Кудайберди Айтбосунов, ырчы: «МЕН АНЫ САБАЙМ, ЖИГИТ СӨЗҮНӨ ТУРУШУ КЕРЕК»

Ырчы Кудайберди Айтбосунов чоң беттешке камданып жаткан чагы. Ал 29-майда Бир бала деген ат менен таанылган тиктокер Бакыт Макеев менен рингде беттешет. Ырчы менен ошол беттеш, Бир бала менен болгон конфликт, жаңы төрөлгөн уулу жана чыгармачылыгы тууралуу кеп козгодук.

– Кудайберди, кандайсыз? Тиктокер Бир бала менен рингде күч сынашканы турасыз. Даярдыктар кандай?

– Жакшы, рахмат. Орозо башталгандан бери залга күндө барып машыгып жатам. Буга чейин деле залга барып турчумун. Өткөндө агайдан “залга келип жүргөнүмө канча болду?” деп сурасам, “бир жыл. Бирок бир жылдын ичинде жарым жылдай эле келдиң” деп жатпайбы. Мен келип кичине машыгып, анан Инстаграмга видео, сүрөт тартып коюп кетип калчумун да. Анан бир жума жоголуп кетчүмүн. Мен келгенде агай “инстаграмщик, келдиңби?” дечү (күлүп). Азыр видео тартканга шай келбей калат. Бир чети мага жакшы мотивация болду. 9 килограммга арыктадым.

– Популярдуусуз, ырларыңызды эл билет, жакшы көргөн күйөрмандарыңыз бар. Сизге ушундай хайп керек беле?

– Бул хайп эмес. Биздин беттешти хайп деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок чындык экени көрүнүп эле калбадыбы. Бир блогер бала бизди элдештирейин деп чакырган. Видеону көргөндөр түшүнөт. Ал жактан конфликт күчөп кетти. Бакыт өзү “хайпожорик” экен. Бул окуя ал үчүн чоң плюс болду. Мага хайп керек эмес. Көңүл бурбай койсом болмок. Бирок “сени сабайм” деп айтып алгам. Артка жол жок болчу. Ал мени акырындан ушул абалга алып келиптир. Мага жакын байкелер “сага эмне кереги бар, токтотпойсуңбу?” дешти. “Байке, менин дарегиме жаман сөздөр айтылып, ашатып сөгүп жатса, кантип унчукпай турам? Сиз деле урмаксыз. Менде да намыс бар” дедим. Ырчы болсом эле эч нерсе кыла албайт деп ойлошот. Биз баарын кыла алабыз. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Кудай буюрса, жеңем деп турам. Ал менден катуу таяк жейт. Сиз мага ишенбей жатасыз го. Силер да ишенип койгула.

– Ал бала менен ортоңордо эмне келишпестик болду?

– Мен ага жарнама таап бергем. Ал сөзүнө турбай, байкелердин жарнамасын тартпай, бир канча убакыттан кийин акчасын кайра берип койгон. Көрсө, башка жактан кымбатыраак жарнамага буюртма алган экен. Ошол себептүү ортобузда келишпестиктер чыкты. Минтип уланып, рингге чейин жетти. Эркек болгондон кийин айткан сөзүнө турушу керек да. Ошентип урушуп кеткенбиз.

Мени колдогондор көп. Ошол мага дем берип жатат. Комментарийлерди окуп жыргайм. Көчөдө баратсам да “давай, сен утасың” деп колдоп жатышат. Ансайын машыккың келет экен. Кээде “ырчымынбы же мушкерминби?” деп ойлоп кетем. Ишеничти актайбыз. Биринчи жолу сахнага чыкканда толкунданып, калчылдадым эле. Эми биринчи жолу рингге чыкканда кандай болот экен?

– Сизге ийгилик каалайлы. Теманы буруп, уулуңуз тууралуу сүйлөшөлүчү. Ата болгонуңузду сезип жатасызбы?

– Дос балдарым “башында ата болгонуң билинбейт. 4-5 айдан кийин балаң бир аз күлүп, аз-аздан кылыктары чыгып калганда сезиле баштайт” дешет. Меники да азыр көп билинбей эле. Балама 3 ай болду. Бирок менин колумдан бала жакшы уктайт экен. Келинчегим “уктатчы” деп алып келип берет. Көтөрсөм эле уктап калат.

– Балалуу болгондо адам өзгөрөт дешет...

– Айымдарга оор болот экен. Баланы курсакта көтөрүү, төрөө, андан кийин бала түнү менен ыйлап апасын уктатпайт, иши кылып кыйын экен. Ошондуктан аялдарга болгон көз карашым өзгөрдү, мурдагыдан көбүрөөк сыйлап калдым. Бала уктаганда кичине жумуш кылайын деп тыпырайт. Анда деле жетишпейт. Калганы ошондой эле. Өзгөргөн жокмун. Төрөгөндө да Айчүрөк мени жумуштан алаксытпайын деп өзү эле такси менен төрөт үйүнө барып төрөп койду.

– Жакшы. Үй-бүлөңүздүн сүрөттөрүн социалдык тармактарга такыр чыгарбайсыз...

– Үй-бүлөмдү ашыкча сөздөн, көздөн алыс кармап, аларды коргогум келет. Жеке жашоомду эч кимге көрсөткүм келбейт.

– Чыгармачылыгыңыз тууралуу сурайынчы, Толгонай Арзыкеева менен жакшы иштешип жатасыздар. Акыркы дуэтиңиздер “Биз бакытты издедик” ырын эл жакшы кабыл алды...

– Ооба, жакшы комментарийлерди жазып жатышат. Ушул ырдын клибин тартуу түйшүктүү болду. Кыштын күнү 4 унаа болуп Караколго бардык. Орто жолдон бир унаабыз бузулуп калды. 4 күн суукта кар кечип жүрүп тартканбыз. Бир унаа жайкы дөңгөлөк менен экен, ал тайгаланат. Клипмейкер Эрнист Сыдыков жайкы спорттук бут кийим кийип алыптыр, кар кечип жүрүп буту былчылдап суу болду. Мен болсо тартып бүтөрдө ооруп калдым. Толгонайдын туулган күнүн жолдон тостук. Ал “Куба байке, курбу кыздарым менен тосмокмун да” дейт. Ушинтип тартып келсек хард диск күйүп кетип, клип өчүп калбадыбы. Баягы команда топтолуп, кайрадан Караколго бардык.

– Эрнист Сыдыков бут кийимин алмаштырыптырбы?

– Жоок (каткырып). Ошол эле бут кийимин кийип алыптыр. Баягы эле жайкы дөңгөлөк менен кеттик. Ошентип кайрадан клипти тартып келип, элге тартууладык. Бирок жемишин берип жатат.

– Жубайыңыз сизди Толгонайдан кызганбайбы?

– Жок. Эмнеге кызганмак эле? Толгонай карындашым да. Аны бир тууган карындашымдай көрөм. Жубайым экөө жакшы сүйлөшүшөт. Бирок башкалар “экөөңөр аябай жакшы жуп болмоксуңар”, “экөөңөр үйлөнсөңөр болмок” деп айта беришет.

– Социалдык тармактардан тийишип жазган кыздар көп болсо керек?

– Ооба. “Мен сизди сүйөм” деп да жазышат. Аларга жооп бербейм. Кээ бирлери “сүйөм” деп жазып, артынан “жооп берип койбойсузбу” деп жаза беришет. Дагы жооп бербей койсоң сөгүп баштайт. Эми муну аялым окуса кийимдерим дарбазанын сыртына чыгып калат го (күлүп).

– Түшүнсө керек. Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?

– Ар бир адам өзүн сулуу деп эсептейт. Өтө сулуумун же сулуу эмесмин дебейм. Орточо эле. Бир жолу интернеттен пластикалык операциянын рекламасы улам чыга берди. Үйдө отуруп “сурма жасатайын деп жатам. Сурмам жок, жасатсам сонун болуп калам” деп тамашаласам, атам “токтот андайды” деп жини келип, баары каршы чыгып урушту.

– Негизи жасаткыңыз келеби?

– Жок. Андай ой келген эмес. Мүмкүн болсо мээме мээ коштурмакмын.

– “Таптым” деген ырыңыздын обону плагиатпы? Ошентип жазып жатышат... Чын эле “Eiffel 65” тобунун “Too much of heaven” ырынын обонуна окшош жери бар экен.

– Музыкасынын башталышындагы бир кичинекей бөлүгүн кесип алып, жаңы аранжировка жасаганбыз. Ошол бөлүгү жаккан. Аны ойнош кыйын. Обону, сөзү такыр башка. Бул өтө деле плагиат болбосо керек.

– Маегиңизге рахмат! Беттеште ийгилик каалайбыз!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
"Бакыт Макеев менен беттешем деп 9 килограмм арыктадым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nina.alex
2021-05-31 09:15:06
Дурак
+2
Belek1710
2021-05-31 12:10:22
Эмне болду бүгүн 31го кимиси жеңди?
+1
jaskaaa
2021-05-31 14:33:27
Belek1710,Кудайберди женген окшойт
0
Sara1993
2021-06-02 12:39:08
ООО Боже элдер эмне менен алек а бул эмне менен, Мекенибиз кыйналып жаткан мезгилде бул адам эмне кайсыл иш менен башын оорутуп жатат . Баткенге жонотуп койуш керек , Ошончолук мушташкысы келип жатса Таджиктер менен мушташсын. Мал дагы минтип ойлонбосо керек.
-1
Sara1993
2021-06-02 12:39:54
Фуууууууууууууууу что за УРОД
-1
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан