. Кардын ар бүртүгүн периштелердин ак тилеги деп түшүн”.
Акбардын маанайы түшүп турганда мындай коңгуроо кадыресе көңүлүн көтөрдү.
Той Бишкекте эмес, Акбардын кичи мекени Кочкордо болду. Агам деп жакшы сүйлөшкөн саясатчы Нурлан Мотуев, ырчы Съездбек Искеналиев Бишкектен эки жашка каалоо-тилектерин айтып узатышты. Акбардын мен-мен деген популярдуу ырчы достору жана келинчегинин курбулары болуп Кочкорду көздөй жол тартышты.
Күйөө жолдоштун милдети ырчы Арсенге, ал эми колуктунун курбусунун ролу шакылдаган ди-джей кыз Гүлназ Бакир кызына жүк­төлүптүр. Ал да маал-маал Кундуздун көйнө­гүн түзөп, кулагына шыбырап, курбусунун жанынан карыш жылбады.
Тойдун аягында салтка айлангандай үйлөнүү тоюнун торту аукционго коюлду. Ошентип, торт Акбардын өкүл атасы Таалай менен шоу-бизнес өкүлдөрүнүн талашында калды. Баштапкы баасы 500 сомдон старт алып, акырында тортту өкүл ата 20 000 сомго сатып алды.
Бул той Кочкор элинин тарыхында кала турган той болду. Кечки 19:00до башталган той түнкү саат үчтөрдө аяктады.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Elmira
2010-11-01 19:48:12
Мирбек Иманбеков келинчеги эн татынакай экен.Эмнеге жашырган тушунбойм!
0
munara
2010-11-02 12:08:59
Мирбектин жубайы татынакай экен
0
Nazulya
2010-11-02 12:45:48
Нелянын маскасы аябай билинип калыптыр ужас! Козунду чонойтсон жакшы болмок!!!
0
malikadina
2010-11-02 13:35:05
Бактылуу болсун, бирок аппак костюму аябай жарашбавтыр. И келиндин башында эмне гана жок. Морская звездадан бери бар экен.
Эми эмне деин. Элдерде вкус жок.
0
happykyz
2010-11-02 18:22:00
baarynyn jubaiy ayabai tatynakai eken. baktyluu bolgula!!! i basa Baktyguldu maktaanchak deit elek birok Baktygul bar nersesin maktanat eken, kee birlerge okwoboi, ozunor bilesiner da kim ekenin.
0
Papinadochka
2010-11-02 19:40:47
М.Атабеков тойлоп алган окшойт.
0
malikadina
2010-11-03 11:46:24
Мен Султандын аялын тааныйм. Аябай мактанаберет Султан менен. Мой ..мой...мой деп. Куудай корот Султан канча популярный болсо да, это к тому, что наше население мало разбираются в музыке. мен мисалы кыргыздардан, фольклерный аткаруучуларды кана жакшы кором. Султан отстой!!!
0
malikadina
2010-11-03 12:10:38
кыргыздын талаттуу балдары,кыздары ийгилик силерге,коз тийбесин!!!
0
Gulshan
2010-11-03 17:44:25
А Атабеков то зажигает...........
А молодым хочется пожелать семейного счастья!!!!!!!!!!!!!!
0
giuli
2010-11-03 20:30:04
Бактылуу болгула ЖАЩТАР!!!
0
Бекболот Абдимомунович
2010-11-03 21:10:57
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч убакта узулбосун.
0
Nelya
2010-11-05 16:08:31
Uwul toy chin ele Kochkordo boldubu ya?Eger owondoy bolso anda Kirgiz estradasinin jildizdari but Kochkorgo bargan turbaybi e?Vay Kochkordo dele uwunday toy bolgonuna siymiktanip kettim da =)
0
Nelya
2010-11-05 16:09:32
Arsen krasavchik =)
0
jif
2010-11-11 12:57:26
Sultan Uilonup aldy bele?
0
atam
2012-07-21 11:49:41
Кеп алардын сулулугунда эмес, эн негизгиси бири бири тушунгондугундо, сыйлашкандыгында. Ошондуктан ортонордон сый журогунордон суйууу кетпесин.
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан