Назира Айтбекова, актриса: «КОЮНУМДА ЭРКЕК ЖАТСА ЭЛЕ СҮЙҮҮ УШУЛ ТУРА ДЕБЕЙМ»

Маектешим ачык айрым, шайдоот, шайыр. “Өзүмдү сүйүү менен алекмин” дейт Назира Айтбекова. Ал эмне болгон сүйүү? Кумар, күйөө-аял, коомдо айтылбаган, бирок анда бар маселелер тууралуу кеп козгодук.

– Назира, төшөк жаатындагы темаларды “талкалап” жатасың? Эмнеден башталды?

– Мурун Чубак ажынын берүүлөрүнө келген суроолордун көпчүлүгү ушул жаатта болгонун байкачумун. Төшөк жааты, жеке мамиле, психология тууралуу суроолор көп келчү. Суроолорго адистин жообу жетишпей жатканы мени өкүндүрчү. Адистерден жооп алып берүү ошондо эле оюмда бар эле. Көптөн бери кыялданып жүргөн оюмду 3-4 жылда ишке ашырдым. Өзгөчө Союз маалында тарбияланган муун үчүн төшөк маселеси жабык бойдон калган. Бул жашообуздагы эң маанилүү нерсе. Ачык айтылбаган үчүн төшөк жаатында сабатсыздар көп болуп, жыйынтыгында жугуштуу оорулар, аборт, зордуктоо, ажырашуу көп болуп жатпайбы.

– Эркектер эмнегедир көбүрөөк бул темага чычалагандай сезилди?

– Комплекси бар адамдар көп. Алардын эч кимге көрсөтпөй жаап-жашырып келген маселесин биз ачык айтып жатканыбызга чычалап, мени “боктогондон” ырахат алып жатышат. Бирок убакыттын өтүшү менен андайлар да маселесин ачык айтканга көнүшөт.

– Сенин жашооңдо бул тема ачык беле?

– Үйдүн эрке кызы болгонум үчүн эркин чоңойдум. Тартынбай өскөнүмө бул тема жабык деле эмес болчу. Апам, таежелерим менен тамашалашып сүйлөшүп калабыз. Албетте, чеги менен. Күйөөсү менен аялы отуруп алып “мага ушул нерсе жакпайт, кел муну мындай кылабыз” деп төшөк маселесин талкуулашпаганы таң калтырат. Төшөктө бир нерсе жакпаса ачык айткандын ордуна аялдар бултуңдап-тултуңдай беришет. Эркек сага эмне жагып жатканын кайдан билсин? Мурунку жолдошум билимдүү болгону үчүн төшөк маселесин талкуулап, китептерди окуп, чогуу адистерге барчубуз. Ачык айта алганым үчүн бул жаатта көйгөй болгон жок. Эрди-катындын үй-бүлөсүндө көйгөй болуп жатса ачык айтылыш керек деп ойлойм.

– Кылтылдап, жылтылдап, эркектерди кызыктырган кумарлуу аялдар, анан муз тийсе сынып кетчүдөй муздак аялдар болот эмеспи. Кайсы түрүнө киресиң?

– Ха-ха (каткырып). Кылтылдап, жылтылдаганына кирбейм. Ар бирибизде аялдын жана эркектин гормону болот эмеспи. Менде эркектики көбүрөөк. Өзүмдү “пацанка” сезем, жөн турбай мушташып, тийишип эркектер менен күч сынашып кетем. Сен айткан жылтылдаган аялдарга ушунчалык суктанам, эй. Үйрөнгүм келет. Аялдыгымды эми араң кабыл алып, сулууланып, назик болгум келип жүрөт. Эмнеге мен мындай болуп калдым? Мунун баары балалыктан келип чыгат. Анткени апам курсагында жатканда ата-энем мени эркек болот деп күтүшүптүр(күлүп). Эркектей чоңойтушкан, кийин кыз экенимди билгенде жаман болуп ыйлагам. Акча таап, эч кимден көз каранды болбой, эркин болгонум да эркектик энергиям көбүрөөк болгондон болсо керек. Аялдык энергия көп болгондо кылыктанып, назданып, назик болуп жардамга муктаж болмокмун. Психологдорго барып аялдык касиетимди ойготоюн деген ойлор бар. Жаңы, жаңырган Назира болгум келип өзүмдү жууруп жатам, азыр табына келе элек.

– Кумарлуусуңбу?

– Төшөктө деп жатасыңбы? Муздакмын, жыгачмын деп айта албайм, бирок тим эле укмуш гейшамын дегенден да алысмын. “Өзүңө тартасың” деп көп айтышат. Нормадан бир аз жогору темпераменттемин го. Кечээ бир эркек досум менен отуруп “мен аял жыттанып турамбы?” деп сурасам, “ооба, сонун эле аял болуп турасың” деди. Демек, ички дүйнөмдө эле өзүмдү “пацанка” сезет окшойм, эл мени назик аял катары кабыл алат окшойт.

– Эркектердин денесинин кайсы бөлүгүн сексуалдуу деп ойлойсуң?

– Эркектердин эң сексуалдуу бөлүгү – мээси. Аял кааласа да, каалабаса да автоматтык түрдө лидер эркекти издейт. Анткени тукуму коопсуз чоңоюшу керек. Табиятыбыз ушундай. Мээси иштеген эркек тукумун багат. Эмнегедир муну дароо байкайм, менден энергиясы төмөн болсо “бири-бирибизге убакыт коротпойлу, сен мага жаккан жоксуң” деп түз эле айтам. Биринчи турмушумда карапайым жигитке турмушка чыгып, нөлдөн баштап экөөлөп курабыз деп ойлогом. Ал жолду 10 жыл басып койгондон кийин кайрадан нөлдөн баштагым келген жок. Азыр лидер, мээси күчтүү, акча тапкан эркек керек. Дагы 10 жыл бирөөнү тамтаңдап ээрчип жүргөндө ал дагы кетип калса эмне болот (күлүп)? Мен тытынбай, мен үчүн тытынган эркек керек. Мышык болуп “бөтөлкөнүн бурамасын ача албай жатам, ачып берчи” деп эркелеп турсам...

– Ошондо сен жетеледим деп жатасыңбы биринчи жолдошуңду?

– Жок, ал былжыраган бирөө эмес болчу, азыр мага андан күчтүү бирөө керек. Күчтүү дегенде өзөгү күчтүү, “камыры” жакшы адамдар болот. Сыртыбыздан баарыбыз жылтылдап жакшы көрүнө беребиз, кээ бирөөнүкү ичи ирип калган. Көз менен эмес, көкүрөк менен көргөн адам, коргой ала турган адамдарды баалап калдым. Ал үчүн өзүмдү изилдеп, окуп, акылымды өстүрүп бийиктесем тагдыр менин жолума ошондой адамдарды чыгарат экен. Жолукканга шашпайм, “бол эле бол, жашың өтүп кетет, төрөбөй каласың” деп аялдарды шаштыра беришет. Мен шашып-бушуп төрөй калайын деген ниетим жок. Эгерде төрөй албай калсам, багып деле алам. Төрөп эле эне болбойт экенсиң. Төрөбөй деле коргоп, сүйүп, жан дүйнөң менен балкып эне боло аласың. Азыр технология өнүктү, эне болуу доору дагы узарды. Кыскасы, шашпайм.

– “Жаздыкты кучактап жалгыз жатам” деп эле арман кыла берчү элең...

– Азыр мага жалгыздык – ыңгайлуулук. 10 жыл күйөөм менен чогуу жатып жүрүп, жалгыз жатып калганда көнбөй кыйналгам. Бактылуу болуш үчүн жалгызсыңбы же экөөсүңбү, айырмасы жок экен.

– Өзүң айткан көкүрөгүңө төп келген адам жолукту дейли, бирок башы бош эмес, экинчи аялы болот белең?

“Экинчи аялым бол”, “төрөп бер, сенден тукум алгым келет” дегендер көп. Эл көзүндөгү аял эмес, мындай деле жалгыз бой аялга көп айтылат болуш керек. Экинчи болгонумду элестете албайм. Сүйүп калганда сөзсүз эле аны үй-бүлөсүнөн ажыратып алып сүйүштүн кереги жок. Алыстан деле сүйсө болот. Эзилип, караанына жалынып, бир сүйлөм жазса деле бактылуу болуп сүйсөм болот. “Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева баш кошуп алышса болмок” деп ойлочумун. Азыр эгер алар баш кошушса сүйүү ошончолук таза сакталат беле деген ой келет. Сүйүү тиричилик бар жерде майда-барат нерсеге аралашып жок болуп кетиши мүмкүн. Эркек коюнумда жатса эле сүйүү ошол экен деген эреже жок мен үчүн.

– Уулуң Ариет инилүү болду, кандай кабыл алды?

– Ариет аябай сүйүндү. Атасы төрөлгөндө дароо сүйүнчүлөп, тааныштырды. Сейилдеп, чогуу убакыт өткөрүп жыргап келип жатат. Колясканы сүйрөп алып балам бактылуу, “байке болбодумбу” деп жетине албай жыргап жүрөт. Аны көрүп мен бактылуу.

– Бактылуу болуп жашайлы, маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Ушул меники болсо деп суктана турган эркекти жолуктура элекмин” дейт Назира Айтбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Luna15
2021-05-24 11:14:45
Оа туура сырттан суйуп,бакыт тилееп отура берели,башка уй булоону бузуп озубуз бактылуу болбойбузго,бирок ал да сени суйуп караганын коргондо ичин эзилет экен(:
-3
Mister-XXX
2021-05-25 05:12:47
Башка аялдар төшөк сырларын билбейт деп ойлойт окшойт.Наоборот,өзү унутуп калгандыр.Анан"көпчүлүгү айтат" дегендери ким?Өзүңду ачык эле ким экениңди айтып койгонсун го...
+1
Nuuman
2021-05-25 13:13:53
Аягына чейин окубадым. Өзүнө тең жарыны таап бактылуу болсун. Антпесе өзгөчө темага кирип бараткандайбыз.
+3
Guli-85
2021-05-26 07:45:20
Баласынын кандай иниси бар, балам инилүү болду деп жазыптыр го
0
kanybek1986
2021-05-28 09:20:48
Баняда эле интервию албапсынар супер ваннада жатышты кара
+1
janym_balam
2021-06-06 15:17:07
Сойку сүйүү жок деп жата бер. Кытмырлап, шынкылдап тарткандарга эле киресиң...
+2
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан