21-ИЮНДАН 27-ИЮНГА ЧЕЙИН

.


КОЙ (21.03-20.04)

Маселелерди чечүүдө кыйынчылыктар болот, ишти орто жолдо таштабай аягына чыгаруу керек. Жеке жашоодо жагымдуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Жаңы идеялар жаңы акча булагын табууга мүмкүндүк берет. Сиз күтпөгөн адамдар жардамга кол сунуп таң калтырат. Өзүңүздү жаңы буюм сатып алып кубандырасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын башында энергия төмөнкү деңгээлде болот. Ошондуктан иш алга начар жылып, нервденүүгө жеткирет. Жакын адамдар менен мамилени териштирүүнүн кереги жок. Апта ортосунда оор жумуш жасоо өнөкөт ооруларды козгоорун эске алыңыз. Апта аягындагы жаңы таанышуу сүйүү романынына жол ачышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптанын башында жагымсыз кабар жан дүйнөңүздү тең салмактан чыгарышы мүмкүн. Аптанын ортосунда канчалык мээнет кылсаңыз да эмгегиңиздин үзүрү ич жылытарлык болбойт. Жаңы сунуштар түшүп, достор менен кеңешесиз. Апта акырында сүйүктүүңүз менен убакыт өткөрүүгө убакыт табыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Өз пикириңизден көгөрүп кайтпай коюу жакшы эмес, үйдөгүлөрдүн сөзүн угуңуз. Акчага байланыштуу иштерди бирөөгө ишенип табыштабай, өзүңүз бүтүрүңүз. Иште жиниңизге тийген адамды акырын гана "ордуна коюп" коюңуз. Коомдук жайда бейтааныш адамдын туура эмес жоруктары үчүн араздашууга барышыңыз мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сиздин жакшы жактарыңызды көрүп, баалоочу адам менен таанышасыз. Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип ортодо башкаларга жаман көрүнүүдөн сак болуңуз. Иш көп күчтү талап кылат, бирок ошого жараша тапканыңыз көбөйөт. Өткөн жашооңузду анализдеп, ойлоруңузду топтоп алууга жалгыздап сейилдөө ылайыктуу.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Чөйрөдөгүлөр менен мындан ары мамилени кандай улоону ойлонуп, ашыкча достордон арылууну чечесиз. Күтүлбөгөн кабар жашоо образыңызды өзгөртүүгө түртөт. Иште сиз сунуштаган жаңы идеялар аброюңузду көтөрөт. Бойдоктор жактырган адамы сезимин урматтабаса убакытты созбой кол үзүп кеткендери оң.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ишке байланыштуу же жекече жолугушуулар күтөт. Керектүү документтерди бүтүрүү үчүн убакыт бөлөсүз. Уюштуруучулук жөндөмүңүз артат жана жетекчилик тарабынан бааланат. Акчага байланыштуу иштерди башкаларга ишенип тапшырбай, өзүңүз бүтүрүңүз. Чөйрөдөгүлөрдөн бөлүнбөңүз, авантюрага аралашпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта жолугушууларга, сырдашууга, үзүлгөн мамилелерди улоого ылайыктуу. Эгер өздөрү каршы болбосо иштеги бирөөлөрдүн долбоору менен иштей баштасаңыз болот. Айрымдардын жашоосунда мурунку сүйүктүүсү кайрадан пайда болот. Бетке айтып, сын тагып сүйлөйм деп достор менен чырдашып калууңуз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чечкиндүү кадамыңыз, шериктериңиздин жардамы материалдык абалыңыздын жакшырышына алып келет. Кайсы ишти колго алсаңыз да арты ойдогудай бүтөт. Курулуш же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөм дегендер тажрыйбалуу адамга кеңешке кайрылышат. Үйдөгүлөрдү эс алдырып келүү жаатында план түзөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Бирөөлөрдүн берген убадасына эмес, өз күчүңүзгө ишенип, аракет кылыңыз. Жетишпей калам десеңиз айрым иштерди артка жылдырыңыз. Жагымсыз кабар уйкуңузду бузуп, түйшөлтүшү ыктымал. Бирөөлөр тууралуу уккан сырларды башкага айтпаңыз. Соода жаатында иштегендер акчасын башка багытка жумшап, киреше таба башташат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кырдаалга жараша ыңгайлашып, ишке чыгармачыл мамиле жасоо сунушталат. Жетекчилик менен талашып-тартышуунун кереги жок, анткени материалдык абалыңыз анын чечиминен көз каранды. Курсташтар же классташтар жолугушууга чакыруулары мүмкүн. Келбетти калыпка келтирүү жаатында ойлоносуз, мүмкүн, диетага отурасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жакын адамыңыздын бири маселесин чече албай сизге жүк болот. Чыдап койсоңуз баары бат эле өтүп кетет. Сүйүктүүңүз сизге сиз жөнүндө жагымсыз чындыкты айтат. Жаңжал чыгарбай, чындыкты моюнга алган туура. Туугандар менен бир маселе боюнча кеңешесиз. Сиз ойлогондон азыраак суммадагы акча колуңузга тиет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан