Султан Садыралиев, ырчы: “КРИЗИСКЕ КАБЫЛЫП КӨРӨ ЭЛЕКМИН”

“Менде бир дос бар” деп кыңылдаган жигиттерди көп көрөсүзбү? Ошол ырдын автору, элдин сүймөнчүгү Султан Садыралиев бул жолу гезитибиздин башкы бетин кооздоду. “Досторум” ыры, чыгармачылык, ырды сатуу же сатпоо тууралуу, айтор, түрдүү темада маек болду. Султанды сүйгөндөр, барсыңарбы? Анда кеттик...

– Султан, салам, жакында эле “Досторум” деген ырың чыкты, досторуң чалып “мен ырдын кайсы жериндемин, ыя?” деп сураган учурлар болдубу?

– Саламатсыздар, ооба, жыйырма чактыдай досторум ырды уккандан кийин ушундай суроо менен кайрылышты чын эле (күлүп). "Мен кайсы жериндемин ырыңдын?" дегендерге бир эле жооп бар, "сен өзүң кайсы жериндемин деп түшүнсөң, ошол жериндесиң" дедим. Идея ыр жаздырган студияда пайда болду, баарыбыз отурганда эле “менде бир дос бар” деп ырдап калдым. Кайрыктар окшошо түштү. Обонун чыгардым, ким ыр жазган студияга келсе эле “сенде кандай достор бар?” деп сурай берчүмүн. Алар айтып берип, сөзү бир саптан кошулуп жатып жаралып калды. Ортодо маданиятсыз сөздөр да чыгып кетти (күлүп). Өзүмө жакпай жаткан жерлерин акын агабыз Жылдызбек Турсунбаевге көрсөтүп, чогуу оңдоп чыктык. Ыр элге жаккан болсо кубанычтамын, жакшы достор көп болсун, ээ?..

– Ооба. Маекке жолугууга келгенде ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков болуп чогуу жүрүпсүңөр, азыр деле мурункудай жакынсыңарбы?

“Менде бир дос бар, тууган болуп калгандай” (ырдап). Үчөөбүз достон да өтүп кеткенбиз. Бир тууган болуп калдык окшойт. Сагынышып калганда ушинтип айрыла албай калабыз. Студенттик жатаканадагы кезден бери жөлөшүп-таяшып, чогуу келе жатабыз. Башкача болушу мүмкүн эмес го.

– Мезгил көбүбүздү өзгөртөт эмеспи, кайсы бир учурда атактуулук өзгөрттүбү сени?

– Ооба, өзгөрткөн. Ал кезде эми бала эле болчумун да. Сахнада жүргөнүмө 15 жылдай болуп калды. Эркектер өзү токтолушу кыйын болот окшойт, ошол учурда бир аз кыйын болуп калсам, азыр чын дилимден элимден кечирим сурайм. Эл менин жамандыгымды жашырып, жакшылыгымды ашырып келе жатат. Ыраазычылык билдирем.

– Жакында жаш ырчыбыз казак ырчысынын ырын ырдап койгон экен. Алар сотко беребиз деп жатып калышты. Казак ырчыларына ырларыңды бекер берсең керек эле?

– Ооба, көп эле ырларымды ырдап жүрүшөт. “Байтерек” тобу “Эгиз жүрөктү”, Айкын “Жөнөкөй жигитти” ырдап жүрөт. Ыр ырдалыш үчүн жазылат да, мен антип бирөөдөн ыр кызганганды туура көрбөйм. Көп ырларымды жаш ырчылар ырдап жатышат. Кээ бири сурайт, кээ бири сурабай деле коёт. Кийин угуп калам. Аларга таарынбайм деле.

– Мурунку алдыңардан чуркап, жолуңарды карап, чурулдаган күйөрмандарыңардын баары азыр социалдык тармактарга көчүп кетишти. Сагынасыңбы?

– Замандын талабы деп эле түшүнөм. Ильяз Абдыразаков маегинде “Супер-Инфо” мурун Инстаграмдын ролун аткарчу” дептир. Ошол туура, бардык маалыматтар сиздердин гезит аркылуу элге тарачу. Күйөрмандарымды сагынам, жык-жыйма элге жандуу үн менен концерт бергим келет, ырахаттанып жыргап алгым келет.

– Чыгармачылык кризис болуп турабы?

– Жок, мен ушуга эмнегедир кабылбайм. Ырларды чыгаруу, ырдоо кесибим. Токтолуп же такалып калган учурум боло элек.

– Жан дүйнө кризиси болгонбу?

– Жок, андай да болбойт. Мактангандай болбоюн, бирок жубайым жума сайын жарым саат тренинг өткөрүп турат. Жан дүйнөм менен ал сүйлөшүп, дартын чече алат. Ошол киши дарылап, айыктырат. Кыйналган учурга жеткире элек.

– Эркектерди үй-бүлөлүү болгондон кийин токтолот дешет?

– Ооба, өзгөрөт. Көп нерседен коркуп каласың, өзүңдөн эмес, албетте, "мен бир нерсе болсом тигилер кантет?" деп ойлонуп каласың. Абайлап турасың. Балдарыма да аябай жумшакмын.

– Жубайыңды социалдык тармактардан көрүп калабыз. 3 баланын энеси болсо да жапжаш, буга сенин да үлүшүң болсо керек?

– Келинчекти алгандан кийин сөзсүз карап, капа кылбаш керек. Эркектер аялдарын машинага окшоштуруп коюшат. Анын сыңарындай убагында карап, бузулган жерин оңдоп, май куюп жакшы карасаң эле жакшы сакталат экен (күлүп). Бул эми тамаша. Жубайым өзү жасанып, боёнуп жүрбөгөн үчүн да жаш көрүнөт болуш керек. Биздин баалуулуктарыбыз да окшош, мен жашоону кандай кабыл алсам, ал дагы ошондой кабыл алат. Сүйүү чогуу жашаганда азайып кетет дешет, биздики, тескерисинче, көбөйүп бара жатабы дейм (күлүп). Ушул убакта деле жаңы баш кошкондой эркелешип турабыз. Балдарыбыз да буга көнүп калышкан. Бир келген жашоодо эми ушундай таттуу жашап өтүш керек.

– Өмүрдөн эмнени баалап жашайсың?

– Өмүрдүн өзүн баалап калдым окшойт. Атырыла бербей шүгүр деп, каниет кылып жашап калдым. Анткени өмүр өтө тез өтөт экен, бир жолу көзүмдү ачсам апам мектепке алып барып жаткан, дагы бир жолу көзүмдү ачсам эле үч баланын атасы болуп калыптырмын. Эми бир жолу көзүмдү ачсам 70те болуп каламбы (күлүп)? Ошол үчүн жашоону татыктуу жашап өтөлү.

– Сен тууралуу китеп жазылса эмне деп аталмак?

– Өзүмдү анча жогору баалай албайм. Мен тууралуу китеп жазылбайт болуш керек. Ошондуктан айта албайм.

– “Мен ушундай жөнөкөй жигит” дечи. Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Султан Садыралиев: “Жан дүйнөлүк кризиске кабылып көргөн жан эмесмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mubarak
2021-06-21 23:43:58
Кыскабы балдары,жубайынын кесиби жонундо сураса болмок екен
0
Nina.alex
2021-06-25 00:11:25
Бир ондуу комментарии жок. Эч кимге кызык болбой калыптыр ырчы. Кризис ке кабылганын ушул
0
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан