КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сабина жүзүнө түшкөн нурдан ойгонуп кетти. Алар жашынган бөлүктүн каалгасын Бекжан ачып жатыптыр.

– Биз келдик, Сабина,- деди кандайдыр бир кубанган түр менен.

– Москвабы?

– Ооба...

Бекжан кыздын муңайым кебетесин карап түшүнө албай жатты. Бул эмне кутулганына кубанбайт? Мындан ары жаңы жашоо баштап кеткенге мүмкүнчүлүк жаралды. Анан калса ушунча акча менен кыялыңдагы өлкөгө жетип алууга мүмкүн го... Баса, акча... Акча тууралуу сураш керек...

– Сабина, менин акымды ушул жерден эле берип кетесиңби?

– Азыраак бөлүгүн гана бере алам...

– Кандайча?

– Тилек мага 10 миң гана берди. Бекжанга Москвага жеткенде бересиң деген...

– Кандайча 10? 70 миң деп сүйлөшпөдүк беле?!

– Калганын менден алат деген.

– Жо-ок... Андай жарабайт. Мага толук бергиле!

– Ишенсең, Тилек мага убактылуу жашап турганга деп 2000 берген. Кааласаң ошону да кошуп алып тур... Менде башка арга жок. Мына, бул жерде 10 миң,- кыз кара баштыкка оролгон акчаны сунду.

Бекжандын ачуусу жүзүнө чыгып турса да эптеп өзүн кармап акчаны алды.

– Сабина?..

– Угуп жатам...

– Тилек тиги жакта түрмөдө жатса, мен калганын кантип алам? Ал кармаларын билген да, туурабы?

– Туура... Сени менен бир адам байланышат деген. Акчаны ошондон аласың.

– Мени ушул сөздөргө ишенип жатат дейсиңби? Силер мени алдап кеттиңер. Мен 10 миң үчүн ушинтип тобокел кылып жүргөнүмө ичим ачышып жатат...

– Тилек алдабайт. Ал сөзүнө турат, кам санаба!

– Сен мага жок дегенде жарымын ташта... 35 сенден, 35 Тилектен алайын.

– Мен сага айттым го... 10 гана берди. Мага жашап турууга 2 миң берди. Болду, башка жок...

– Эй, канчык!- Бекжан Сабинаны кекиртектен алды: – Эмне лох кылган жатасыңарбы? Чыгар акчаны!

– Сен эмне Кыргызстанга барарыңды унутуп калдыңбы? Тилек Кыргызстанда экенин унутуп калдыңбы? Менин башымдан бир тал чач түшсө, билесиңби, сени эмне кылат?

– Чыкпайт ал. Бүттү анын жашоосу... Чыгар акчаны!- коркутуу үчүн кызды жулкуп койду. Бирок Сабина анын ар бир кыймылынан, көз карашынан ичиндеги бурганак ойлорун, шектенүүлөрүн, керек болсо коркунучун да окуп жатты.

– Кана айтчы, өлтүрөсүңбү?!

– Э-эй!

– Кыргызстандан аласың деп айтылды сага. Ашыкча кетип жатасың... Азыркы кылыгыңды Тилек билбесин десең колуңду тарт! Ал билчү болсо таптакыр эч нерсеси жок каласың!- кыз Бекжандын көздөрүнө тике карап сүйлөдү.

Бекжандын тайсалдай түшкөнү дароо байкалды. Колун кыздын кекиртегинен бошотту.

ххх

Бакытты жумушуна чакыртышыптыр. Кыжалат боло кийинип жатты. Суракка алышса керек... Камакка алышпайбы деги?! Кечээ убактылуу кызматтан четтөө боюнча арыз жазган эле. Бүгүн минтип чакыртып жатышат. Тилектин “бул дүйнө оомалуу-төкмөлүү. Эртең менин алдымда шүмүрөйүп отуруп калар күн келет” деген сөзү кулагына жаңырды.

Жаңылбаптыр. Суракка чакыртышкан тура. Жапжаш жигит экен тергөөчү.

– Саламатсызбы? Атым Азамат... Даиров Азамат.

– Та-ак...

– Ишти мен тергеп жатам... Сизге каршы көрсөтмөлөр бар. Андыктан суракка алуу керек болуп чакырдык...

– Повестка берген жоксуңар го, - Бакыт бурк этти. Бул акыбал ага жакпай турат. Мына бул алдындагы муруту жаңы чыккан тергөөчү да жакпай турат.

– Сиз милиция кызматкерисиз. Болгондо да жетекчилик кызматта жүргөн... Мен сиздин погонуңузду сыйладым. Сизди тергөө менен кызматташат деп үмүттөнүп турам.

– Та-ак,- жооп таба албай калды Бакыт.

– Кызматкериңиз кызды саунага алып келүүгө сизди буйрук берген деп жатат. Чынбы?

– Кайдагы сауна?! Болгон эмес андай...

– Саунада кызды досу экөөлөп сабап баштады. Ортого түшсөм мага атырылышты. Мушташ учурунда ок чыгып кетти дейт...

– Жок... Кызды Тилек таап кармады. Бирок кыз анын башын айлантып салыптыр. Менимче, алар менин досумду тоноого барышкан. Анын кайда экенин билишкен да, саунага барып, тоноо учурунда атып өлтүрүп алышкан. Мен андан кийин бардым ал жерге...

– Сиздин унаа менен досуңуздун унаасы бир көчөдөн, болгондо да дал ошол саунага кетчү жолдо аралыктары жарым саат убакыт менен өткөнү көрүнүп турат.

– Жок, айтып жатпаймынбы, мен кеч бардым деп. Ал учурда досумду атып өлтүрүп салышыптыр...

– Жок... Досуңуз сиздер өтүп кеткенден кийин 3 сааттан кийин каза болуп жатат.

– Аа... Балким, мен ал көчөдөн жөн гана жумуштап өткөндүрмүн.

– Ал көчө туюк көчө! Саунага барып такалат. Камерада баары жазылып калганын түшүнүп жатасызбы?

– Кандайча баары?- Бакыт кубарып кетти. Тергөөчү муну дароо байкады.

– Кечиресиз... Бирок сизди 48 саатка камакка алуум керек.

– Кандайча? Бул иш абдан резонанстуу болуп кетти. Жогорку жак да, коомчулук да карап турат.

– Эй, иним... Эй, экөөбүз милиция кызматкерибиз да.

– Ооба... Бирок мыйзам баарына бирдей да!

– Сен кайдан түшкөн балапансың? Биз милициябыз. Сен экөөбүз. Биз бири-бирибизге туруп беришибиз керек!

– Баары мыйзам чегинде болот!

– Кайдагы мыйзам чегинде?! Сен билесиңби менин ким экенимди? Азыр чалып туруп, башыңды алдырып коёюнбу? Сен кимсиң мени камакка алгыдай? Мыйзам дейт. Мына мен мыйзаммын, уктуңбу?!- Бакыт ордунан тура калды.

– Отур,- тергөөчү салкын үн катты.

– Сен кимсиң мага алдагинтип айткыдай?..

– Менби? Мен полковник Даир Кененовдун уулумун. Уккансыңбы ошондой адам тууралуу?.. Полковник Даир Кененов бүт өмүрүн милицияга арнаган, коомдогу тынчтыкты сактайм деп баатырларча каза болгон адам. Менин атам... Эмне болуп каза болгон дебейсиңби? Бирөөнүн кара чечекей баласын өзүбүздүн эле катардан чыккан, милициянын спецназында жүрүп кийин рэкетир болуп кеткен бирөө уурдап кетип, акча талап кылган. Антип далай жолу акча тапкан экен. Атам ошол бирөөнүн баласын куткарам деп каза болгон. А мен атасыз калгам. Мунун баарын сага эмнеге айтып жатам, билесиңби? Атамды жерге берип жатканда, жанагы баласы аман калган ишкер келди. Рахматын айтты. Топурак салды... Анын жанындагы бирөө менен сүйлөшүп жатып эмне деди дебейсиңби? “Хороший мент – мёртвый мент” деп күлүп койду. Менин атам анын баласын сактайм деп өмүрү менен кош айтышты, баласын жетим калтырды. Ал болсо... Хороший мент – мёртвый мент... Билесиңби, эмнеге ошентип айтты? Себеби алардын мээсине милиция жаман деген нерсе сиңип калган. Баласын уурдаган ким? Бывший мент. Сен, ошол спецназда жүрүп кийин рэкетир болуп кеткен неме, өзү опер кызматкер болуп алып чала бандит болуп жүргөн милиция сөрөйлөр менин атам сыяктуу мыктылардын бетине чиркөө болуп жүрөсүңөр... Мен силердей акмактарды милициянын катарынан колумдан келишинче тазалайм... Уктуңбу? Атамдын арбагы үчүн ошентем. Сен дагы, тетиги опериң дагы менден кутулам деп ойлобогула?! Мен силерге ушундай иш токуп берем, дүйнөгө келгениңерге өкүнүп кетесиңер!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
rafo80
2021-06-14 11:11:49
Ушул кантип болду эми, көбүрөөктөн эле жазгыла да.
+2
rafo80
2021-06-14 11:12:48
Ушул кантип болсун эми, көбүрөөктөн эле жазгыла да.
+1
Nurtoruk
2021-06-14 19:57:23
1жума кутсом аз эле жазып койдунарго
+1
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан