ЭНЕ ЖАНА БАЛА

“Баланын бактысы ак сарайда же алачыкта туулганында эмес, ал кандай эненин кучагына жарык дүйнөгө келгенинде. Мээримге толгон, камкор эненин кучагында туулса, демек, анын бактысы ошол” дешет психологдор. Эне менен баланын эмоционалдык байланышы тууралуу психолог Асель Баимбетова айтып бермекчи.

КУРСАКТА ЖАТКАНДА

Баланын мүнөзүнүн калыптанышына, тагдырына, эне курсагында жаткандан баштап таасир бере баштайт. Эне балалуу болууну каалабаса же аборт кылдырууну ойлоп эки анжы болуп жүрүп төрөсө бул баланын кийинки жашоосунда чоң таасир берет. Мындай балдар көп оорушат, жыгылып, бир жери кесилип, кооптуу нерселерге кабылып, өзүнө-өзү көп залал бериши мүмкүн. Эне кош бойлуулугун пландаса, баланын келишин төрт көздөп күтсө ал бала шайыр, адамдар менен тез тил табыша алган бала болуп чоңоёт. Кош бойлуулукта эненин маанайы, дүйнө таанымы баланын кийинки мүнөзүнө чоң таасир берет. Андыктан бул абалда үй-бүлө энени камкордукка алуусу зарыл.

ТӨРӨЛҮҮ

Бала жарык дүйнөгө келгендеги алгачкы мүнөттөр өтө маанилүү. 9 ай бою суу ичинде, энесинин курсагында жаткан бала ага чоочун болгон дүйнөгө келет. Бала коркот, стресс болот. Мындайда эненин көкүрөгүндө жатуу ага ырахат тартуулайт. Эненин жүрөк кагышы, үнү, анын коопсуз жерге келгенинен кабар берет. Кыргыздарда көп учурда уул күтүп, кыз төрөлүп калса энеси жээрип, колуна алгысы келбей, жүзүнө карагысы келбей өзүн алыс кармайт. Бул бала үчүн өтө кооптуу. Мүнөзүндө ишенбөөчүлүк орун алып, “эч ким мени сүйбөйт же менин эмнемди сүймөк эле?” деген психикалык оор кырдаалга дуушар болот.

ЧОҢОЮУ

“Баланы колуңа алба, көнүп калат. Сен ишиңди кыла бер, мен карап турам” дешип көп учурда кайын журт тарап эне-балага чогуу убакыт өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Келиндердин иши чачтан көп. Билип коюңуз, алгачкы бир жыл балага эненин сүтү, жытынан башка жоошута турган нерсе жок. Бала үчүн эне аалам, анткени башка эч нерсени биле элек. Сиз өзүңүздү ааламдан ажыратып көрө аласызбы? Стресс болосуз, ээ? Бала да дал ошондой.

ЭНЕНИН СҮТҮНӨН ЭРТЕ КАЛГАНДАР

Элибизде миграциялык агым күчөп турат. Энелердин кулагына күмүш сырга, башка нерсени тапса болот, бирок бала менен үзүлүп калган эмоционалдык байланышты калыпка келтирүү кээде такыр мүмкүн болбой калат. Сүт менен балага көп нерсе барат. Эмчектен чыгарып, чоң эне, таенеге же бала багуучуга берүүгө туура келди дейли. Бала сүттөн да айрылып, энесин да көрбөй калат. Бала акылы эмес, аң-сезиминин тереңинде, ал тургай денеси менен бул нерсени өмүр бою эстеп калат. Ташталып калуу коркунучу менен жашайт. Өмүр бою таарынчаак, ызакор, өзүнө ишеним сезбеген адам болуп калыптанат. Чоңойгондо эч кимге байлана албай, оңою менен үй-бүлөлүү боло алышпайт. Кимдир бирөөгө ишенүү бул балдар үчүн тозок болот. Түгөйүнө ишенбей жүз жолу шектене берген адамдар ушулардан чыгат.

ЭС-ТУТУМ...

Баланын кичине кезиндеги сезимдери компьютердин эсинде сакталып калгандай көмүскө туюмда (подсознание) сакталып калат. Аны эч ким өчүрө албайт. Бала токмок жесе, ага каяша айтуу укугу берилбесе, “оозуңду жап” деген сөздү энесинен көп укса, баркталбаса, энеси тарабынан туура баа берилбесе, кийин өзүнүн укугун коргой албаган адам болуп чыгат. Мындай адамдар аз маянага ыраазы, жетекчиси сөккөнүнө да кайыл. “Мен бул абалга татыктуу эмесмин” деп айтууга эрдик кыла албаган коркок адамдар келип чыгат. Өзүн коргой билген баланы тарбиялоону кааласаңыз, аны рамкага салбай чоңойтуңуз. Пикирин угуңуз, сизден коркпогондой өз оюн ачык, так, даана айта алгандай тарбиялаңыз.

ЭНЕНИН СҮЙҮҮСҮ

Тагдырыбыздагы эң маанилүү нерсе – эненин сүйүүсү. Эне тарабынан сүйүлбөсө, кичине кезинде камкордук, мээрим албаса бала чоңойгондо да бактылуу болбойт. Балким, ийгиликтүү болот, бирок сүйүү жетпеген бойдон калат. Дүйнөнү канга каптаган император, хан, диктаторлордун тарыхын окуп көрүңүз, буга чоң далил. Эненин мээримине тойбогон адамды дүйнө тойгуза албайт. Мындайлар өмүр бою сүйүү издейт. Табат, бирок кимдир бирөө аны сүйүп жатканына ишенбей кыйналат, кабыл ала албайт, коркот. Анын бала кезиндеги көмүскө туюмунда сүйүү алуу же берүү жок. Каршысындагы адамды оолактатат, кетип калгандан кийин “айтпадым беле, сүйүү деген жок” деп өзүн алдайт. Кайра эле сүйүү издей берет. Энелер, баланы кичине кезинде сүйүүгө, мээримге тойгузгула. Иш, карьера качпайт, тиричилик эч эле бүтпөйт. Бирок учурунда бере турган нерсеңизди бере албай калсаңыз, кийин бала кабыл албашы мүмкүн. “Мен апам менен жакын эмесмин, сүйлөшө албайм” деген кептерди угуп каласыз, ээ? Буларда эне менен баланын эмоционалдык байланышы үзүлүп калган. Кийин байланыштырса да кубаттуу болбойт. Чыйралган жерине келип үзүлөт да, экөө кайра эки жакка кетет.

СҮЙҮҮНҮН ЧЕГИ

Баланы сүйүү анын бардык каалоосун аткара берүү, каалагандай нерсени жасатуу эмес. Сүйүү жүрөктөн чыгат, аны бала сезет. Эне сүйүп, ошол эле учурда ага чегин көрсөтүп берүүсү керек. “Сенин чегиң бул, сен кыздарды урба, жаман сөз айтпа, чоңдорго кол көтөрбө, мага бакырба, мен сенин энеңмин”. Бала бул чектерди билип өспөсө, коомдо ордун табышы кыйын болот. Баланы сүйүңүз, бирок ага жоопкерчилик артканды, эмгекке бышырууну да билүү керек.

БАЛАНЫ КАРЫЗ КЫЛБА...

Эне бүтүндөй жашоосун балага арнап койгону туура эмес. Өз кызыкчылыгы, инсан катары өсүүсү, аял катары күйөөсү экөөнүн ортосундагы мамилеси да маанилүү. Өмүрдү балдарга арнап коюп, балдар чоңоюп кеткенде өз жашоосун кантип жашаарын билбей калгандар болот. Мындайда балдар өзүн карыз сезет. Сиз кимдир бирөөгө карыз учурда өзүңүздү оор сезесизби? Демек, балаңыздын ийинине да ал жүктү артпаңыз. Бактылуу болуңуз, жашоодон ырахат алып жашаңыз, сизди көрүп чоңойгон бала сөзсүз жашоону даамдап, татып, ширесин чыгарып жашайт.

Макаланын максаты энелердин кемчилигин чукулоо эмес, мындан аркы мамилени түзөтүп кетүү. Эне боло электер үчүн кош бойлуулукту пландоо, энелер үчүн ачылган курстарга баруу туура. Эне болуу чоң жоопкерчиликти, күчтү, сүйүүнү талап кылган бир ыйык милдет. Эне болуу төрөп коюу менен чектелбейт. Бүгүн эмнени сепсек, эртең ошонун түшүмүн аларыбызды унутпайлы, энелер.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
GS-Zari
2021-06-21 11:26:37
Сонун кенештер!!!
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-21 12:28:30
Рахмат, Абдан керектүү маалымат!
0
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан