Калипа Усенова, актриса: “ЖАШООМДО ӨЙДӨ-ЫЛДЫЙ ОКУЯЛАР КӨП БОЛГОН”

“Кумар”, “Такебай-2”, “Сен эмне кылмаксың?”, “Эки баатыр” тасмаларында образ жараткан актриса Калипа Усенова коногубуз болду. “Такебай-2” тасмасындагы каарманым Асел реалдуу жашоодогу мага окшошуп кетет” дейт ал.

– Калипа, кандайсыз? Жакын арада чыгармачылыгыңыздан кандай жаңылыктарды күтсөк болот?

– Жакшы, рахмат. Алдыда бир топ тасмаларга тартылганы жатам. Бирок ал тасмалар тууралуу режиссёрлор эч нерсе деше электе мен деле унчукпай турайын.

– Акыркы жолу “Такебай-2” тасмасына тартылдыңыз. Тасмадагы ролуңуздун жашоодогу “ролуңузга” окшоштуктары барбы? Мисалы, реалдуу жашоодо тасмадагыдай абал болсо эмне кылмаксыз?

– Каарманым Аселдин кээ бир сапаттары, чечимдери реалдуу жашоодогу мага окшош. Реалдуу жашоодо тасмадагыдай абал болсо Кудайдын сыноосу деп сабырдуулук менен кабыл алмакмын.

– Сиз “каарманымдын абалын сезип ойнойм” деп айтасыз. Бирок каармандын абалына кирбей, образды ачып бере албагандар да бар. Аларга оюңуз кандай?

– Мен колумдан келишинче аракет кылам. Актёр жеткире ойной албай жатканы көрүнөт. Бизде гана эмес, башка мамлекеттин тасмаларында да андайлар бар. Актёр, актрисалар көп долбоорлорду алып алышат. Арасынан эки тасмада жүз пайыз ачылып ойноп берсе, кийинкилеринде чарчап калат. Толук ролго кире албай, ачыла албай калганы ошондон деп ойлойм. Адам эс алышы керек. Кино көп күчтү талап кылат, психологиялык, физикалык жактан күчтүү болушуң керек.

– Актрисалык кесип сиздикиби?

– Толук меники деп айтуудан алысмын. Бул жаатта билим алган эмесмин. Кесибим журналист. Журналистика чыгармачылыкка жакын. Ошондуктан актрисалык кесип жарым-жартылай меники десем болот.

– Бир маегиңизде “Кумар” тасмасына азыр чакырса бармак эмесмин” дептирсиз. Себеби эмнеде? Бул тасма коомго чоң сабак берчү тасма деп билебиз.

– Жаман кино дебейм. Сиз айткандай, коомго сабак берчү тасма. Тартылбайт болчумун дегеним, тасма психологиялык жактан оор. Бул алгачкы тартылган тасмам болгондуктан, мынчалык оор болорун билбей эле тартылгам. Мындай оор ролду аткарыш, андан кийин өзүңдү табыш кыйын.

– Кино дүйнөсүндө кыздар арасында атаандаштык канчалык? Кээде “сулуу болсоң эле жетиштүү” деген сөздөрдү угуп калабыз.

– Жок. Кино болобу, башка жаатта болобу, сулуу көздөр үчүн эч кандай артыкчылык болбойт. Дүкөндөн деле сулуу, жалтырак кутуну көрсөк алгач алданабыз. Бирок ичи жакшы эмес болсо албай коёбуз. Ар бирибиз эле жакшы кийинип, жасанып жүргөн адамдардын жанына баргыбыз келет. Сүйлөшүп, ички дүйнөсүн билгенден кийин мамилең өзгөрүшү мүмкүн. Кино жаатында да сулуу эле болуу эч нерсени чечпейт. Чыгармачылыкта болуунун өзү оор, эл көзүндө, эл оозунда болосуң. Айланаңда ар кандай адамдар болот. Жан дүйнөнүн сулуулугуна аракет кылыш керек. Ал түбөлүк. Тышкы сулуулук убакыт менен кетет. Сенден сулуу, сенден жакшылары чыгат. Ички дүйнөдөгү сулуулук, акыл адамдын өзүндө калат, аны эч ким өчүрө албайт.

– Кыялыңызда аткаргыңыз келген роль барбы?

– Мен антип кыялданып, “ушул ролду аткарсам” дебейм. Кудай кандай сыноо берет, эмнени насип кылат, белгисиз. Сунуштар түшсө, өз ишимди мыкты аткарып берүүгө аракет кылам.

– “Жолдошум ар бир кыздын кыялындагы мырза” деп айтканыңыз бар. Күйөөңүздү сүрөттөп бериңизчи.

– Ар бир аялзатына күйөөсү жакшы, сулуу, сонун болуп көрүнөт. Ар биринин тандаган өмүрлүк жары кыялындагы мырза деп билем. Мырзалардан ушул 3 нерседен ашыкчасы талап кылынбайт деп ойлойм. Менин жолдошумда ошол сапаттар бар. Биринчиден, ал куру намыска алдырбайт. Кандай иш болбосун тартынбай, үй-бүлөсүн багыш үчүн бардык жумушка баш-оту менен кирип иштей берет. Кээ бир мырзалар куру намыска алдырып коюшат. Ал убакта үй-бүлөсү көп кыйынчылыкка дуушар болот. Экинчиден, аялзатына болгон аёо мамилеси. Апасын сыйлап турган мырза аялын да, кызын да сыйлап, барктай алат экен. Үчүнчүдөн, жолдошум бир мүнөз. Көп сүйлөбөйт, сезимдерин иш менен далилдейт. Көп сүйлөп, иш жүзүндө эч нерсе кылбаган мырзалар бар. Жолдошумдун иши менен сөзү дал келет, айтканына турат.

– Сиз кандай жубай, кандай апасыз?

– Эл катары эле жубаймын. Кээде тамак жасагым келбей калат, кээде үйүм чачык болуп калат дегендей. 3 балабыз бар. Жакшы апамын деп так кесе айта албайм. Ар бир аялдын башында “кандай апа болуп жатам? Балким, туура эмес кылып жатам” деген күмөн суроолор бар болушу керек. Эч кимибиз дароо эне болуп жаралган эмеспиз. Тажрыйба менен эне болгонду үйрөнүп жатабыз. Кээде убакыт өткөндөн кийин “ушул жерден башкача кылып койсом болмок экен” деп каласың. Жакшы апа, жакшы жубай болууга аракет кылам, изденем. Кандай тарбия бергеним балдарымдан эле көрүнүп калат.

– Буга чейинки маектериңизден жашоодогу бардык нерсени жакшы жагынан карагандай сезилдиңиз. Бул убакыт менен келген сапатпы?

– Албетте, убакыт менен келген сапат. Мурда улуу адамдардын токтоолугуна таң калчумун. Айрым учурда “сабырдуулук кыл. Убакыт менен өтүп кетет” деген кеңештерин беришсе, “кантип ушуну сабырдуулук менен кабыл аласың?” деп бушайман болчумун. Көрсө, канча жашасаң ошончо нерсе үйрөнөт экенсиң. Көп окуп, көп окуган адам көптү билет. Менин жашоомдо да өйдө-ылдый көп болгон. Негизи телегейи тегиз, төрт тарабы төп келген адам болбойт. Ошон үчүн бышып, ар бир нерсеге сабырдуулук менен мамиле кылып, жакшы көз караш менен караганга үйрөндүм окшойт.

– Жашооңуздагы кыжырыңызга тийген окуяны айтып бериңизчи.

– Кээ бир адамдардын бири-бирине кылган мамилелеринен ичим ачышып, жүрөгүм ооруп кетет. Кайдыгерлик, көрө албастык, айрым учурда кичинекей жакшылыкты жакын адамына, бир тууганына ыраа көрбөгөндөрдү көрөсүң. Ошол жаман. Кыжырыма тийген окуя болгон эмес.

– Болбой эле койсун! Жалаң жакшы окуяларга туш болуңуз!


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Beka0007
2021-06-07 11:21:58
Сүйөмго ушул актрисаны
+5
Gulina90
2021-06-08 15:01:50
Токтоо сонун айым мага да жакты.
+4
Real98
2021-06-10 20:54:09
Ушул эже жагат да
+2
SHAHDAR
2021-06-11 08:38:44
Мунозу токтоо жакшы кыз, ким билет балким актриса болушуна мен себеп болгон чыгаармын.
+1
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан