Роза Айтназарова: “КАЗАКСТАНДА МЕНИ АЛДАГАНЫ АЗ КЕЛГЕНСИП, ТИШТЕРИМДИ КҮҮП САЛЫШТЫ”

Мындан 3 ай мурун интернетке 12 жашар баланын “апама жардам бергиле, ал кордолуп жатат” дегени тартылган видео жарыяланган. Видеодо көзүнө жаш алган бала бирөөлөр апасына аёосуз кол салганын айтат. Ошол видеодон улам коомчулукта бала жана анын апасы ким, кайда жашашат, кандай тагдырга туш болгон деген кызыгуулар жаралган. Алар Казакстанда кордук көрүп жашап жүргөн мекендешибиз Роза Айтназарова жана анын эки баласы болуп чыккан. Үй-бүлө мекенине кайтып келгенине 2 ай болду. Роза айым бизге башынан өткөн тагдырын, учурдагы аянычтуу абалын баяндап берди.

“ДОКУМЕНТИМ ЖОК КАЗАКСТАНДА КЫЙНАЛДЫМ”

– Мен 1982-жылы Кара-Кулжа районунда төрөлгөм. Орто мектепти бүткөндөн кийин Бишкекте иштеп жүрүп, 27 жашымда Казакстанга иштегени кеткем. 2008-жылы Астанадан Ержан Шойбеков аттуу казак жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Бирок мыйзамдуу түрдө эмес. Көрүнгөн жерде батирлеп жашадык. Эки балалуу болдук. Айсулу Ерденова деген абысыным бар. Ал себепсиз эле менин паспортумду алып койгон. 2009-жылы биринчи уулум төрөлдү. Паспортум жок болгондуктан абысыным жолдошумду алдап баламды өзүнө жаздырып алган. Анткени көп балалууларга Казакстанда үй берет, жакшы жөлөк пул төлөшөт. Ал үйдү да, акчасын да алды. Бала ага документалдуу түрдө гана катталды. Күбөлүгү жок болгондуктан баламды ооруп калган учурларда ооруканага жаткызып дарылата алчу эмесмин. Жолдошум соода-сатык менен алектенет. Ал жеңесинин сөзүн сүйлөп, өз баласынын камын ойлогон жок.

“ОРТО ЖОЛДОН ТУЗАККА КАБЫЛДЫМ”

– Мен түрдүү жалданма жумуштарда иштедим. 2011-жылы экинчи балам төрөлдү. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кийин алдык, ата-энеси катары жолдошум экөөбүздүн аты-жөнүбүз жазылган. Анткени 2018-жылы Кыргызстанга келип, өзүмө паспорт алып кеткем. 2017-жылдан баштап алтын сатып иштедим. Менин Алибек аттуу бирге иштешкен таанышым Ержан жана Дина аттуу жубайлар менен тааныштырды. 2020-жылдын февраль айында Ержан менен Дина менин ишенимиме кирип, “бирге алтын сатып иштейли” деп сунуш кылышты. Алгач сунуштан баш тарттым, бирок күйөөмдү ортого салып, макул кылдырып, мага 1 миллион теңге беришти. Айына 30 пайыздан үстөгүн төлөп турмак болдум. Ошентип төлөп баштадым. Акырында негизги акчаны жана акчанын үстөк пайызын да төлөп бүттүм. Бирок тигилер буга макул болушпай, дагы акча талап кылышты.

“КАРАЛАРГА” МАШИНАМДЫ АЛДЫРЫП ЖИБЕРДИМ”

– Ержан менен Дина мени катуу коркуткандыктан мен Нишанбаева Нурбүбү деген таанышыма ыйлап бардым. Ал мага “крим чөйрөсүндө жүргөн тааныштарым бар, аларга 1 миллион теңге берсең алар менен сүйлөшүп, чечип коёт” деди. “Дикий арман” аттуу крим чөйрөнүн Макс, Айдар, Болот аттуу балдары менен жолугуп жагдайымды түшүндүрдүм. Көрсө, алар 1 миллион эмес, 10 миллион теңгеге ишти бүтүрүшөт экен. Баш тарттым, бирок Тойота Камри үлгүсүндөгү машинамды көрүп калышкандыктан, ошого жармашышты. Аны өз акчама сатып алгам. Каршы болгонума карабастан күндө үйгө келип коркутуп-үркүтүп отурушуп, машинамды өздөрүнө каттатып алышты.

“МЕНИ КАТУУ САБАП КЕТИШТИ”

– Крим чөйрөдөгү балдар Ержан менен Динага барып сүйлөшкөндө, алар, “мейли, акчаны бөлүп төлөсүн, биз тынчын албай туралы” дешет. Бирок алар кеткенден кийин милицияга барып менин үстүмдөн арыз жазып коюшат. Суракка бир эмес, эки жактоочу менен баргам. Ержан аларды көргөндөн кийин көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Сыртка чыккандан кийин жанымда эч ким жок кезде Дина жана Ержан күтүүсүздөн мени катуу сабап, тепкилеп кетишти. Тишимдин баарын күүп салышты. Ошол учурда милицияга арыз жазгам. Бирок арызымды карашкан жок. Мен суракта жүргөндө балам мени Кыргызстанга кетип калды деп ойлоп “документибиз жок, апама жардам бергилечи” деп ыйлаган видеосу тараган. Видеодон кийин учурдагы жактоочум Шердор Абдыкапаров менен иштешип калдым.

“КҮЙӨӨМ БАЛДАРЫН ОЙЛОБОЙТ”

– Кыргызстанга келгениме 2 ай болду. Келе жатканда балдарды уурдап кетти дебесин деп жактоочум менен кабарлаштым. Анткени тун уулум абысыныма катталган. Алгач өзүмдүн төркүнүмө бардым. Эки жума өтпөй жолдошум телефон аркылуу балдарды жибер деп коркутту. Мен макул болуп, өзү белгилеген күнү чек арага барсам балдарды алып кеткен жок. Балам катуу ооруп, күйөөмдөн акча сурасак берген жок. Чындап балдары үчүн күйсө келип алып кетмек. Мен деле кыйынчылыктарга карабай бирге жашайлы деп аракет кылсам качып жатат. Балдарым аталап телефон чалып жалдырашса да тоготкон жок. Азыр Бишкекте батирде жашап жатам. Айына 5000 сом төлөйм. Батирдин 1 айлык акчасын классташтарым төлөп беришти. Балдарым үйдө ачка отурушат. Тамак-аштан кыйналып жатабыз. Мен тууралуу окуя интернетке чыгып кеткенден улам бизге көйгөйдүн кереги жок деп мени жумушка албай жатышат.

“ӨЗҮМӨ ГАНА ИШЕНЕМ”

– Казакка турмушка чыгарымда үйдөгүлөр каршы болушкан. 2013-жылдан кийин белгилүү бир себептер менен байланышыбыз үзүлүп калган. Туугандарым мени издеп “Кайдасың?” деген көрсөтүүгө чыгышыптыр. Көрсөтүү аркылуу 2020-жылдын октябрында туугандарым болуп кездештик. Менин айымдан апам оорукчан болуп калган экен. Азыр “сен өз билгениңди кылып жүргөнсүң” деп жаман көрүшөт. Мен ал жакта документсиз кыйналып жүргөнүмдөн кабарлары жок. “13 жыл мурун кайда жүрдүң? Эми акчаң жок кезде эмнеге келдиң?” дешти. Жолдошум мени төркүнүм менен катыштыргысы келчү эмес. 2020-жылы төркүнүм менен байланышкан соң башыма сиздерге айткан каргаша түштү. Азыр менин көксөгөнүм – абысынымды мени алдап баламды өзүнө жаздырганы үчүн жазага тарттыруу, жолдошумдан эки бала үчүн алимент өндүрүү, жардам алуу. Абысынымдын атына жазылып калган баламды өзүмдүн атыма котортуу.

“КҮЙӨӨСҮ УШУЛ АБАЛГА АЛЫП КЕЛГЕН”

Айтназарованын жактоочусу Шердор Абдыкапаров:

– Роза Айтназарованы ушул оор абалга алып келген күйөөсү Ержан Шойбеков. Казакстанда тергөө амалдары бир тараптуу жана туура эмес жүргүзүлгөн. Тергөөчүлөр Роза айымды коркутуп, күчкө салып “эч ким мени урган эмес” дедиртип видеого тартып алышкан. Аны сабап кеткендерге да, крим чөйрөсүндөгү тиешеси бар адамдарга да мыйзам чегинде чара көрүлгөн эмес. Роза айымдын айтымында, күйөөсү аны сабап, үйдөн кууган учурлар болгон. Дайым милицияга салып берем деп коркутуп келген. Роза Айтназарова 2020-жылы сот аркылуу биринчи баласын өзүнө каттатууга аракет кылат. Ал жактоочусу Досжан Даулетиярга 200 миң теңге берип, баласынын документтерин алайын деп жатканда жолдошу барып белгисиз себептер менен баш тартып коёт. Аял балдары үчүн чыдап жашап келген. Мындан ары Роза Айтназарованын укугунун тебеленишине жол бербейбиз.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

0559 03 78 88


Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
Казакстанда рекеттердин коркутууларына кабылган мекендешибиз Роза Айтназарованын тагдыры
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Muzik
2021-06-14 09:49:00
Башка улуттарга куйоого тийгендер,тийип алып кийин арызданбай, башында ойлонгула,же тийигенден кийин ошондон нары жок болгула,жээндерди ээрчитип келе бербей,балдарынар кыргыз эмес силердин.
+17
forever88
2021-06-14 16:15:14
Muzik,а эмне кыргызга тийгендин баары жыргап атабы? Кыргыздарга тийген кыздарыбыз кор болуп жардам сураган жокпу?
-2
zamir_kgz
2021-06-14 20:53:52
Muzik,Кыргызда 3 журт болот: Ата журт, Тага журт, Кайын журт.
-4
Sezimim...
2021-06-14 11:06:17
Тооба кылдым, "саяк журсон таяк жейсин" дегендей го. Коп создорун жалган суйлогондой. Алтын саталы деп мени алдап кондурушту дейт... Кредитти алып, алтын сатып кредитин толобой го. Жалганчы адамдан амал дале качып кутулбайт. Башынан ата-энесин сыздаткан неме экен, коп нерсенин устунон чыккан" шум" катын го...
+7
Miraida-toktosunova
2021-06-14 16:02:04
Бул эже Нуриза деген эже эмесби Кара кулжалык атын озгортуп алган эмесби
+2
Miraida-toktosunova
2021-06-14 19:52:06
Бул эженин создору бири бирине дал келбейтго балдарына боорум ооруп кетти озуно ишенбейим
+3
Nurtoruk
2021-06-14 21:13:10
Тойота камри айдап жургон адам паспорт ала албай калыптырбы алтын сатып бизнес кылып жургон болсо туугандары менен каттпшып койбоптурда
+6
Nursul
2021-06-15 07:29:25
Чет өлкөгө чыгып иштеп кайра Кыргызстанга келип кыргыз эле жигиттерге күйөөгө тийсенер болбойбу жакшы сөз сүйлөп койсо эле ишенип албай.
+3
Luna15
2021-06-15 08:28:14
Аферист,ошончо алтын сатканга башы жеткен,абысыны алдап атканда оозун ачып отуруптурбу
+7
Aijan06
2021-06-15 12:19:01
Ушундайлар тажатты. Эмнеге жардам беребиз? Ата энесин укпай Оз билгенин кылышат. Эми келип жардам сурашат. Алтын, камрини сонун билген неме документтештирууго келгенде байкуш боло калышат. Ушунча жыл энеси менен байланышпаган неме Эми келип бизди жыргатабы? Кайдан келсе ошол жакка жоголсун. Колунан келип турганда кыйратпаптыр. Балам ооруп, куйоом башка аял алып алыптыр деген аял элден акча чогултуп 18минге телефон алып куйгузду го. Болбосо Уй жайы жок тентип журот 2баласы менен.
+8
Marni
2021-06-17 01:36:17
Aijan06, туура. Ар бир адам жашоосуна жоопкерчиликти өзү алса, күнөөнү да, проблемаларын да башкаларга артып салбай.
+4
Aijan06
2021-06-15 12:24:04
Жатканды, бала жасаганды билесинерби катындар, бакканды да билгиле. Бир нерсе болсо эле жардам деп чыга калышат. Арты артынан туубай ойлонуп сактанып иш кылышса. Мыйзамдуу никен жокпу кысчу жеринди кыс. Бала менен эч качан эркекти кармай албайсын.
+5
Spb
2021-06-16 11:36:10
13 жыл туугандары менен катташпатыр ошол жылдары алтын сатып камри айдап жургон кундору болсо керек еле акчанын артынан кетип атканда туугандыда унутпаш керек еле бирок
+6
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан