МОТИВАЦИЯ БЕРҮҮЧҮ КИТЕПТЕР ЧЫНДАП ИЙГИЛИКТҮҮ КЫЛАБЫ ЖЕ?..

Акыркы учурда “Кантип көп акча табууга болот?”, “Ийгиликтүү болуунун 10 сыры”, “Бай бол!” деген сыяктуу мотивациялык китептер көбөйдү. Бул китептердин жаш муундарга тийгизген таасири кандай? Чындап бир нече убакыттан кийин баарыбыз ийгиликтүү болуп кетебизби? Дем берип, шыктандыруучу китептердин күнгөй-тескейин аныктоо үчүн адистерге кайрылып, жооп алдык.

“ОҢОЙ ЖОЛ МЕНЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТАМ ДЕГЕНДИК – ӨЗҮН АЛДАГАНДЫК”

Назира Кубанычбек, психолог:

– Азыркы убакта популярдуу психология (психологияга байланыштуу элдин калың катмарына популярдуу болгон билим жана тажрыйба системи) өнүгүп кетти. Бул нерсени 2 тараптуу караш керек. Биринчиден, жаштардын бир нерсеге аракет жасап, талпынып жатканы жакшы. Экинчиден, жаштар аз убакыттын ичинде, аз каражат сарптоо менен, көп мээнет кылбастан кандайдыр бир ийгиликке жетүүнү каалап калышты. Чоң ийгилик жөнөкөй бир китепти окуп коюу менен жаралбайт.

Популярдуу психологиялык китептерди жазган авторлордун арасында кесипкөй психологдор да, жөн гана акча табууну көздөп, ишкердик кылгандар да бар. Чындап Бишкектин көчөлөрүндө андай китептер көп сатылууда. Алардын көпчүлүгү кыргызча. Биз китептердин котормосунан да күмөн санашыбыз керек. Китептердин чыгарылышына, маанисине, котормолоруна мамлекеттик органдардан көзөмөл жүргүзүлбөйт.

Мен билимге басым жасоону сунуштайт элем. Эгер жаштар жеткиликтүү, сапаттуу билим алса, китептерди ылгап, туура тандоого мүмкүнчүлүгү болот. Мотивациялык эмес, классикалык жана салттык билим биздин эң негизги таянычыбыз болушу керек. Ал эми мотивацияны жеке эле китептен эмес, түрдүү жолдор менен алууга мүмкүн. Психолог катары бул китептерден бир аз оолак болууну сунуштайм.

“БУЛ ӨЗҮНЧӨ БИР ИНДУСТРИЯ”

Самар Сыргабаев, социолог:

– Китептин авторлору дээрлик чет элдиктер. АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрүндө бул чоң бизнес экендиги маалым. Бул өзүнчө бир чоң индустрия.
Ааламдашуу процесси менен катар мунун эпкини бизге келди. Биз демократиялык өлкө болгондуктан, маалыматтык чектөөлөрдү коё албайбыз жана бул китептерди начар продукция деп кесе айтууга да болбойт. Анткени арасында дүйнөгө белгилүү авторлордун чыгармалары да бар. Жаштар бул типтеги адабияттарды окуса болот, олуттуу бир зыян алып келет деп эсептебейм. Бирок чектен ашпоо керек.

Мамлекет тарабынан алдын алуу иш-чараларын көрүү туура. Анткени биздин жаштардын арасында бул өңүттөгү адабияттар, тренингдер жаш муундун аң-сезиминде иллюзияны калыптандырат. Алар үчүн кандай жол менен болсо да ийгиликке жетүү маанилүү болуп калат. Батыш өлкөлөрүндө адамды жеткен ийгилиги боюнча баалашат. Бул бизге келип жатат. Классикалык адабиятты жан дүйнөсүнө сиңирмейинче инсандын маданий деңгээли өсүшү мүмкүн эмес.

“ЖАШТАРДЫ КЫЯЛ ДҮЙНӨСҮНӨ ЖЕТЕЛӨӨДӨ”

Абдирашит Бабатаев, философ:

– Мотивация берүүчү китептердин көлөмү кичинекей жана аталыштары кулакка жагымдуу. “10 кадамдан кийин ийгиликтүү болосуң” деген китептер кимди кызыктырбайт? Бул өңүттөгү китептердин окулуп турушу жакшы, бирок коомчулуктун калың катмарына сиңип кетсе кандай натыйжа жаралары ойлоно турган маселе. Бул адамдарда эгоизмдин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн. Адамдардын кыял дүйнөсүнө жетеленип кетүүсүн шарттайт, реалдуулукта андай эмес. Адам китептен окуганына иш жүзүндө жете албай калса, стресске кабылып, өз жанын кыюуга чейин жетиши мүмкүн. Мындай учурлар кездешкен. Аталыштарынын жагымдуу болуусу окурмандарды арбап, китебинин өтүшүн көздөө ыкмасы. Китептердин авторуна, мазмунуна, анын илимий чындык менен төп келишине маани бериш керек. Ар курактагы адамдарга курагына жараша китептер бар жана китеп менен жашоонун байланышы болушу зарыл.

Албетте, окубаганга караганда окуган жакшы, бирок мотивация берүүчү китептер окулуп жатат деп ыраазы болуп, ошол нерсе менен өзүбүздү алдоо туура эмес.

“ЖАН ДҮЙНӨ АЧКА БОЛСО ҮРӨЙДҮ УЧУРГАН ОКУЯЛАР КАТТАЛА БЕРЕТ”

Акбар Рыскулов, Кыргыз эл акыны:

– Азыр бизнес, экономика тууралуу китептер чындап талапка ээ. Бирок заман ушу деп эле кайдыгер карап отурбастан коңгуроо кагышыбыз керек. Бул өңүттөгү китептер өзүнүн чегинен ашып кетсе, сөзсүз түрдө руханий байлыктарыбызды жоготобуз. Кыргыздын баалуулугу, тарбиясы, дүйнөгө болгон көз карашы такыр башка. Акырындап ошо нерселерден кол жууп баштадык. Биздин жан дүйнөбүз ачка болгондуктан коомдо үрөйдү учурган окуялар, кылмыштар катталып жатат. Жаштарда илгеркидей ыйман жок. Замандын талабына шылтай берсек баш аламандык пайда болот. Азыр карылар үйүндө абышка-кемпирлер, балдар үйүндө жетим, кароосуз калган балдар көбөйдү. Айтор, ойго келбеген жоруктарга күбө болуп жатабыз. Албетте, материалдык байлык керек, бирок аны менен бирге жан дүйнөбүзгө да кам көрүшүбүз керек.

КАЙСЫ БАГЫТТАГЫ КИТЕПТЕРДИ ОКУЙСУЗ?

Асыла Ормоналы кызы, студент:

– Мага мотивациялык китептер супсак, үстүртөн жазылгандай сезилет. Кээде гана окуп калбасам, көп окубайм. Окуган учуруңда гана таасир берет, кийин унутулуп калат. Көркөм адабияттан сөз байлыгың өсөт.


Эрболот Нурбек уулу, программист:

– Мага мотивация берүүчү китептер адабий китептерге караганда кызыктуу сезилет. Кесибим программист болгондуктан мотивациялык китептерге жакынмын. Алардан өзүңө керектүү нерселерди таба аласың.



Даулет Абдраимов, студент:

– Мен адабий, тарыхый китептерди көп окуйм. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына басым жасайм. Мотивациялык китептер башкаларга шык бериши мүмкүн. Мен андай китептерди маалымат алуу үчүн гана окушум ыктымал.


Сейил Каныбек кызы, мугалим:

– Кесибим боюнча тилчимин, мен “Бай атам жана кедей атам”, “Ойлон, ойгон”, “Ойдун күчү” деген мотивациялык жана бизнес жаатындагы китептерди көп, адабий китептерди аз окуйм. Мотивациялык китептердин пайдасы көптөй сезилет.



Максатбек Жакыпов, студент:

– Мен экономист болгондуктан бизнес жаатындагы китептерди көп окуйм. Андан сырткары мотивация берүүчү китептердин дээрлик көпчүлүгүн окугам. Окумуштуулар өзүнүн ийгилик сырларын китепке жазып кетишкен. Адабий жана диний китептерди да окуйм, бирок көп эмес.


Кайып Касымжанов, студент:

– Мотивациялык китептерди окубайм. Анткени бирөө жазганды кийинкиси кайталап жаза берет. Тарыхый китептерди окуйм. Бизде адабий китептер көп жазылбай жана басылбай жатат. Бир эле чыгарманы эки тилде окугум келет.



Айжан Мамбетова, студент:

– Мага мотивациялык китептер жагат, адамга багыт жана дем-күч берет. Китепканага барганда көбүнчө мотивациялык китептерди окуганга аракет кылам. Жакында “Таңкы убактын сыйкыры” китебин окуп, абдан таасирлендим.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-06-14 18:38:35
Азыркы жаштар китеп окуганга караганда инстаграм окушту оңой сезишет, кино көрөт, игра ойнойт, анан оңой акча тапканды жактырышат, анан кичине кыйынчылык болсо эле өздөрүн таштап жиберишет, бул 1000% правда!!!
+1
Angel92
2021-06-19 20:26:16
"Монарх который продал свой феррари"деген китепти окудум.Полная фи..я
0
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан