КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Не понял! Сен эмне мени коркутайын деп турасыңбы? Давай, камакка ал. Түштөн кийин башың ыргыйт... Ушуга чейин милицияда эшек такалап жүрдү дейсиңби?! Мен камакта жатып да сенин башыңды алып коюуга кудуретим жетет. Ушуну кыла албасам анда Бакыт атым өчсүн!

– Билгениңди кыл,- жаш тергөөчү да кекээрлене жооп берди. Ал ордунан турары менен сырттан милиция кызматкери келди да, Бакыттын колуна кишен салып бөлмөдөн алып чыгып кетти.

Көп деле күткөн жок. Телефонуна чалуу келип баштады.

– Ало...

– Даиров... Эми ушунун эмне кереги бар эле? Ал деген милицияда “уважаемый” киши да. Чыгарып кой, давай!

– Жок... Ал адам өлтүрүүгө шектелип жатат. Кызматынан ашыкча пайдаланган. Андай адам погон тагынууга татыксыз!

– Эй, Даиров, биротоло Бэтмен болуп кетесиң да. Сен Кыргызстандасың, унутпа! Давай, азыр чыгарып кой!

– Ал чыкпайт!

– Чыкпаса анда иш башкага өтөт! Бул буйрук... Түшүндүңбү, аткар! Чыгар аны... Ордуна өзүң барып кала электе.

Жаш тергөөчүнүн итатайы тутулуп, ачуусу келип чыкты. Дайыма ушул... Бирөөнүн байкеси, бирөөнүн кудасы, таякеси болуп чыга келет. Эч болбоду дегенде “ал “уважаемый” киши да, чыгар” дешет. Мыйзам алдында баары бирдей деп бакылдашат. Бирок мыйзам өздөрүнө каршы келгенде мыйзамсыз жолдор менен кутулууга бар аракетин көрүшөт.

– Шеф, 48 саат жатсын!

– Жатпайт! Чыгар!

ххх

Бакыт убактылуу кармоочу жайдын эшигинде шарак этип ачкыч буралганын угуп өзүнчө кудуңдап койду.

– Ии... Дарамети ушул бекен?!- деп сүйлөндү. Эшикти ачкан милиционер да жылмайып койду.

– Кайсы жерде жүрөт?

– Жанагы бөлмөдө отурат.

Биротоло жалынын өчүрүп кетиш керек. Кара муну тим эле...

– Ии, желиң чыга түшүптүр го... Азууңду алың жеткенге көрсөтүп жүр, уктуңбу?! Эми көзүмө көрүнчү болбо! Кийинкисинде мен сени соо койбойм!

– Биринчисинде кутулдуң! Кийинкисинде мен сени чыккыс кылып камайм! Күт ошону... Эркиндиктеги күндөрүңдү эсептеп тур... Ашып кетсе 6 күндө погонуңдан айрып, зек кылам сени!

– Э, щегол!

– Чыгып кет!

ххх

Тилек жаткан палатага тергөөчү кабак бүркөй кирип келди.

– Абалың кандай?- жаш тергөөчү өткөндө эле сиз-биз деп сүйлөп жаткан, бүгүн сенсиреп калыптыр.

– Кудайга шүгүр...

– Анда мындай... Тетиги шефиң Бакыт деген немеге каршы көрсөтмө бере аласыңбы?

– Эмне болуп кетти?

– Сенин чыккың келеби? Бакытты экөөлөп чабабыз. Мен сага эркиндикке чыгарыңа кепил болуп берем...

– Түшүнбөдүм...

– Түшүнгөндө эмне, же ал экөөбүздү жейт, же биз аны... Мен, мисалы, жем болгум келген жок бирөөгө. Сенчи?

Тилек бул жаш тергөөчү менен Бакыт экөөнүн ортосунда ызы-чуу чыкканын айттырбай түшүндү. Бул нерсе анын чырагына ого бетер май тамызды. “Менин душманымдын душманы мага дос” дечү беле? Бирок шашпаш керек.

– Бакыт аябай кекчил адам... Эгер ал экөөңдүн ортоңдо чыр чыккан болсо сени биротоло жумушуңдан кууп чыкканча же жаныңды алганча моокуму канбайт. Анын абдан таасирдүү тааныштары бар. Журналисттер менен ызы-чуу көтөрүп, өзүмө көңүл бурдуртуп жатканымдын себеби ошол. Мени сактаса азыр коомчулук гана сактайт. Элдин баары карап туруп алган үчүн эмне кыларын билбей турат. Болбосо Бакыт эчак мени өлтүрмөк.

– Эмне дегиң келип турат ошондо?

– Сен деле журналисттердин, коомчулуктун артына жашын мени менен кошо. Болгону билгизбе... Менин сыртта атам бар. Ал киши менен жолук. Суракка алымыш болуп болгонун болгондой айтып кой. Калганын атам бүтүрөт...

– Ошентсем эле Бакытты жайлайм деп турасыңбы?

– Азамат, сен коомчулуктун күчүн билбейт экенсиң. Эгер сен чындап Бакытка каршы болсоң, мен ага каршы көрсөтмө берем. Дагы ызы-чуу көтөрөбүз, иш токуп туруп тыгып коёбуз.

– Антип баштасам ишти менден алып коюшат.

– Ошон үчүн журналисттер керек, ошон үчүн коомчулук керек... “Ким маалыматка ээлик кылса, ал дүйнөгө ээлик кылат” деп бекер айтышпайт да.

– Билесиңби? Эгер сен Бакытты ушул жумада ошол коомчулуктун күчү менен камакка алдыра турган болсоң, мен сага толук ишенем. Кийинки жумада эркиндикке чыгып каласың.

– Мен ушул жумада чыксамбы деп жаткам...

– Балким, ушул жумада...

ххх

Бакыт түшүнбөй калды. Номерин кайдан-жайдан алганы белгисиз, айтор, ага ар кайсы жактан журналисттер чалып башташты. Ал азыр комментарий бере албай турганын айтып бүтө электе өзүнө тааныш номурдан дагы бир чалуу келди.

– Бакыт... Иш чатак болуп калды. Өйдө жактан чалышты. “Бир адамдын айынан бүтүндөй МВДга көө жаап жатасыңар” дешти. Кечирип кой, бирок сени бүгүн камакка алышат.

Бакыт шалдая отуруп калды.

ххх

Мирбек менен Марс ооруканадан чыгып кетүүгө даярданып жатышкан. Алар акыркы иштерге таң калып бүтө элек. Бардык жерде Тилек тууралуу гана айтылып жаткандай сезилди аларга. Телевизордо, гезитте, сайттарда...

Капыстан алардын палатасына баякы кекеч орус жигит кирип келди.

– Эмне болуп жатат? Түшүндүргүлөчү мага... Эмнеге бардык жерде тиги жигит жүрөт?

– Биз дагы түшүнбөй турабыз. Бул Тилек атайын бир пиар компания иштетип жаткандай. Анын ар бир кадамына көз салып жатышат. Каякка алпарышты? Кайсы жакта жатат? Баары белгилүү,- деди Марс түшүнгөн кишидей.

– Ал эмнеге минтип жатат?

– Өлтүрүп коюшпасын деп жатат го. Резонанс болуп турганда ага эч ким тие албайт. Чыкканга аракет кылып жатат.

– Чыгып кетиши мүмкүнбү?

– Жок, чыга албаса керек.

– Бул жанагынча акча менен чыкса чыгып деле кетет,- Мирбек сөзгө аралашты.

– Эгер ал сыртка чыкчу болсо силер менен чогуу бир иш кыла алабызбы?- кекеч жигит сурады.

– Эмне иш?

– Анда акча бар экенин билет экенсиңер. Акчалуу болгуңар келеби? Аны уурдайбызбы, коркутуп алып кетебизби, кыйнайбызбы билбейм, бирок акча кайда экенин айттыруу керек...

– Акчаны сыртка чыгарып кеткендир.

– Жок... Акча бул жакта. Болгону Тилектен жакшылап сураш керек. Айтууга аргасыз кылыш керек.

– Ал бардык маалыматты бир адам үчүн гана айтып бериши мүмкүн,- Марс сөзүн аяктабай табышмак каткан кишидей кымыңдап туруп калды.

– Кайсы киши үчүн?

– Анын атасын уурдоо керек. Атасы үчүн ал бардыгын кылат...

– Мен мындай кылмышка барбайм,- Мирбектин коркуп кеткени билинди.

ххх

Кечте күтүлбөгөн жерден береги жаш тергөөчү кайрадан Тилек жаткан палатага кирип келди.

– Көрсөтмө берүүгө даярсыңбы?

– Эмне шашылышпы?

– Мен Бакыттын жаңы “косягын” таап чыктым.

– Та-ак...

– Ал жанагы Ороз деген досуна оңбогондой акча карыз болгон экен.

– Та-ак...

– Эмне та-ак? Эмне? Түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Карыздан кутула албай калганда досун өлтүргөн деген кабардын темасы ызы-чуу жаратарын сезбей жатасыңбы? Мага ушундай көрсөтмө бер. Менин тапанчамдан досуна ок чыгарды де... Досуна карыз болчу экен. Карыздан кутулуунун ордуна, досун өлтүрүп коюуну туура көргөн. Бирок өзү шектүү болбош үчүн менин табелдик куралымдан ок чыгарып, күнөөнү мага оодарып коюуну көздөгөн деп айтып бер... Болду. Сен чыгасың...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Beka1986
2021-06-21 09:21:40
Коп коп чыгаргылачы,азго
+2
Beka0007
2021-06-21 12:59:29
Тилек ушинтип отуруп начальник милиция болуп калат окшойт Бакыттын ордуна.
0
Nurtoruk
2021-06-21 16:34:54
аазго 1жума кутсом
0
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан