БАЙЫГЫҢ КЕЛСЕ, АЯЛЫҢДЫ ЫРААЗЫ КЫЛ!

Сүйүү менен акча бири-бирин толуктап турабы же бири-бирин жокко чыгарабы? Эркек акча бериши керекпи? Аял алганды билеби? Каржы эркиндиги аялга керекпи? Эркек менен аялдын акча жаатындагы талаш-тартышы эркектер үйгө мамонттун ордуна акча алып келип калган мезгилден баштап башталган. Негизинен эркектин башкы миссиясы – үй-бүлө багуу, аялдыкы – коломтодогу жылуулукту сактоо. Эркек берет, аял кабыл алат. Бул мыйзам ченемдүү жана табигый нерсе. Бирок бара-бара жөнөкөй нерсе татаалдашып кетти. Алар "сүйүү сатылбайт!" дешсе, эркектер "мен капчык же банкомат эмесмин!" деп таарына башташты. Бардыгы татаалдашып кеткендиктен эркектер кантип үй-бүлөнү камсыз кылуу жоопкерчилигин унутуп, аялдар акча кабыл алуу жөндөмүн жоготуп алышты. Аял менен эркектин ортосундагы акча энергиясы деген эмне? Психологдор айтып беришет.

ЭНЕРГИЯ АЛМАШЫП ТУРУШУ КЕРЕК

Эркек менен аял бири-бирин толуктап турганда гана гармониялуу мамиле түзө алышат. Ар бир мамиледе энергия алмашып турушу керек. Демaек, эркек менен аял кабыл алганды да, бергенди да билиши керек. Бул тең салмактуулук бузулганда өнөктөштөрдүн ролу алмашат же жалгыз калышат. Акча – аял менен эркекти байланыштырган энергия. Эгерде эркек аялына акча, камкордук, коопсуздук бере албаса, аял эркекке бейпилдик, ырахат тартуулай албаса, анда мамиле бузулуп, көйгөйлөр келип чыгат.

Эркек-аял бири-бирине жетиштүү энергия бере албай калганда боштукту таптакыр башка максатты көздөгөн энергия менен толтурууга аргасыз болушат. Эркек камсыздабай калганда аял өзүн жана баласын багуу үчүн талыкпай эмгектене баштайт. Буга аялдык энергиясы сарпталып, эркектик ой жүгүртүү жана мүнөз өөрчүй баштайт. Чындыгында, мындай аял ат чаптырып, күйүп жаткан отко да кире алат, бирок эркекти жан дили менен сүйө албаган аялга айланат.

Же тескерисинче, эгер эркек аялдан сүйүү, сексуалдык ырахат албаса, ал пассивдүү болуп, жумушу жүрбөй баштайт. Акча эркек үчүн – күч менен бийликтин гана касиети эмес, аялга бергиси келген жана бериши керек болгон энергия. Анын акча коротуу жөндөмүнүн артында муктаждыкты орундатуу сезими турат. Аял үчүн акча кабыл алуу табигый нерсе болушу керек.

АЯЛЫНА СЫЙ-УРМАТ КЫЛБАГАН ЭРКЕКТЕН ИЙГИЛИК КАЧАТ

Эмне үчүн? Аялдын чыгармачылык ой жүгүртүүсү эркектикинен күчтүү. Өзүнүн да, жолдошунун да тагдырына таасир берген жөндөмү да өтө бийик. Мамиледен ырахаттанган бактылуу аялдын күйөөсүнө ийгиликтин эшиги ачылып, жакшылык ээрчип алат. Анткени бактылуу, жашоосуна ыраазы болгон аял жан дүйнөсү менен күйөөсүнө бата берип жагымдуу окуяларды тарта баштайт. Эркекке аял аркылуу ийгилик, жакшылык, өнүп-өсүү же кыйратуучу күчтүн агымы келет.

Эгер аял үй-бүлөсүнө, күйөөсүнө нааразы болсо, жолдошуна ийгилик жаратуу оор болот. Эмне үчүн акылдуу эркектер сүйүктүү аялына белек, акча берүүдөн аянбайт? Эмнеге аялын бардык жагымсыз жумуштан оолак кармап, жагымдуу мамиле менен курчап турушат? Анткени алар канааттанган аял бүт үй-бүлө үчүн бакубатчылыктын, бакыттын булагы экенин жакшы билишет. Аял да өзү талап кыла бербестен, мырзасынын күчүнө жана акылына ишенген, сүйүү тартуулаган, сабырдуу, ишенимдүү муза болушу керек экенин унутпашы зарыл.

КАМКОРДУКТА ЖАШАГАН АЯЛ ЖОЛДОШУНА ИЙГИЛИК ЧАКЫРАТ

Ийгиликтүү эркекке аялдын колдоосу маанилүү. Жолдошун жан дилинен сүйгөн аял гана сүйүктүүсүнө ишеним берет. Бул үчүн жолдошу белектерди, жакшы сөздөрдү аябашы керек. Ийгиликке жеткен эркектердин бири “эркек аялына инвестиция кылышы зарыл. Сүйүктүү аялыңа канчалык акча сарптасаң ошончолук ийгиликтүү жана бай болосуң” деп бул тартипти сактоого чакырган.

Бул байыркы каада-салттарда да сакталган. Эмне үчүн? Анткени аял ыраазы болгон сайын жолдошу ошончолук ийгилик жарата алат. Акылдуу эркек аялынан белектерди жана жакшы сөздөрүн аябайт. Анткени аялы ыраазы болмоюн ийгиликке жетүү кыйын болорун жакшы билет. Камкордукта жашаган аял ошончолук гүлдөйт, энергиясы толуп, күйөөсү жөнүндө жакшы ойлору менен ага жагымдуу шарттарды, керектүү байланыштарды, ресурстарды, ийгиликтерди тарта алат.

ЭРКЕКТЕР АЯЛДАРГА ИЙГИЛИКТҮҮ КӨРҮНГҮСҮ КЕЛЕТ

Психикасы жайында болгон эркек өзүнүн жетишкендиктери менен сыймыктанып, сүйүктүүсү менен ийгилигин бөлүшүп, белектерди берип турат. Алсыз эркек гана аялдын муктаждыктарын (комплимент, гүл, белек, көйнөк, атыр, зергер буюмдар) өтө жогорку талаптар катары баалап, жемелейт. Мындай эркектин мурунку сүйүктүүлөрү белектерине ыраазычылык билдиришкен эмес. Же болбосо апасы же атасы тарабынан аялдар ага бекер болушу керек деп "программаланган”. Мындайча айтканда, татыктуу эркектен үлгү алган эмес. Татыктуу эркек сүйүктүү аялына белек берип күч-кубат алат. Болбосо тапкан акчасынын кереги эмне?

"Эгер аялдар болбосо, дүйнөдөгү акчалардын бардыгы эч кандай мааниге ээ болмок эмес" деп грек бизнесмени Аристотель Онассис бекер айтпаган чыгар. Эркектин өзүнө аз эле нерсе керек. Болгону ийгилигин кимдир бирөө баалап турганы маанилүү. Бул "бирөө" көбүнчө аял. Анткени ар бир эркек аялдардын көзүнө ийгиликтүү көрүнгүсү келет. Ийгилиги башкаларга көрүнүп баштаганда сыймыктанбай коё албайт.

Эгер эркек сизди сүйөрүн айтып, бирок жумушунун жемиши менен бөлүшпөсө ал сиздин мырзаңыз эмес. Анткени сүйгөн эркек өзүнүн аялын кубантып турууну каалайт. Ошондуктан эркектин сүйүү жөнүндө айткан сөздөрүнө ишенбей, анын сизге карата кылган иш-аракеттерине карап жыйынтык чыгарыңыз.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Flower2017
2021-06-07 22:33:29
Сонун го
+1
Extremalka
2021-06-07 23:49:46
Менин жолдошум сага акча эле керек дей берчу, акча бермек Турсун уйго азык тулук да апкелчу эмес. 7 жыл чогуу жашап, 3 балалуу болдук, Бир Белек же кийим сатып бербедин деп айтсам, белеке татыктуу эмессин дейт го. Кудайга шугур, 3 балам бар, жанында сотубуз болуп ажырашабыз. Кудайдын мунусуна да шугур.
0
Kari
2021-06-08 08:16:31
Аял кантип алганды,кантип эркегини бурганды билиши шарт.Соз бар го,эркек баш,аял аны бурган моюн деген.Башкарат,табат,а аял ошону уйу,балдары учун буруп,керегине иштете алуу керек экен.Табияттан эркек уйду багуучу зат.Аял уйдун куту,чырагы.Ошону очурбой кармап туруу аялдын аялдык сапаты.Эгер эркегиндин акчасын ала албасан анда кочодогу аялга созсуз берет,озго аялдан ошону издейт.Биринди бирин аяп жаша,бирок акчаны талап кыла бил аял
+4
Alia82
2021-06-08 12:30:42
Турмушта деле байкап корсонор, аялын сыйлаган уй було ийгиликтуу жана бактылуу, а аялын кордогон уй булодо баары бактысыз, байкуш балдары дагы
+4
Batken-i-love-you
2021-06-08 12:48:43
Эң туура.Баары турмушта көрүнүп,байкалып эле турат.
+3
Gulnur14
2021-06-08 19:31:44
Жакшы кенеш экен
+3
Baatirbek81
2021-06-10 14:26:15
Мага дагы жакты бул кеңешиңер!
Негизи мен муну көптөн бери байкап жүрөм,бир чооң иш баштаарда аялым экөөбүз каттуу тердейбиз анан эртеси ишибиз оңунан чыгып сүйүндүрөт!
+2
suban78
2021-06-13 02:21:20
Ээ жалган. Бул нерсени аял жазган. Эркектерди алдайлы деп жатышат ишенбегиле. Акчаны эркек кармашы керек.
+3
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан