Айдана Дека, ырчы: "УУЛДУ ДА, КЫЗДЫ ДА КУБАНЫП КАБЫЛ АЛАБЫЗ"

Ачык, жарык, адам. Биринчи жолу андан 5 жыл мурун “Жигиттер, чапкыла!” рубрикасына маек алгам. Анда чыгармачылыкка жаңы аралаша баштаган кези болчу. Көп өтпөй шоу-бизнес айдыңында Айдана Дека деген ысым популярдуу болуп калганда көздүү мончокту Аваз Акимов деген азамат илип кетти. Учурда экинчи жолу кош бойлуу болуп, чырайы артып турган Айдана Дека кезектеги каарманыбыз.

– Салам, Айдана! Экинчи жолу эне болгону жатасың, куттуктайм! Балага канча ай болуп калды?

– Салам. Канча болгону сыр бойдон калсын. Бул ашыкча маалымат болуп калат экен. Экинчи жолу кош бойлуу болгонумду көз жарып алгыча айтпай, “Аваз менен Айдана экинчи наристелүү болушту” деген жаңылык менен бөлүшөйүн дегем. Бирок сүйүнүчүм коюнума батпай, күйөрмандарым менен бөлүшкүм келип айтып чыктым. Кудайга шүгүр, чоңоюп жатабыз.

– Кош бойлуу кезде айымдар бир аз жүдөй түшүшөт эмеспи. Сен мурдагыдан да чырайлуу болуп калыптырсың. Жеңил көтөрүп жатат окшойсуң?

– Кош бойлуу жүргөн мага жагат. Табиятымдан арык болгондуктан, боюмда бар кезде бир аз толуп калам. Эт байлап, көзгө толумдуу болуп калганыма сүйүнүп, күзгүдөн өзүмдү карап кубана берем. Экинчи жолу эне болууга камынганыма да ошол себеп болду окшойт. Кош бойлуулугум, көз тийбесин, жеңил өтөт. Токсикоз болбойм.

– Эмнеге талгак болуп, жегиң келип жатат?

– Көбүнчө таттууга талгак болуп, чупа-чупсту кызымдан талашып жеп жатам (күлүп). Атасы кечинде мага да, кызына да таттууларды ала келет. Мен жеп жатсам кызым талашат. Ал тартып алганда калп эле ыйламыш болуп койсом, Аваз “кызыңдан талашып жатасыңбы?” деп күлүп калат.

– Аваз жакында берген маегинде “Айдана кош бойлуу кезинде ыйлаак болуп калат” деди эле. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

– Негизи “дерзкаямын”. Бирөө бир нерсе десе дароо жооп кайтара калам. Кош бойлуу кезимде деле бирөө менен урушуп кеткенде жооп кайтарам деңизчи, бирок мурункуга караганда таарынып жооп берем. Мурда үнүмдү бийик чыгарып урушсам, азыр сөз көтөрө албай таарынып, ыйлагым келип кетет. Бирок өтө деле таарынчаак, ыйлаак эмесмин. Ошентсе да маал-маалы менен андайлар болуп турат. Аваз “ушул мүнөзүң жагат. Эркелеп, таарынсаң кичинекей кыздай болуп каласың” дейт. Ушундай болуш керек экен деп бул сөзүн кулагыма түйүп койдум (күлүп).

– Уул же кыз? Кимисин көбүрөөк күтүп жатасыңар?

– Кудайдын буюрганы. Биз кызды да, эркекти да сүйүнүп тосуп алабыз. Эч кандай айырмасы жок.

– Жынысын билдиңерби?

– Тун кызыбыздын жынысын билерибиз менен дароо күйөрмандарга жарыялап салганбыз. Бул жолу көз жаргандан кийин чыгаралы деп чечтик. Элдин ашыкча көңүл буруусун каалабай эле турам. Шоу кылып, пиар кылгым келбейт. Болгону “куттуктап койсоңуздар болот” деп бир сүрөт чыгарып, ал теманы көз жарып алгыча жаптым. Көпчүлүк “чын эле боюңда барбы? Бул эски сүрөтпү?” деп сурап жатышат.

Кош бойлуу кезимди сүрөттөргө калтырыш үчүн фотосессия көп кылып жатам. Буюрса, ал сүрөттөрдү аман-эсен көз жарып, колумду боорума алып алгандан кийин шашпай чыгарам. Кош бойлуу учур кандай өткөнү тууралуу кенен айтып берем. Анткени катталуучуларымдын көбү жаш энелер. Аларга кызык болуп, күтүп жатышса керек. Баары өз убагы менен болот.

– “Гендер пати” кылдыңарбы?

– Биринчи наристебиздин жынысын билерде УЗИге курбу кызымды алып алгам. Врач жынысын ага эле айткан. Ал шариктерди даярдап, “Гендер пати” уюштурган. Жынысы Аваз экөөбүзгө тең сюрприз болгон. Бул жолкусунда жынысын биринчи өзүм билдим. Командамдын жардамы менен Авазга сюрприз уюштурдук. Ал видеону да убагы келгенде чыгарам.

– “Удаасынан балалуу болуу кыйын болот экен” деп жаш энелер айтып калышат. Буга моралдык жактан даяр болуп калдыңбы?

– Балдарымдын ортосу 3 жаш болсо деген ой бар эле. Бирок кызым оюнчуктары менен жалгыз ойноп жатканын көрүп боорум ооруду. Эмнегедир дароо балалуу болсок деген ой, кыял пайда болду. Жалгыз болбой, удаа чоңоё беришсин дедик. Жолдошум, жакындарым колдобосо даяр болмок эмесмин. Айрыкча жолдошум колдоо көрсөткөнү үчүн моралдык жактан даяр болдум. Бул жаңылыкты сүйүнүп кабыл алдым.

– Чыгармачылыктан тышкары бий студиясы, сулуулук салонунда иш алып барасың. Андан тышкары жолдошуңа, кызыңа, кайын журтуңа көңүл бурганга жетишип жатасың. Бул жеңил болбосо керек?

– Чыгармачылыкта, салондо, бий студияда командам бар. Аларды бири-бирине такыр аралаштырбайм. Өз иштерин гана аткарышат. Үйдө көбүрөөк жатып калганда өзүмдү жалкоо адам катары сезем. Баарына оңой жетишип жатам деп айта албайм. Бирок өзүмө жаккан ишти кылып жатканга анчалык оор эмес. Эгерде мага аркалап жаткан ишим ырахат алып келбей калса, кызыгым тарап кетсе, ал ишти эч ойлонбостон жаап, башка тармактан өзүмдү издешим толук мүмкүн. Бий, сулуулук жааты, өзүмдүн чыгармачылыгым. Азыр мага ушул тармактар жагып жатат. Бизнес мен үчүн акча табуу булагы эмес. Бул фактор үчүнчү орунда турат. Апам “ишкердик акча гана эмес, башка адамдарга да пайда алып келиши керек. Бий студияң кыздарга сапаттуу бий үйрөтүшү зарыл. Сулуулук салонуң кардарларды нааразы кылбашы керек” дейт. Чындыгында, эптеп эле бий үйрөтүмүш болуп акча табам десең ал иш көпкө барбайт. Сапаттуу иш алып барып жатканыбыз үчүн бий студиям 6 жылдан бери иштеп жатат. Сулуулук салонумда деле ошондой принцип бар. Салондун процедуралары кымбат эмес. Айдана Деканын салону десе эле кымбат элестетишет. Бирок андай эмес, жадакалса айрым кызматтарыбыз башкаларга салыштырмалуу арзан. Эң башкысы, кардарга макияж, причёска жагыш керек. Жактырып кайра келсе бул мен үчүн жеңиш. Демек, салонумда сапаттуу иш жүрүп жатыптыр деп жан дүйнөм тынч болуп, тапкан акчам да буюрат.

– Кыялыңда дагы эмнелер бар?

– Бул кыялым ишке ашабы же жокпу, билбейм. Эне болгондон бери кичинекей балдардын кийимине кызыгып калдым. Бишкекте 1-2 жерде эле сапаттуу, саркеч дүкөн бар экен. Акыркы кезде кызыма кийим таппай кыйналдым. Айла жок чет өлкөдөн буюртма берем. Ал ыңгайсыз, кийимдер келгиче балаң чоңоюп кетет. Ошондуктан саркеч, апасы менен баласы окшош кийингенге мүмкүн болгон дүкөн ачууга кызыгып жүрөм.

– Кыялың орундалсын! Үй-бүлөңөрдө жазылбаган принциптер барбы?

– Бар. Мен укмуш аялмын, келинмин деп айта албайм. Ошон үчүн ар кандай терс комментарийлер жазылса керек. “Келин болдуң, андай кийинбе, бийлебе, Тикток тартпа” дешет. Мындай ойлорго каршымын. Ар ким кандай жашашты өзү билет. Мен болгону 24 жаштамын. Албетте, өзүнүн курагын билбей акылсыз жоруктарды кылгандарды да жактырбайм. “Эл эмне дейт?” деп өзүмө каршы чыгып башкача кийинип, Тиктокту токтоткум келбейт. Эң башкысы, жолдошума, өзүмө, туугандарыма жагат. Эч качан “бизди карагыла, күйөөм мага мындай берип жатат” дебейм. Ар бир үй-бүлөдө өйдө-ылдый болуп турат. Бизди көргөн жубайлар мына булардын жашоосу укмуш дешпесин. Ар бир адамдын көйгөйү бар. Уруштар болуп турат. Ансыз болбойт. Мага бул нерсе тескерисинче жагат. Анткени идеалдуу жашай берсең кызыксыз болуп калат (күлүп). Жашоодо, чыгармачылыкта эмне болуп жатканын маектерде ачык эле айтабыз. Жөнөкөй болуу, бирөөнүн үй-бүлөсүнө теңелбөө биздин үй-бүлөнүн принциби.

– Маегиңе рахмат. Аман-эсен көз жарып ал!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Инстаграмга сүрөттөрүмдү мактануу үчүн жүктөбөйм" дейт Айдана Дека
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulzina1993
2021-06-15 18:03:01
Аман эсен экиге болунуп алсын.
+4
jaz99
2021-06-19 22:05:45
Сонун кыз да
+1
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан