Шабдан Молдокматов, мушкер: “АТАМДЫН РУХУ КОЛДОП ЖАТКАНЫНА ИШЕНЕМ”

Кыргыз спортчусу кикбоксинг боюнча Европанын ачык чемпиондугунда байгелүү орунду жеңип алды. Ал коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу Шабдан Молдокматов. Хорватиянын Карловац шаарында өткөн мелдеш жана өзү тууралуу спортчу баяндап берет.

– Шабдан, саламатсызбы? Жеңишиңиз кут болсун! Европанын ачык чемпиондугунда алтын медаль утканыңыз мекендештериңиз үчүн да чоң сыймык. Өзүңүздө кандай сезимдер болуп жатат?

– Кубанычымды, санаамды тең бөлүшүп куттуктаган кыргызстандыктардын баарына ыраазымын.

Чемпиондукка олуттуу даярдандым. Салмак таштоого туура келди, анткени буга чейин 95 килограмм салмакта салгылашып келгем. Мага салмак кошууга караганда салмак таштаган өтө кыйын. Тез жана сапаттуу арыкташ үчүн туура тамактануу режимин изилдеп чыгууга туура келди. Мелдешке аттанарда дагы 3 килограмм ташташ керек болчу. Сапарда бул нерсени ишке ашыруу оңой болду. Машыгууларга көп убакыт короттум. «Гермес Профи» залында күн сайын жан дили менен тажрыйбасын бөлүшүп машыктырган Эрик Воиновго ыраазымын.

– Алдын ала атаандаштарыңыз тууралуу маалымат алдыңыз беле? Ошого карап даярдандыңызбы?

– Мелдеш алдында бир аз тааныштым. Мушкердин тактикасын, тажрыйбасын билип алуу жетиштүү.

– Кайсы атаандашыңыз менен болгон беттеш оорчулук жаратты?

– Хорват менен. Анткени алар өздөрүнүн жеринде, көнүп калган климаттык шартта болушту да. Спортчулар мекенинде дайыма өздөрүн ишенимдүү сезип кыймылдашат. Бирок төңкөрүштөрдү, кризистерди башынан кечирген кыргызстандыктар сабырдуулукту, эрктүүлүктү жана чечкиндүүлүктү эч качан карызга сурабайбыз. Ошондуктан салгылашта эң башкысы күчтүү рух жана жеңишке болгон ишеним жетиштүү.

– Спорттун бул түрү менен качантан бери машыгып келесиз? Эмне үчүн кикбоксингди тандап алгансыз?

– Мен маал-маалы менен машыкчумун. Жакында гана аң-сезим токтолуп, олуттуу кирише баштадым. Биздин үй-бүлөдө кикбоксинг дайыма колдоого алынып келет. Анткени байкем Жандын атасы – Александр Воинов атактуу машыктыруучу. Ал мени дайыма машыгууга чакырчу. Бирок ал учурда дзюдо, пауэрлифтинг менен катуу машыкчу элем. Ар нерсенин өзүнүн учуру болот окшойт. Мени Эрик Воинов машыктыра баштаганда рингге чыгып, жеңишке жетүүгө мотивация алдым.

– Профессионалдуу бокс менен машыгуу оюңузда барбы?

– Жок. Машыгып көргөм, бирок спорттун бул түрү тарта алган жок.

– Спорттук карьераңызда дагы кандай ийгиликтерди жараткыңыз келет?

– Кудай буюрса, Дүйнө чемпиону болууну каалайм.

– Кыргызстандагы кикбоксинг тууралуу кандай ойдосуз?

– Бул татыктуу спорт түрү. Тилекке каршы, мамлекет, бизнес тармактары буга тийиштүү көңүл бурбай жатат. Спорттогу жетишкендиктер Кыргызстандын визиттик картасы болушу зарыл. Мамлекет да, бизнес да бул нерсени түшүнөт деп ишенем.

– Спортто кумир туткан адамыңыз барбы?

– Көз алдыма дайыма дүйнөлүк эки спорт жылдызы мушкер Мухаммед Али менен футболчу Пеленин сүрөтү тартылат. Мухаммед Али 1960-жылдын Олимпиада чемпиону, болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткен эң улуу мушкер. 1977-жылы 29-сентябрда Эрни Шейверс менен беттешип, атаандашы Алини 14-раундда нокаутка кетирип сала жаздаган. 15-раундда Али жеңишке жеткен. Мына ушул оор беттеш мушкердин карьерасын жыйынтыктоого негиз болгон. Бирок кыйынчылыктарга карабастан Мухаммед ошол маалда футболдук беттешке катышып жаткан Пелени колдобой коё алган эмес. Бразилиялык футболчу миңдеген көрүүчүлөрдүн алдына сөз сүйлөө үчүн чыгарда футбол талаасына Али пайда болгон. Ал Пеле менен учурашып, кучактаган. Ошол учурда тартылып дүйнө жүзүнө тараган алардын сүрөттөрү футбол менен бокс күйөрмандарына түрдүү эмоция жаратып келет. “Тарыхтагы эң мыкты спортчу ким?” деген суроо жаралса Али менен Пеленин сүрөтүн карап коюу жетиштүү. Алардан көп нерселерди үйрөнүшүбүз зарыл.

– Социалдык тармактарда сизди Шабдан баатыр дешет. Ысымыңыздын тарыхы кандай?

– Ата-энем дипломат, аскердик стратег, ойчул сапаттарына ээ болгон мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы, улуу бабабыз Шабдан баатырдын ысымын ыйгарышкан. Кыргызстандын тарыхый инсанына таазим кылуу үчүн Ысык-Көлгө баратканда дайыма эстелигине токтоп сүрөткө түшүү салтыбыз бар. Апам дайыма “уулум, атаң Асанбек ийгиликтериңе сыймыктанмак!” деп айтып турат. Анын руху дайыма мени колдоп жатканына ишенем.

– Замандаштарыңызга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Алдыга умтулуп, көздөгөн максатка жеткиле!

– Маегиңизге рахмат! Ийгилик жарата бериңиз.


Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kkkk3259780
2021-06-07 11:27:52
арбак колдобойт иним, эгер колдосо сразу эле жениш алып бермек да, жашоон жыргал болмок..
-3
ninja82
2021-06-07 16:57:57
атандын руху сени колдобойт,кайра сенин дубана муктаж.
0
akmanai
2021-06-07 21:28:58
Азаматсын Шабдан, суйлогон создорундон акылын, жеткен женишинен мээнеткеч, кучтуу мунозун байкалып турат. Шабдан деген атына, Ассоль Молдокматованын уулу экенине татыктуу жигит экенсин. Дагы коп ийгилике жет. Мекениндин сыймыгы бол!
+3
Nurelmadina
2021-06-09 21:07:22
Кругазорун кенири созго чечен бала екенсин сени коруп жашым чон болсо да мен мотивативатця алдым
0
Mister-XXX
2021-06-09 22:16:49
Мен ошондо тушунбой турам.Атасы ким деген?Атасы да спортсмен беле?Ассолдун куйөөсү Воинов деп эле жүргөмүн.Боксер А.Раимкуловго да турмушка чыкканын билем.Канча күйөөгө тийген?
0
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан