31-МАЙДАН 6-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

.


КОЙ (21.03-20.04)

Жай айы сизди жолугушуулар, жагымдуу күтүлбөстүктөр менен тосуп алат. Конок тосууга, белек алууга, комплимент угууга, сүйүктүү адамыңыз менен убакыт өткөрүүгө даярдана бериңиз. Бирок иште чыңалган абал жаралып, 2 адамдын ордуна иштөөгө аргасыз болосуз. Чөйрөдөгүлөр менен баарлашканда ушак чыкпашы үчүн ойлонуп сүйлөңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Өткөн күндөрдү эстеп үшкүрүнүп отургуча аракет кылыңыз, убакыт өтүп жатат. Абройго шек келтирген айрым адамдар менен мамилеге чекит коюңуз. Иште кимдир бирөөнүн ишин кошо ала кетүү буюрулат. Бул нерсе тажрыйба арттырып, кошумча каражат алып келет. Акча катчу жериңизди эч кимге көрсөтпөңүз, уурдоого аракет кылышат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Күтүлбөгөн сунуш түшүп, пландарыңызды алмаштырасыз. Сүйүктүүңүз сизден бир нерсени жашырып жатканын байкайсыз. Тиги-бу деп опузалоонун ордуна тынч отуруп сүйлөшүп, аны эмне түйшөлтүп жатканын сураңыз. Иште орчундуу тапшырмалар деле чыкпайт. Андыктан убакытты өзүңүзгө арнаңыз, майда иштерди бүтүрүңүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ийгиликтер тилкеси башталат. Кызматтан жогорулоо күтүлөт. Горизонтто ойлоруңузга тынчтык бербеген бирөө пайда болот, мамиленин кандай уланышы сизден көз каранды. Айрымдар турак жайын оңдоого же башка жакка көчүүгө киришет. Меймандос болуп чыга келип, дос, туугандарды бир дасторконго чогултасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Эски эшиктерди жаап, жаңыларын ача турган деңгээлге жеттиңиз. Сүйбөгөн иштен кетип, жаңысына орношууга, сиздин жардамды колдонууга көнгөн "мите" адамдардан алыстоого аракет кылыңыз. Мындай өзгөрүү пайда алып келет. Чоң максатыңыз ишке ашат. Көп каражат тапсам деп жулуна берүү чарчатат, андыктан эс алыңыз, сейилдеңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сизге таарынып жүргөн адамдар менен мамилени оңдоп кетесиз. Жан шеригиңиздин же сүйлөшкөн адамыңыздын кылган жоругу, аракети сизде шекшүүнү жаратып, андан түшүндүрүүнү талап кыласыз. Ички организмди тазалоону ойлоңуз, мисалы, ичегини, боорду. Ичин окуп чыкмайын документтерге кол койбоңуз, запкысын тартып каласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Иште чаташкан абал жаралат, сиздин бир нерселерди ачыкка чыгарып, далилдөөңүз керек болот. Ачууга алдырып иштен бошонууга арыз жазбаңыз. Табият коюнуна чыкканда тоо-таштан кулоодон, бир жерди тилдирип алуудан сактаныңыз. Балдарга керектүүлөрүн алып берүүгө акча коротосуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Ар тараптан сыноо күтөт. Мамилелер үчүн күрөшүүгө, иштеги чатакташууну жөнгө салууга туура келет. Туугандардын маселесинен да четтеп кете албайсыз. Сүйүктүүңүз кызганып, көзөмөлдөйт. Жумушта жетекчилик жаатында ушакташпаңыз, жеткирип барышат. Жакыныңыздын бири керектүү буюм алып берип сүйүнтөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жакшы мамилелер эргитип, жаңы максаттарга шыктандырат. Мурун ишке ашышы кыйын болгон иштерди колго алыңыз. Уурунун курмандыгы болбоо үчүн жумушта, унаада баалуу кагазды, акчаны калтырбаңыз. Кыйынчылыкта досторуңуз ишенимдүү тыл болуп беришет. Бир аз чыдап койсоңуз каржы тартыштыгынан кутуласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жагымдуу мүнөттөр көп болот. Туугандарга барып келүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө да жетишесиз. Турак жай курууга ыңгайлуу апта, планыңыз болсо киришиңиз. Муздак жебеңиз, ичпеңиз, тамак ооруга кабыласыз. Шашып жүрүп буюм сатып алуудан качыңыз, сапатсыз болуп чыгып, кайра өткөрө албай кыйналасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Мурун башталган иштерди бүтүрүп, жакшы пайда алып келчү ишке киришесиз. Досуңуз өткөн окуялар боюнча сизден бир нерселерди шекшип сураштырышы мүмкүн. Чындыгы кандай болсо ошондой айтыңыз. Баш кошуу сунушун алгандар өз жашоосун ага ишенип тапшыруудан мурда жакшылап ойлонуулары кажет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балдарды эс алууга айылга же шаарга жиберүүңүз мүмкүн. Иште жетекчилик сизден чечкиндүү кадамдарды, жаңы идеяларды күтөт. Ишенимди актасаңыз акчаңызга кошуп берет. Жеке жашоодо кызганчаактык, таарынчаактыкты жыйыштырбасаңыз уруш чыгат. Акча карыз алуу керек болсо шаштырбай тургандардан алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан