АСПИРИН АШКАЗАН ЖАРАСЫН, ПАРАЦЕТАМОЛ РАКТЫ ЖАРАТАБЫ?

“Фармакология” байыркы латын сөзү, “дары, уу, окуу” дегенди билдирет. Кандай дары болбосун анын көрсөтмөсүнө көз жүгүртсөк терс таасирлери да болот. Врач бейтаптын оорусуна карап дары жазып берет. Ал эми врачка текшерилбей, так билбей туруп өз алдынча дары ичсек, балдарга да берсек кандай жыйынтыкка туш болобуз? Бул жаатта врачтардын маалыматын чогулттук.

“МУКАЛТИН 5 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ЖӨТӨЛҮН КҮЧӨТӨТ”

Султан Жумагожоев, Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын педиатр врачы:

– Балдарга тиешелүү ооруларда эң көп колдонулуучу дарылардын бири – какырык чыгаруучу мукалтин. Муну биз балдарга 5 жаштан баштап сунуштайбыз. Себеби какырыкты чыгаруучу жөтөл рефлекси 5 жаштан тартып гана өөрчүй баштайт. Ага чейинки балдарда андай рефлекс жок, мукалтинди бергенде жөтөл күчөйт, бала айыкпай, оорусу тереңдейт.

Бронхитте балдарга сальбутамол да колдонулуп жүрөт. Ал гормоналдык дары. Бронх шишип, абанын өтүшү кыйындап, бала демиккен учурлар кездешет. Ошондо сальбутамол тамакка чачылат. Аны колдонбош керек учурда пайдаланса эмне болот? Өпкөдө өпкөнүн кабыгын вирус бактериялардан коргоп турган былжыр болот. Сальбутамолду чачканда какырык чыгаруучу рефлекс иштейт да, өпкөдөгү ошол былжырларды сыртка чыгарып салат. Кокус өпкөгө бактерия, вирус кирсе сезгенет, оору келип чыгат.

Нурофен, анаферон, ибупрофен – дене табын түшүрүүчү каражаттар. Дене табы +38,5тен өткөндө гана берилет. Организмге вирус же бактерия кирсе организм ошого реакция берип, алар менен өзү күрөшө баштаганда дене тап көтөрүлөт. Дене табы +38,5тен ылдый, мисалы +37 же +37,5 болсо дене табын түшүрүүчү дары берип салса, организмдин вирус же бактерияга каршы күрөшүн азайтып, бузат. Бул айыгууну кыйындатат.

Цефекон D свечасы дене табын түшүрүүчү каражат, курамында парацетамол бар. Муну да дене табы +38,5тен ашканда гана колдонуу керек. Ага жетпесе деле колдонсо, улам-улам салса баланын дене табы төмөн түшүп кетет. Денеси муздап, эрди көгөрүп, алсырап, акыл-эсин жогото баштайт. Дароо ооруканага алып баруу керек.

Амбросан дарысы 6 жаштан башталып сунушталат. Мында деле какырыкты чыгаруучу жөтөл рефлекси 5 жашта калыптана тургандыгы эске алынат. Муну ичкенге болбой турган учурда деле берип койсо жөтөлдү көбөйтөт.

“АСПИРИН, КЕТОНАЛДЫ УЗАККА КОЛДОНСО АШКАЗАНДА ЖАРА ПАЙДА БОЛОТ, БӨЙРӨК ИШТЕН ЧЫГАТ”

Зина Саткыналиева, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык терапия кафедрасынын доценти:

– Кандай дары болбосун көп ичкенде организмдин өзүн-өзү коргоо функциясы бузулат, организм ууланат. Оорулар, өзгөчө бөйрөк, ашказан-ичеги же боордо жаралат. Анткени дарылар бөйрөк, ашказан-ичеги же боор аркылуу сыртка чыгарылат.

Жалпысынан дарылар стероиддүү жана стероиддүү эмес болуп экиге бөлүнөт.

Стероиддүү эместер органикалык кычкылдардан синтезделип алынат. Аларга ацетилсалицил кычкылы (аспирин), цитрамон, диклофенак, пироксикам, теноксикам, амидопирин, кетопрофен, декскетопрофен, индометацин, кетонал, ибупрофен, напроксен жана башкалар кирет. Булар ревматоиддүү артрит, остеоартрит, подагра, баш оору, спондилоартрит жана башка ооруларда жазылып берилет.

Аталган дарылар ичкенден кийин бөйрөк аркылуу чыгат. Өз алдынча узакка ичсе же улам-улам иче берсе дарынын терс таасиринен улам бөйрөктүн түзүлүшү өзгөрө баштайт. Акырындап бөйрөк иштен чыгып калуусу мүмкүн. Боорду да уулантат. Алардан тышкары ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт, эрозияны, жараны пайда кылат. Жаранын оозу ачылып кетсе ичтен кан кете баштайт. Врачтар аталган дарыларды 1 курска деп сунуштаса, анда ашказанды коргой турган омепразол же башка дарыны кошо жазат. Өз алдынча ичкендер ал дарыны кошо ичүүнү билишпейт да, оору таап алышат.

Аспиринди 12 жашка чейинки балдарга колдонууга болбойт. Аны бере берсе Рея синдрому жаралат, баш мээ шишип, боор иштен чыгып калат.

Омепразолду кээде тамагым аш болбой жатат деп өз алдынча апталап ичкендер бар. Омепразол ашказандагы туз кычкылынын деңгээлин азайтат. Айрымдар 4-5 айлап иче берет. Аны врач сунуштаса 8-12 аптага чейин ичүүгө болот. Андан узакка ичүүгө туура келсе канча бир убактан кийин анын ордуна фамател же башкасын ичүү керек. Узакка ичкенде бөйрөк оорусу жаралат.

Кетонал дары майын колдонгондо дары тери аркылуу канга сиңет. Аны узакка колдонгондо ашказанда эрозияны, жараны пайда кылат.

Тайлол хоттун негизги курамы да ацетилсалицил кычкылынан турат. Дене табы 38,5 жана андан жогору болгондо ичилет. Көп иче берсе ашказандын эрозия, жарасын чакырат.

Но-шпа боордун, бөйрөктүн, өттүн, ашказандын жылмакай булчуңдарынын жыйрылып-тартылуусунда (спазм) ичилет. Аны өз алдынча иче бергенде кан басым төмөндөйт, ич катат, жогоруда аталган органдардын булчуңдары начар иштеп калат, холестаз дарты келип чыгат.

Парацетамол 12 жаштан баштап берилет. Аны узакка ичкенде бөйрөк күчтөнүп иштеп, түндө да дем албайт. Түнкүсүн заара көп бөлүнүп чыгат. Дене табы 38,5 жана андан өйдө болгондо берилет. Парацетамолду узакка ичүү ракты жаратышы мүмкүн.

Стероиддүү дарылардын курамында гормондор бар.

Аларга преднизалон, дексаметазон, гидрокартизон, беклометазон, будесонид, флуоцинолон, флуметазон, адвантан, флунизолид жана башкалар кирет. Булар кызыл жүгүрүк, остеохондроз, подагра, бөйрөк жана муун ооруларында, гепатиттин оор формасында жана башкада колдонулат. Буларды врачтын көрсөтмөсү, дозасы менен кабыл алуу керек. Ашыкча өз алдынча колдоно берүүдөн стероиддүү диабетке, булчуңдардын жакшы иштебей жана бойдун жакшы өспөй калышына, ашказандын былжырынын сезгенишине, кан басымдын жогорулашына, остеопорозго, семирүүгө, атеросклерозго чейин жеткирет. Иммунитетти төмөндөтүп, адам бат-баттан инфекциялык ооруга чалдыга баштайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып эл азитромицин, ципрофлоксацинди көп колдонуп жатат. Азитромициндин 1 таблеткасын ичкенде ал организмден 5 сутка дегенде чыгып бүтөт. Ал эми 3 күн колдонгондо ал организмден акыркы таблетканы ичкенден кийин 35-50 саатта чыгып бүтөт. Бул аралыкта чыга электери кан менен айланып жүрө берет да, организмдин ткандарын, өзгөчө бөйрөктүкүн улам жабырката берет. Узакка ичсе дарыдагы уулар бөйрөктүн клеткаларын уулантып, уулуу гепатит оорусу жаралат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aijamalushka
2021-06-16 14:31:00
Точно горманалдык даарыбы россиянин баардык аптекаларында гормоналдык болуп эсептелбейт экен интернеттенда Караганда гормональный эмес экенго
+1
Mubarak
2021-06-16 22:50:28
Башаламан еле ичип калдыкко азыр вирус себептуу
+1
Mister-XXX
2021-06-18 13:28:47
Анан кандай дарыларды ичуу керек?Организмге эч кандай начар таасир бербеген дарылар кайсылар?
0
Gulzina1993
2021-06-20 10:54:23
Аягы эмне болушун билгенден кийин ичиш деле коркунучтуу го, парацетамолду врачтар оздору берет го даже 6 айлык наристелерге
0
Nursul
2021-06-20 21:02:14
Gulzina1993, башкаларга бере беришет өзүлөрүнүн балдарына беришпейт, жаш наристелерге привка беришет өзүлөрүнүн балдарына беришпейт. Бул дарылардын баары эле химикат да бир жерине жакса башка соо органдарды иштен чыгарат ошондуктан дары ичпей эле койгула.
0
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан