КАРА КӨЗ(кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ал айылдагы үйүндө жүрүптүр. Дубалы топурак менен тургузулуп, үстү камыш менен жабылган, ашкана катары колдонулуучу короодогу жалпак тамда кимдир бирөөлөрдүн күбүр-шыбыры угулат. Кыязы, атасы менен апасы... Ал ошол жалпак тамга кирип барды. Атасы жапжаш, апасы тирүү экен.

– Кел,- деди апасы, – чай ич!

– Апа?!- дендароо болуп туруп калды.

– Чай ичесиңби? Отурагой...

Тилек ыйлап жиберди. Апасын бекем кучактап калды. Апасынын тааныш жыты көкүрөгүн аралап өтүп, сагынычка жуурулушуп, көздөрүнө жаш болуп чыгып жатты.

– Апа... Апа...- өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлай берди. Анан капыстан ал өзүнүн колдорун көрдү. Жылаңайлак буттарын көрдү... Колу-буту бала кездегидей... Таң калып бүтө электе эле кимдир бирөө суу чачып жиберди. Ойгонуп кетти... Жанагы сурак алып жаткан бөлмөдө экен. Көйнөгүн билегине чейин түрүп, колдорун белине таянып Бакыт ары-бери басып жүрөт. Эси ооп калганда суу чачып ойготушкан тура... Ээх, ойготпой коюшса эмне?! Ал бейпилдикти көрбөдү беле азыр... Апасын көрдү эле го! Аны ошол бойдон ойготпой коюшса ал тагдырына нааразы болмок эмес.

– Тургузгула!- Бакыттын үнүн эшитти.

Мурдагы эки кесиптеши жөлөп-таяп отургучка отургузушту.

– Эй, эмне өлүмүштөнөсүң?! Энеңдурайын акмак! Акча кайда? Айт!

– Уфф... Кайдагы акча?! Сен мени кылмышым үчүн кама, сотто... Мен адам өлтүргөм! Аны моюнума алам...

– Эмне СИЗОго кирип кетсем эле менден кутулам деп турасыңбы?! Мен сени Кудайдын алдына жыпжылаңач жөнөтөм, уктуңбу?! Акчаңдын баарын алып, күнөөлөрүңдүн баарын жууп туруп жөнөтөм... Кудайдын алдына барардан мурун сени мен суракка алам, мен соттойм, сага тозокту биринчи мен көрсөтөм...

– Эртең менин алдымда ушинтип отуруп каларыңды айттым, ээ? Уктуң, ээ? Бул дүйнө оомалуу-төкмөлүү...

– Эй э-энеңдурайын!- Бакыт өзүн кармана албай колундагы дубинка менен Тилекти туш келди ургулап баштады.

ххх

Бакыт кадимкидей шайы-ооп келип, чарчаңкы денеси менен күп эте креслосуна кулады. Муштумдары ооруксунуп калыптыр. Жини дале таркай элек. Аңгыча каалганы шашкалактап кол алдындагы опер ача калды.

– Шеф! Тиги Тилектин атасы келиптир... Журналисттер менен экен.

– Эмне?

– Журналисттер менен экен... Биздин имараттын маңдайында туруп алып интервью берип жатат.

– Эмне деп берип жатат?

– Билбейм, сиздин атыңыз айтылып жатканын уктум...

– Дагы эмнеси башталды?!- Бакыт ордунан туруп сыртка жөнөдү.

ххх

– Мага маалымат керек!- орус жигит чалды.

– Биз ооруканадабыз го... Кайдагы маалымат?

– Жарым саат берем. Мага Тилек кайда кармалганы, эмне болуп жатканын айтып бересиңер. Калп айтам деп ойлобогула! Баарын интернетке жайып салам...

Мирбек шалдая отуруп калды. Марс болсо кырдаалдан чыгуунун жолун издеп кесиптештерине билмексен боло чалып баштады. Азын-оолак маалымат алганча тиги орус жигит кайра чалды.

– Жооп барбы?

– Райондук милиция бөлүмүндө экен. Шеф өзү суракка алып жатыптыр. Азыр Тилектин атасы журналисттер менен барып чуу көтөрүп жатат дешти. Тилекти кыйнашыптыр... Азыр аны ооруканага алып кетиши мүмкүн экен.

– Кайсы ооруканага?

– Вот, ошону билбейм. Ооруканага барганда деле аны кайтарышат да...

– Катуу сабалыптырбы?

– Албетте! Шеф аны канча издеди? Өпкөсүн үзүп салса керек...

– Шефиң эмне мыйзам билбейби? Азыр Тилек тергөөчүдө отурушу керек эле да... Анын кол тийгизгенге да акысы жок болчу. Азыр журналисттер менен чуу көтөрүлсө... Мээ жок тура,- орус жигит кадимкидей наалып жиберди. Анын үнүнөн эле мерчемделген ойлорунун баары ойрон болуп жатканы байкалып жатты. Эртерээк СИЗОго кирсе, өз кишилери аркылуу Тилекти сындырып, акчага жетем деп ойлонгон эле.

ххх

– Бул жерде менин баламдын күнөөсү бирөө эле. Ал бир адамды кокустан өлтүрүп алган. Бирок эмне болуп өлтүрүп алган? Өзүн-өзү коргоп жатып өлтүргөн. Кимден коргонгон, мына бул милициянын начальниги жана анын досунан... Мен маалыматты толук айтпайм. Бирок эскертип коёюн! Бизде далил болчу бардык маалыматтар бар. Керек болсо, ошол учур видеого түшүп калган. Ал жерде бир кыз бар... Жанагы Бакыт деген начальник менин айткандарымды түшүнөт... Бакыт, эгер сен угуп жатсаң... Сендей адамдар милициянын баркын түшүрүп, чыныгы ишине берилген кызматкерлерге кошо көө жаап жатат. Сен эң биринчиден уулумду жок кылууга аракет кыласың, мага кол салсаң деле таң калбайм. Бирок... Бирок билип кой. Мага же уулума бир нерсе болсо жанагы маалымат таркайт. Мен аны ишеничтүү бир журналистке берип койдум... Уулума же мага бир нерсе болсо дароо чыгар дедим.

Бакыт телефонунан Тилектин атасынын журналисттерге жооп берип жатып ага кайрылуу кылганын угуп бүттү. “Бул даярданган турбайбы?!” деди ал ичинен. Тилектен мындай кыйтырлыкты күткөн эмес.

– Видео болушу мүмкүн эмес! Жо-ок... Ал жерде камералар жок болчу. Өзү тартып алган эмеспи? Телефонун иштетип жүрдү беле? Балким, тартып алган болсочу?

Чыкыйы лукулдап, заматта башы чуулдап чыкты. Телефонуна келген чалуу чочутуп жиберди.

– Сенин эмне мээң иштебейби?

– Шеф?

– Мыйзам деген бар! Сенин мыйзамды уруп ойнобогонуң мыйзам иштебейт деген сөз эмес. Так сага келгенде иштейт. Коомчулук көз салып туруп алса ишиң бүттү дей бер. Бүгүн текшерүү бүткөнчө кызматтан четтеп туруу боюнча арызыңды жаз!

– Кандай текшерүү?

– Эмне эле жинди болуп жатасың? Резонанс болуп кетти. Шектүү кызды саунага алып барып кордоп жатышканда, жанагы опериң ким эле, Тилек беле? Ошол ортого түшүп чыр чыккан деп жатышат. Видео бар дешти... Бакыйган начальник болуп туруп ошол ишке барганың аныкталчу болсо өлдүң дей бер. Соттолосуң! Оңой кутулдум дегенде кызматыңдан кол жууйсуң!

ххх

Маңдайына жаш, анан калса чоочун тергөөчү келип отурганда Тилек анын ойлору ордунан чыкканын түшүндү.

– Ишти мен алып барам. Атым Азамат Даиров. Сиз мага болгонун болгондой айтып бериңизчи?

– Түшүнүктүү... Кыскача айтканда, баары жанагы кыздан башталды. Биздин начальник Бакыттын досун бир кыз тоноп кетиптир. Ишти мен алып бардым. Кыз табылды... Анан шеф кызды өздөрү эс алып жаткан саунага алып кел деди. Мен алып бардым...

– Сиз шектүүнү саунага алып барып, мыйзам бузганыңызды түшүнүп жаттыңызбы?

– Албетте! Бирок мага жетекчим буйрук берип жатпайбы! Анын буйругу жок мен эч кайда чыгарбайт болчумун. “Алып кел” деди. Алып бардым. Барсам кызды сабап башташты. Мен ортого түшкөндө мага атырылышты... Ок чыгып кетти. Нес абалда болчумун. Качтым. Качпай койсом ошол жерде эле өлтүрүшмөк... Анан акыры окуя ушинтип бүттү.

– А кыз кайда? Сиздер чогуу качтыңыздарбы?

– Ооба. Бирок ал жолдон мени таштап Көлгө кеткен, ошондон бери көрө элекмин. Мен Бишкекте жашынып жүрдүм...

– Сиз кыйноого кабылдыңызбы? Бул боюнча арыз жазуу ниетиңиз барбы?

– Мен жөн гана иш калыс тергелишин талап кылам. Аныгында менин ордумда менин начальнигим Бакыт отурушу керек болчу. Мен күнөөм бар экенин моюнума алам. Бирок Бакыттын күнөөсү меникинен аз эмес... Болгону ошол эле...

– Азырынча сакая бериңиз... Дарыгерлер 3-4 күндө сизди өзүнө келип калат дешти.

Тергөөчү чыгып кеткен соң Тилек жеңилдей түшүп, шыпты тиктеп жата кетти. Эгер бардыгы ал ойлонгондой болсо, демек, ал жакында Сабинанын жанында болот…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-06-07 09:54:06
Тергоочулордун жашоосун чагылдырып,чыныгы турмуштан алынгандай корком чыгарма го аа.Журокту оорутуп,кээде опкоолжутуп,кээде кошо ыйлатып,чарчатып кошо качырган,бир деп албай,тынчтыкты бузуп койбоюн деп,кыймылдабай окуган кундорум ай.Соонун чыгарма.Авторго чоон рахмат
+3
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан