Бул жолу кыргыз тилиндеги сиз көп укпаган, балким, угуп, жакшы түшүнө албаган, же болбосо адабий чыгармалардан окуп калган сөздөргө орун берели. Анда мунусунда жалаң “А” тамгасынан башталган сөздөргө токтололу.
Абжөр – амалдуу, куу, шылуун. Абжөрлүк – амалдуулук, куулук, шылуундук. Мисалы: Кайран түлкү абжөрүң казы байлап семирди (Тоголок Молдо).
Абуз – кол менен жасалган көлчө (бассейн).
Ажыкыйык – жүйөлүү сөзгө көнбөгөн кер аяк, кежир, өжөр, өзүнүкүн бербеген. Мисалы: Адамдын ажыкыйыгы.
Агарыш – таарынычты жазышып, өткөн-кеткенди унутуп, бири-бирин кечиришүү, ичине кек сактабай жарашуу. Мисалы: Көпкө чейин саламга келишпей жүргөн эки дос эми агарышып, өткөн-кеткенди кечиришип, мурдагыдай жакшы мамиледе бололу дешти («Ала-Тоо»).
Ажат – араб сөзү, кем-карч, муктаждык. Мисалы: Көрсө, бул ажаттан чыккан үмүт «Ат коюу» экен (Даникеев).
Ажат ач – муктаждыгын чечип бер дегенди билдирет.
Ажыт – кандайдыр бир нерсенин маңызы, маани-жайы, жөнү. Мисалы: Ажытымды ачып берер бекенсиң? (Маликов).
Ажытын айруу – дааналап билүү, тактоо.
Азадар – аза тарткан, азалуу, кайгы-капалуу (өлгөн адамдын күйүмдүү кишилерине карата). Мисалы: Алты ай бою азадар болуп, өңдөн азган кез.
Азар түмөн – сансыз, эсепсиз, чексиз көп. Мисалы: Азар түмөн кол тартып («Манас», С.О.)
Адым – басып же чуркап бараткан адамдын шилтеген кадамы. Түрк тилдүү элдерге орток сөз. Мисалы: Саадат үйүнө улам жакындаган сайын адымын тездетип, акырында жүгүрдү (Айтматов).
Аксым – орой, бетке чабар, кыялы чатак, кызуу кандуу. Мисалы: Армандуу эрдин бактына аксым катын жолугат (Тоголок Молдо).
Сөздөр “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды
Гулийпа Маметосмон кызы