КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УУЛУУ ӨСҮМДҮКТӨР

Иштегендердин айрымдары жайкы эс алууга чыкса, окуучулар каникулда жүргөн убак. Мындай кезде тоо, токойлорго барып эс алууну пландабагандар жок болсо керек. Эс алууда гүлүнө же мөмөсүнө кызыгып уулуу өсүмдүктү терип же жеп албоо үчүн эң уулуу өсүмдүктөрдү билип алуу оң.

Уу коргошун

Курамында 8ден ашык түрдүү алкалоид (уулуу зат) бар. Уу коргошунду аралаганда уусу аба менен, тергенде уусу тери аркылуу кирип организмге бат тарап кетет. Ууланганда адамдын шилекейи көп бөлүнүп чыгат, кусат, ичи өтөт, демигет, калтырап-титирейт, жүрөктүн кагышы бузулат, акыл-эс тумандайт. Катуу ууланганда жүрөк токтоп калат. Тамырынын буудайдай өлчөмүн жеп алгандар мүрт кетет.

Кара ит жүзүм

Кыргызстандын бардык жеринде, атап айтсак, огороддо, талаада, токойдо жана башка жактарда өсөт. Бийиктиги 50 сантиметрден 2 метрге чейин жетет. Курамында алкалоид бар. Мөмөлөрү бышкан кезде алкалоиддин деңгээли азаят. Ошондо деле мөмөсүн биртке жеп алсаңыз ууланасыз. Ичте оорутуу жаралып, адам кусат, башы айланат. Көп жеп алганда жүрөктүн согушу бузулуп, дем алуу кыйындайт. Калтырап-титирөө, эстен тануу, ал тургай комага түшүп калууга чейин жетиши мүмкүн.

Ак меңдубана

Бардык бөлүктөрү уулуу, курамында алкалоид бар. Айрым жерлерде “кара меңдубана” деп аталат. Меңдубана огороддо, тоолордо, жана башка жактарда өсөт. Боюнун бийиктиги 20-100 сантиметр. Уругу 5 жылга чейин өнүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калат. Мунун уругун көбүнчө балдар жеп алып ууланып калышат.

Кемпир муштум

Боюнун бийиктиги 30-75 сантиметрге жетет. Чөлдүү жерлерде жана адырларда, тоонун кумдуу, таштак жерлеринде кездешет. 7-8 түрү бар, айрымдарынын дарылык касиети бар. Курамында алкалоид бар. Сабагы абдан уулуу, гүлүндө жана уругунда уусу азыраак. Ууланганда адамдын шилекейи агат, кусат, башы айланат, жүрөгүнүн согушу бузулат, демигет. Оор ууланганда жөөлүйт, калтырап-титирейт, муздак тер басат.

Кемпир муштумду үзгөндө, жулганда ширесинин 2-3 тамчысы тилинген, кесилген жерге кирип кетсе, уулануу оор болот. Териге бир нече тамчысы тийип, сиңип кетсе адамды уулантат.

Чымылдык

Көбүнчө тоолордо өсөт. Боюнун бийиктиги 40 сантиметрден 1 метрге чейин жетет. Ийне жалбырактуу токойлордо, тоолордо өсөт. Адамдар көбүнчө жыттуу, кооз гүлдөрүнө суктанышат. Элдик медицинада дары өсүмдүк катары колдонулат. Бирок өз алдынча колдонууга тыюу салынат, анткени уулуу. Гүлүн көпкө жыттаганда баш айланат, куску келет, баш ооруйт. Тамырында алкалоид, эфир майы жана башкалар бар.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан