ТӨРӨБАЙ ЗУЛПУКАРОВДУН “ЖАСАЛМА ДИПЛОМУ” ТАЛКУУДА

Парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жогорку билими тууралуу диплому талкууда.

14-июнда УКМК мурдагы вице-спикер Төрөбай Зулпукаров жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталды деп маалымат таратты.

– З.Т.З. (ред.: Зулпукаров Төрөбай Закирович) 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин 3-курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин ал Кыргыз улуттук университети тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп, Жогорку Кеңештин депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк жүргүзүп турган мезгилде экинчи жогорку билим алган,- деп айтылат маалыматта.

Депутат өзү бул маалыматты четке какты. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова интернет желеси аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.

– Бул элдин көңүлүн абсурддук шек саноодон алаксытуу. Аны эмне үчүн УКМКнын
СИЗОсуна отургузгандыгын, эмнеге шектелип жаткандыгын бирөө-жарым түшүндүбү? "Кумтөр" иши боюнча" деген өтө катуу сөздөр гана болгон. Бирок күмөн такыр башкача,- дейт жактоочу.

Айта кетсек, Төрөбай Зулпукаров быйыл май айында УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан