“БАКЫТТЫН ТҮСҮ КАНДАЙ?”

– Бакыттын түсү кандай, агай?

– Билбейм, анын да түсү болот бекен?

– Ооба, психологияда сүйүүнүн түсү – кызыл, сагынуунун түсү – сары, өнүгүүнүн түсү – жашыл болот эмеспи. Бакыттын да түсү бар болсо керек?

– Балким, жок? Ирмем эмеспи бакыт? Түс берсек, жыттап жытын эстеп калсак, балким, баркы кетип калмак. Көрүнбөй издеттирген жакшы эмеспи?

Башыңды чулгуй бердиң. Бул сенин макул болбогонуң, бирок талашкың келбей жатканы. Ушундай мүнөзүң жагат. Мисалы, сен бакытсың, ушул көз ирмем бакыт. Эртең бул болбойт, анткени биз дили бир, жан дүйнөсү бир болгонубуз менен, эки башка дүйнөнүн адамыбыз.

– Болбойт деген көп нерсе бар, ээ, агай?

– Ооба, көп нерсе бар.

Маңдайың тырыша түштү, үн катпай жөн эле тиктеп калдың. Айла жок көзүмдү ала качтым. Сен мага кеч жолукпадыңбы, ак маңдайым. Эченди башымдан өткөрүп, эки баланын атасы, келинчегимдин ишенген адамы болуп калганда көрдүм сени. Сен жөн гана образ, мындай аялдар жок деп өзүмдү ишендирип койгондо жолуктуң. Акындардын бир кечесинде көргөм сени. Аптыга ыр окуп, ак жүзү кызарып кеткен, ыр менен кошо термелген сени көрдүм. 20 жаштарда элең анда, мен кырктын кырынан эбак өткөм. Атың чыгып келе жаткан жаш акын кыз экениңди ошондо билдим.

Кийин таанышып калдык, эмнегедир жакын болуп кеттик. Сени билгенден тарта сенден өзүмдү көргөндөй болдум. 20 жашымда сендей болсом керек эле, идеалист, дүйнөнү таза көздөрүм менен караган, ыр дүйнөм, жан дилим таза бир адам элем. Кийин өзүмө-өзүм жакпай бара жаттым. Жан дүйнөнүн эмес, жакшы жашоонун кулу болгон адамга айландым. Бар ырахат ушул экен деп өзүмдү ишендирип койгондо сени көрдүм.

Кызык, эмнеге сени көрдүм? Көрбөй көздөрүм оюлуп калса кана?! Жок, көргөнүм туура болду. Мен турмуш өзгөрткөн өзүмдү көрдүм сенден, балким, жеңген же жеңилген өзүмдү көрдүм. Кызматым, үй-бүлөм, даражам бар, бирок жан дүйнөм бөксөрө берчү. Бир нерсе жетпей эле кыйнала берчүмүн. Сени издеген окшойм. Издедим, көрдүм, анан эмне болду?

А сен турасың маңдайымда, жылаңайлак суу кечип... Башка эркектер, балким, сенин келбетиңе, жүзүңө ашык болушкандыр. Мен дилиңе, ыр төгүлгөн жан дүйнөңө, тазалыгыңа, баатырлыгыңа суктандым. Ашыкмын деп айта албай жатам, ээ? Ушул сөз менен да кирдетип аламбы деп коркуп жатпаймынбы...

– Аскар агай, сиз мени биринчи көргөндө эмне деп ойлодуңуз?

– Эч нерсе.

– Жинди кыз экен дедиңиз го, ээ? Жалаң эркек балдардын арасында жалгыз мен жүрсөм. Ошол күнү бир эже менен келмекмин, ал баласы ооруп келе албай калды. Кечеге келгим келди. Ар ким ар түрдүү ырахат алат эмеспи, мен ыр окугандан ырахат алам.

– Ыр окуп берчи мага!- менде да бир эрдик пайда болуп кетти. Сен ыр окуп кирдиң:

Жапжашыл жасалгалуу көйнөк кийип,

Жаныңа сагындырбай келип турам.

Ар күнү ар аскадан болуп бийик,

Күн сайын мен түшүңө кирип турам.

Ойгонсоң анын баары жалган болуп,

Мен сага кала берем арман болуп...

Ичимдегини окугандай айттың. Термелип, көзүңдү жумуп ыр окуп жаттың, а менин көзүмдөн өзүнөн-өзү жаш ыргып кетти. Алакандарым менен көзүмдү баса койдум. Түрдүү темада сүйлөштүк. Акындар чогулуп табият коюнуна чыккан элек, сени менен пикир алышкан аз мүнөттөр ушул болду.

Анан сен кеттиң. Москвага кетти дешти. Официант болуп иштеп жатканыңды айтышты. Ичим сыйрылды. Аппагым, ак таңым менин! Жашоомо күүгүм кирип бара жатканда жолугуп, шооладай жарык көрсөтүп кеттиң. Азыр оор болгондо, ишим жүрүшпөй же тынчсызданып жатканда сени эстейм. Жеңилдене түшөм. Кайда болдуң экен? Ыр сүйгөн, дилиңди түшүнгөн жакшы адамга жолуктуң бекен дейм. Акылы тетик, сенин чабытыңдын бийик экенин көрө алган, тереңдигине сүңгүп кире алган бир жакшы адам табылса болду. Сүрдүктүрүп, кооз дүйнөңдү быркыратып, бакырайган таптаза көздөрүңдү суулаган бир шоркелдейге жолукпасаң экен.

Социалдык тармактардан тез-тез ырларың чыгат. Ар бирин күтүп окуйм. Бирине да “жакты” белгисин баса албай колум калчылдайт. Антсем эле баары ичимдеги бороон-чапкынды сезип калчудай корком. Акыркы ырларың үшкүрүк аралаш жазылыптыр. Антпечи, сен үшкүрбө, сен чарчаба, сен кыйналба!

Баса, бакыттын түсү кандай экенин билчү эмесмин, көп ойлондум, таба алган жокмун. Дагы деле билбейм. А сен бир күнү баракчаңа жаздың. “Мен билдим, бакыттын түсү күн желеси экен!” Ушу акылыма келбептир десең. Бирок мен бакыттын аты эмне экенин билдим. Аны келгениңде, бир жолугуп калганда айтам. А сен сөзсүз кел, макулбу?

Аскар агайың

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-14 10:59:22
Шүмшүк!Ушундай женил ойлоп чыгармалары жазбай эле койгулачы
+3
Supsuluu
2021-06-14 23:04:07
Ал го бойдок кезинде суроо бериптир, сен сойрук эки балалуу болуп да бакыт бул БАЛА экенин билбесен чокуна ата болуп журосунбу...
+2
Erlan_95
2021-06-14 23:38:45
Supsuluu,Эгер сенин баардык тушшунугун балага байланып калса, анда сен ичинде ото бактысыз, оспогон адамсын.
+1
Erlan_95
2021-06-14 23:37:59
Скукота
-1
Noon
2021-06-15 06:52:50
Аягы суюктарга табылбай эле калган тура. Кун деление тусун издеп опурулушат тура далайы
-2
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан