Авто кырсыктан үй-бүлөсүн жоготкон ата: “МЕНИ 2 КЫЗЫМ МЕНЕН ЖУБАЙЫМДАН АЖЫРАТКАНДАР МАС ЭКЕН”

2021-жылдын 12-июнунда Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыгы катталды. Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жол жээгинде токтоп турган Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Ошол учурда Фольксвагенде Кубанычбек Койчуматовдун үй-бүлөсү, тагыраак айтканда, жубайы, 2 кызы, баласы болгон. Кырсыктан улам жубайынан жана эки кызынан айрылган Кубанычбек мырза бизге кырсык тууралуу айтып берди.

“3 БАЛАМ МЕНЕН БАКТЫЛУУ ЖАШАП ЖАТКАНБЫЗ”

– 1987-жылы Сары-Камыш айылында төрөлгөм. 8 жыл мурун үйлөнгөм. Үй-бүлөм менен Балыкчы шаарында жашап жаткам. 3 балам бар эле. Жубайымды, 4 жана 1 жашар кызымды авто кырсыктан улам жоготуп отурам. 7 жашар уулум аман калды. Аны Бишкекке ооруканага текшерилүүгө жибердик. Кырсык тууралуу айтсам, биз үй-бүлөбүз менен Балыкчыдан Сары-Камышка бара жатканбыз. Ушул эки аймактын ортосунда талаа бар, ошол жакта биздин жер тилкебиз бар. Ошол жердеги зымдарды ала кетүү үчүн токтогонбуз. Мен машинаны токтотуп сыртка чыгып кеткенде балдарым апасы менен унаада калган. Зымдарды алып келе жатсам, дөңгөлөк жарылгандай үн чыкты. Аңгыча күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жаткан унаа менин унаамды сүзүп жолдон чыгып кетти.

“БАЛДАРЫМ УНААНЫН ТЕРЕЗЕСИНЕН ЫРГЫП КЕТИШИПТИР”

– Чуркап барсам, 3 балам унаанын ичинде жок экен. Арткы орундукка келинчегим кыпчылып калыптыр. Айланып келип жубайымды чыгарайын десем, балдарым эс-учун жоготкон тейде жерде жатышыптыр. Алар унаанын капталындагы терезеден ыргып кетишкен экен. Ошол жерден ортончу кызымдын чарчап калганын билдим. Анткени чекеси айрылып, мээси чачырап кетиптир. Келинчегиме биринчи жардам көрсөтөйүн десем, жаак сөөктөрү чыгып кеткен окшойт, кычырап үн чыгып, кан агып жатты. Ошол жерден нес абалда болуп, кимисине кандай жардам береримди билбей калдым. Анан милиция кызматкерлери менен "Тез жардам" кызматы келди. Бирок алар жардам бере алышкан жок, үчөө ордунан жан беришти.

“АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮ ЖОК, МАС АБАЛЫНДА РУЛГА ОТУРГАН”

– Биздин унааны сүзгөн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Т.Ж. аттуу кызга таандык экендиги белгилүү болду. Бирок рулду 1987-жылы туулган А.М. аттуу эркек киши башкарып бараткан. Унаада анын ээси да бар болуп, рулдагы эркек экөө тең мас экен. Эркек башында өзү деле мас экенин моюнуна алып, 4 бөтөлкө сыра ичкенин айтып жаткан. Анын айдоочулук күбөлүгү жанында жок болуп чыкты. Өзүнүн айтымына караганда, негизи эле күбөлүгү жок экен. Экөө соолуга алышпай унаада отурушту. Берки кыздан сураганыбызда “мен эч нерсе билбейм, жүргүнчү болчумун, уктап келе жаткам” деген. Дарыгерлердин айтымында, ал дагы мас абалда болгон. Өзүбүзгө эми келип, 15-июнда арыз жаздык. Азыркы тапта унаанын ээси менен рулдагы эркек Бишкекте дарыланып жатышат. Экөө тең олуттуу деле жаракат алышкан эмес, ооруканага догурунуп эле жатып алышты окшойт.

“УНААНЫН ЭЭСИ ИИМДЕ ИШТЕЙТ ЭКЕН”

– Биздин коркконубуз – Мерседес унаасынын ээси Т.Ж. Тоң РИИБинде эмгектенип, наамы капитан экен. Ал өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, же милиция менен ич ара сүйлөшүп алышы мүмкүн деп кооптонуп жатабыз. Анткени унааны башкарып бара жаткан эркекке ооруканадан кезиккен учурумда “соо эле болчумун, кыздан унааны сатып алгам” деп мурунку айткандарын танып койду. Жигит унааны катуу айдап бара жатканы видео көзөмөлгө түшүп калган. Буга күбө болгон адамдар да бар. Ойлорун өзгөртүп калгандарына караганда, буларга бирөө кеңеш берип жатат окшойт. Биз 3 адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепчи болгондор мыйзам чегинде жазасын алсын деп талап кылабыз.

“КЫРСЫККА ЖОЛДОР ДА СЕБЕПЧИ БОЛОТ”

– Кошумчалай кетсем, кырсык катталган жолдун бөлүгү оңдоло элек болчу. Акчасын кимдир бирөөлөр жеп кеткенби билбейм, көпүрөлөр чала-була жасалып, дөң бойдон калган. Анын кесепетинен ушул бөлүктө жол кырсыктары көп кездешет. Көпүрөнүн айынан 1 жыл мурун айылдашыбыз каза болгон. Андан башка деле каза болгондор, майып болуп калгандар толтура. Жолдун мындай абалын билбегендер катуу ылдамдыкта бара жатып кырсыкка кабылышат. Муну айтып жатканымдын себеби, биздин унааны тигилер көпүрөдөн 100 метр өтүп барып сүзгөн. Жолду оңдоодон өткөрүп, бүтүрбөсө дагы башкалардын башына азап алып келиши мүмкүн.

“БИР ЗАМАТТА ҮЧ ЖАКЫНЫМДАН АЖЫРАДЫМ”

Жалгыз кызынан айрылып, айласын таппай отурган Балбүбү Асипова кылмышка шектүүлөр кырсык учурунда мас болушканын четке кагып жатышат дейт:

– Кызым Аида Үмөталиева 1988-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Өзүнөн кийин эки иниси бар. Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетин аяктаган. Турмушка чыгып, удаа үч бала төрөп, орто жолдо банкта иштеп жүрдү. Акыркы учурда эмчектеги баласы менен декреттик өргүүдө болчу. Кызым каза болор күнү телефон аркылуу сүйлөшкөм. “Апа, балдарды силердикине таштап койбойлубу, биз айылга бара жатабыз” дегенинен макул болгом. Бирок жээндерим “биз таенемдикине барбайбыз” дегенинен өздөрүнө кошуп ала кетишкен экен. Эгер таштап кеткенде балдарын аман алып калмак экенбиз.

Бир заматта үч жакыныбыздан ажырап, какшап отуруп калдык. Күйөө балам экөө чакан бизнес ачып, машина алып, очор-бачар болуп келе жатышкан. Кызымдын, жээндеримдин өлүмүнө себеп болгондор сөзсүз жазасын алыш керек. Бизден кечирим суроонун ордуна, “биз мас эмес болчубуз, мен 40 күн мурун сыра ичкем, ал чыга берет” деп догурунуп жатышат.

"Супер-Инфо" гезити экинчи тараптын да пикирин угууга даяр.

Статистика сүйлөйт:

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын статистикалык маалыматына таянсак, 2021-жылдын январь айынан 11-июнга чейин республика боюнча 3020 жол кырсыгы катталган. 4331 адам жабыркап, 263 адам көз жумду.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Guliza-86
2021-06-21 13:58:36
Мыйзам чегинде жоопко тартылып,жазасын алуу керек.Бир заматта үй бүлөсүнөн айрылып калыптыр.Бул нерсени башынан өткөргөн же жакындары гана түшүнөт.Сабыр тилейм.
+11
Nursul
2021-06-21 19:58:41
Мыйзам иштесе баарына бирдей иштесин, жогорку кызматтагыларга келгенде иштебей калбай. Сабыр тилейм сабыр кылыңыздар. Казматына таянып соттун оозун жаап сиздерди коркутуп жатса телевидение же газета журналдар чыгарбаса да интернетке видео кайрылуу жасаныздар капитан болсо өзүнө капитан да мыйзам биринчи ушуларга иштешикерек коркутуу болсо элге кайрылыныздар сотторунан бери көтөрүп түшөлү
+9
Batken-i-love-you
2021-06-24 19:50:44
Мас болобу, соо болобу баары бир жазасын алышы керек мыйзам чегинде.
+5
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан