КАЗАК ЫРЧЫЛАРЫ КАЛЫС ЖАКЫПОВДОН АКЧА ТАЛАП КЫЛЫП, СОТКО БЕРИШТИ

Ырчы Калыс Жакыпов казак ырчыларынын ырларын сурабай ырдап коюптур. Ыр чыккандан кийин казак ырчыларынын бири Калыс Жакыповдон акча талап кылса, экинчиси аны сотко берди. Окуянын чоо-жайын Калыс мырзадан билдик. Буга карата башка ырчылардын оюн угуп көрдүк. Ал эми казак ырчыларына социалдык тармактар аркылуу кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

“МЫНДАН АРЫ КАЗАК ЫРЛАРЫН ЫРДАБАЙМ”

– Мен казак ырчысы Нурболат Абдуллиндин “Вальс” деген ырын тойлордо, тар чөйрөдө ырдап жүрчүмүн. Кийин жаздырып ырдайын деп Нурболат Абдуллинге уруксат сурап жазсам жооп болгон жок. Аны менен эки жолу Бек Борбиевдин концертинде көрүшүп, тааныш болуп калганбыз. Ал Бек байкенин жана башка кыргыз ырларын ырдап эле жүрөт. Жооп болбогондон кийин “эч нерсе дебесе керек” деп ырды жаздырып, клип тарттырып, Ютубга жүктөп койгом. Анан алар мени сотко бергени тууралуу кагаз Кыргыз патентке келиптир. “Эмне үчүн сотко берди, эми эмне болот?” деп тактап сураган да жокмун, кызыккан да жокмун. “Берсе бере берсин” деп койдум. “Бул менин ырым” деп ырдаган эмесмин. Авторду көрсөткөм. Тойлордо азыр деле бул ырды ырдап жүрөм. Бирок медиага чыгарбайм. Ыр Ютубдан өчүрүлдү.

Анан Рахымжан Жакайым ырдаган “Сен мага массың” деген ырды кавер ырдадым. Бул ыр казактардыкы эмес, каракалпактардын ыры. Ютубга киргизсем, ал жактан арыздануу жиберип ырды өчүрттүрүп салышты. Анткен менен ырдын мен ырдаган варианты башка социалдык тармактарда тарап жүрөт. Бул ырды автордон сураган эмесмин. Бул кавер да. Каверди сурабай эле ырдайт. Ютубда 4 күндө
170 миң жолу көрүлдү. Алар менден 2 миң доллар сурашты. Ыр жакшы тарап кеткени үчүн ушундай кадамга барышты окшойт. Мен аларга “ушул ыр үчүн Ютубдан түшкөн акчанын баарын силерге берип турайын, ыр тура берсин” десем көнүшкөн жок. 4 күндүн ичинде 100 доллардай акча түшкөн.

Кыргыз ырчылары мага колдоо көрсөтүп жатышты. Алмаз Шаадаев “жаш бала да, кызганбай эле берип койбойт белеңер” деп Инстаграмдан пост жазды. Эки ырчы тең Алмаз байкени “кара тизмесине” киргизип коюшуптур. Нурлан Насип “эмнеге антип жатышат? Биздин ырларды ырдап эле жүрүшпөйбү” деди. Менин автордук ырларымды казак балдар сураганда жөн эле берем. Бир жыл мурун “Туулган күн”, “Сен” деген ырларымды бергем. Ал ырчынын атын унутуп жатам. Мындан ары казак ырларын ырдабайм.

Нурлан Насип: “ЫРДЫ ЭЛГЕ ЖЕТСИН, ЭЛ ЫРДАСЫН ДЕП ЧЫГАРАБЫЗ”

– “Бир кумалак бир карын майды чиритет” дегендей, чыгармачыл адамдардын арасында да ар кандайы болот. Казактар менин ырларымды сурашса, өзүм тааныган, чыгармачылыгын баалаган ырчыларга бекер берем. Сатып алгандар да көп болгон. Сурабай ырдагандар да көп. Сурабай ырдап алгандарга Кыргыз патент аркылуу кайрылып, бирок чара көрө албай койгонбуз. Кыргыз патент, балким, алсыздык кылды. Аларда бат эле чара колдонуп ырларды өчүрттүрүп жатпайбы. Ырдап туруп, биз менен урушуп, телефон номерибизди “кара тизмеге” салып койгондор да болгон. Бул көп жыл мурун болгон. Балким, азыр Кыргыз патент күчтөнүп калгандыр.

Калыс, балким, бул ырларды авторлордон сурабай ырдагандыр. Эмне болсо дагы автордун алдынан өтүп сурап коюш керек.

Нурболат Абдуллин менен мамилем жакшы. Казакстанга барганда жолугуп калабыз. Менден бир жолу “Унутпа” деген ырымды сураган. Мен жооп бербей калгам. Уруксат болбогондон кийин ырдаган жок. Рахымжан Жакайм болсо, угушума караганда, көп ырларымды мага айтпай эле которуп ырдап жүрөт экен. Анысына көңүл бурган жокмун. Ырды элге жетсин, эл ырдасын деп чыгарабыз да. Бирок мээнет автордуку. Бул түйшүктүү иш. Элге алып чыккандан кийин бат эле которуп ырдап койгон бирөөнүн даяр тамагын жеп алгандай көрүнүш. Калыска “мага айтсаң сурап бермекмин” дедим. Нурболат Абдуллинге жолуксам “кой, антпегиле, силер деле биздин, биз деле силердин ырларды ырдап жүрбөйлүбү” деп айтам.

Ильяз Абдыразаков: “ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ АКЧАГА ТАКАЙ БЕРГЕНДИ ТУУРА КӨРБӨЙМ”

– Казактар биздин ырларды кээде сатып алышат, кээде сурап алышат, кээде сурабай деле ырдашат. Ортодо достук мамиле бар. Мен ырды талаша бергенди туура көрбөйм. Бир да ырымды сатам деген эмесмин. Алар өздөрү сунуштап калып 1-2 ырымды саткам. Сурабай ырдагандарга деле эч нерсе дебейм. Бирок ырды автордон сурап койгон, авторду айта жүргөн жакшы.

Ыр башка тилдерге которулуп ырдалып жатса автор кубануу менен кабыл алышы керек деп ойлойм. Чыгармачылыкты акчага такай берүүнү туура көрбөйм. Чыгарма акча менен бааланбашы керек. Илгеркилер “ыр элдик болуп калышы керек” дешчү эле го. Ырлар ушинтип хит болот. Ырчы ырдын чыгышына гана себепкер. Кээде ырларымды казактардын ырдап жүргөнүн Казакстанга барганда угуп калам. “Ырым жагып, талантымды баалап ырдап жатышыптыр” деп түшүнөм. “Акчасын албайсыңбы” деп да айтышат. “Кой, кыргыздын атын чыгара беришсин” дейм.

Гүлжигит Сатыбеков: “ЭРТЕҢ КАЛЫС СОНУН ЫРЛАРДЫ ЖАЗСА, АЛАРДЫН ДА ЫРДАГЫСЫ КЕЛИШИ МҮМКҮН”

– Кыргыз-казак бир тууганбыз. Илгертен бири-бирибиздин ырларыбызды ырдап келатабыз. Менин ырларымды сурашса белек катары эле берем. Казак ырчылары 30-40тай ырларымды ырдап жүрүшөт. Жарымы сурады, жарымы сураган жок. Ырды бирөө ырдасын деп жазасың да. Ырларым башка жакта ырдалып жатса бул жакшы нерсе. Мен такыр ыр саткан жокмун. Эмнегедир сата албайм. Акча төлө деп айта албайм. Чындап келгенде, мен ортомчумун. Кудай мага берип жатат. Ошону алып, элге ырдап берем. Кудай бергендин акысын беришим керек. Ушундай нерселерди да туура түшүнсөк жакшы болмок.

Ушундай окуялардан кийин Казак патент аркылуу мыйзам чегинде казак ырчылары ырдаган ырларыбыз үчүн гонорар бөлүнө тургандай кылып алсакпы деген ой келип жатат. Кээде кайра “ырдай беришсин” деп ойлоном.

Бул ырчыларга ынтымак каалайм. Нурболат Абдуллин менин бир-эки ырымды сурап ырдаган. Мындай окуяга жеткирбей, сүйлөшүп алышса жакшы болмок экен. Казак ырчылары менен эртең эле көрүшөбүз. Казакстанга тойлорго барып жүрөбүз. Алар бизге келишет. Эртең Калыс сонун ырларды жазса, алардын да ырдагысы келиши мүмкүн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Pepe93
2021-06-21 10:19:40
Рахымжандын уяты жок экен, аябай талантын баалайт болчум, дагы жакшы ырлары ОЗУ жазган эмес
+4
Alixan-Nookat.2015
2021-06-21 14:39:19
Ыр элдик болушу керек деп Ильяз жакшы айтыптыр, буларды казактар окуп сотко берүүдөн баш тартат болуш керек деп ойлойм же болбосо башка ырчылары айтаар биз деле ырдап жүрөбүзго жөн эле кой ырдай берсин деп.
+3
Nursul
2021-06-21 16:44:04
Казактардын бети деле жок алардын, Булардын кайрылууларына маани деле беришпейт алар. Саламга жараша алик алып аларга да ушундай мамиле кылып коюшса болмок биздин ырчылар.
+3
Aselya_9105
2021-06-21 17:38:58
Бизде кайсы ыр хит болуп чыкса сразу Казактар ырдап чыгат которуп. Кээ бири автордун атын атаса, кээ бири атабай коет, Гүлжигит Сатыбековдун айтканы да туура, эртең чын эле Калыс жакшы бир ыр ырдап чыкса казак ырчылар деле жөн калышпайт го.
+3
Erlan_95
2021-06-21 23:30:35
Ильяздын ырларын казактар оздоруку кылып алышкан уялбай эле. Бул казактардын ыры дешип. Калыстын уну аябай сонун, уккулуктуу, ошол учун ал ырдаган ыр дароо алынып кетет. Ичи куйуп атат да. Биздикилер дагы жини келип ошол биздин ырчылыпрдан алган ырдын баарына патент берип салса экен. Корот элек. Канча казак ырчылар ушулардын ырлары мн акча таап журушот
+3
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан