КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аделя сабактан чыгып келе жатканда окшош аппак аюунун кийимин кийген эки адам жолун тороду. Биринин колунда кучак толгон кызыл роза, биринде Аделя деген жазуусу бар жүрөкчө шарлар. Кыздын кубанычтан көздөрү жайнай түштү.

– Силерди ким жөнөттү?- деген суроосуна экөө тең үн катышкан жок. Аделяга буюртманы берип, айланып жүгүнүштү да, жолун улап кетишти. Аделяны курбу кыздары тегеректеп калышты.

– Кимден келди?

– Билбейм.

– Кандай сонун букет?!

"Аделя, мен сени сүйөм!" дейт. Оо…

– Сени чындап сүйөт окшойт.

Кыздар Аделяны ортого алып туруп калышты. Аделя Байэлди ойлоп кубанып койду, башка эч кимди ойлогон жок. Аңгыча айдоочусу Айбек келип калды. Шарларды, гүлдү араң батырып машинага түштү.

– Оо, туулган күнүңдү жигитиң эрте куттуктай берейин деген турбайбы.

Аделя жылмайып койду. Өзүнчө кубанып, ичинен Байэлге ыраазы болуп жатты. Бул белектин ээси Арс экенин ойлогон да жок.

ххх

Байэл байкабай акырындан сазды көздөй бара жатты. Саз дагы бир караганда билинбей, качан гана ортолоп барып калганда соруп алат эмеспи. Арзыбаган акчага азгырылып жүрүп келечегин түмөн туманга айландыргандар канча… Байэлди адал эмгек менен тамак таап жейм деген аракети дайыма коштоп жүрө алган жок.

– Ушинтип кара курсактын тойгонуна кубанып жүрө беремби, үй-жайлуу болоюн, бир өмүрдү эл катары жашайын, Кудай берет дебей, аракет кылайын. Кудай ансыз деле берди. Байдын жалгыз эрке кызы аркасынан ээрчиген байдын балдарын эмес, мени тандады. Аделяны атасы менден алып койбосун. Мендей кара жанынан башка эч нерсеси жок томаяк жетимге жанындай көргөн кызын бере коймок беле? Мен кандай болбосун акчалуу адамга айланышым керек,- деп туруп алды. Жан дүйнөсү да, өзү да ырыстуу тойбогон неме "акча гана баарын чечет" деген ойдон өйдө көтөрүлө албады. Жеңил ойлонуп жатканын, кээде акча дагы маселени чече албай каларын аңдаган жок. Байэл Капарлардын курамга чакырганына дердеңдеп калган.

– Канчалаган кыйын балдар жүрөт. Аларды эмес, мени тандады. Анан да келерим менен иштерине аралаштырышты, демек, мага ишенишет. Мен дагы булардын ишеничин актайын,- деп ойлонуп жатты. Ага окшогон далай бала булардын курмандыгы болгонун кайдан билсин? Байэл сыяктуу артынан издей турган кишиси жок немелер дайыма булардын бутасында.

Баха жигиттерди топтоп бир жарым сааттай бүгүнкү кыла турган иштери тууралуу түшүндүрдү. Көз байланып калган маалда алар кайдадыр жөнөп кетишти. Унаа бир мекеменин алдына келип токтоду.

– Тигине машинасы,- Тахир кара Жипти көрсөттү.

– Туура эле баамдаптырбыз.

Баха Капардын оң колу болсо, Тахир сол колу. Ал экөөнүн да жанында жүргөн бирден бала бар. Тахирдин жанында жүргөн бала азыр камакта отурат. Анын ордуна Байэлди алышты. "Сууруп чыгып алабыз" деп ага убадалашканы менен, эч кандай аракет көрүшкөн жок. Негизи булар артын тазалап жүрүшөт. Өздөрүнө каршы көрсөтмө берсе көбүн сатып кетишет.

Аңгыча мекемеден эки киши чыгып унааны беттеп басышты. Ээн жерден жолугабыз деп ушул жакка келишкен. Бирок ойлогондой болбой калды.

– Эмне болгон өзү бул жерде? Кыймыл демейдегиден көп.

– Унаалар сүзүшкөн турбайбы.

Аңгыча унаа жүрүп кетти. Тахир алардын артынан айдап жөнөдү.

Акмалап айдап отуруп, ээн жерге келгенде Тахир ылдамдыкты жогорулатып тигил машинаны ашып өттү. Алдыга чыгып жолун тороду. Күү менен келе жаткан унаа сүрүлүп келип токтоду. Капардын балдары экенин Чыңгыз дароо тааныды. Бирок тоготпогондой машинадан эч ким түшпөй койду. Баханын жини келип кетти. Жакындаганда унаанын эки дөңгөлөгүн атып салды. Унаанын алды жагы жапырая түштү. Атып салбасын дедиби, ичиндеги экөө тең сыртка чыга калышты. Алдыдагы лөкүйгөн жигит түшөрү менен тапанчасын алып Баханы көздөй кезеди. Баханын балдары Чыңгызга карап кезеп калышты. Байэл биринчи жолу курал менен бирөөнү коркутуп жатат. Тахир ага үйрөтүп жатканда анча олуттуу сезилген эмес. Азыр куралды пайдаланып жүргөндөй түр көрсөткөнү менен, ичинде сүрдөп турду. Абалды Баха өзү курчутуп жиберди. Болбосо сөз менен эле сүйлөшүлө турган иш болчу. Бир аздан кийин тапанчалар түшүрүлүп, Чыңгыз менен Баха бир топ сүйлөшкөн соң маселе чечилди көрүнөт. Экөө кол алышып Баха "жүргүлө, кеттик" дегендей балдарга ишарат кылып унааны көздөй басты. Балдар куралдарын Тахирге өткөрүп жай-жайына тарап кетишти.

Эртең менен эрте кайрадан Капар балдарын чогултту.

– Бул кечээги иш үчүн силердин эмгек акыңар,- ал ар бирине ар кандай суммадагы акча берди. Кыязы, дайындаган иши өтөсүнө чыккан көрүнөт. Өз пайдасын өндүрүп алса керек. Өзүнчө көңүлү жайдары.

– Бүгүн, Байэл менен Тахир, Алматыга товар жеткиресиңер.

– Баха, сен болсо акчаларды жыйнап кел.

– Товар келдиби?- Тахир сурады.

– Келген, даяр, эртелеп чыга берсеңер болот. Бүгүн өтмөктө биздикилер күзөттө турушат.

– Байэл, паспортуң жаныңдабы?

– Карап көрөйүнчү,- боорундагы чакан сумкасын чукулап туруп калды.

– Бар экен.

– Анда эртелеп чыгалы. Кайра келип калышыбыз керек.

Байэл Тахир менен Алматыга кетти. Бүгүн Аделянын туулган күнү экенин эсинен чыгарып койду. Ойгонгондон бери улам-улам телефонун карап Аделя отурат. Бул күнү таң эрте куттуктап ойготчу Байэлден дайын жок. Күн түштөн ооп калганда кыз өзү телефон чалып көрдү, өчүк экен. Жанатан жини келип жаткан кыз эми сарсанаа боло баштады. Курбулары менен туулган күнүн белгилемек. Кечээ сүйлөшүшкөн. Байэл менен бирге барууну пландап жаткан. Минтип андан дайын жок. Кеч кирип, курбу кыздар биринен өтүп бири чалып, жаза башташты. Маанайы жок болсо да кийинип кечеге даярдана баштады Аделя.

– Кызым, сага эмне болду? Ким сени капа кылды? Бүгүн сенин күнүң да. Маанайыңды эч нерсе түшүрбөсүн,- бөлмөгө кирген апасы дароо кызынын кабагы салыңкы экенин көрдү.

– Баары жакшы. Маанайым жайында эле,- кыз жылмайып койду апасына. Бирок бул жылмаюу чын жүрөктөн эмес экенин эне туйду.

– Бара турган жерди сүйлөшүп дайындап койдуң беле?

– Ооба. Тогуздарга чогулабыз.

– Бир жериң ооруп турабы?

– Жок. Баары жакшы.

Кыз апасын кучактап өөп койду. Апасы бөлмөдөгү гүлдү кармалап туруп калды. Кыз ким берди деп сураса досторум деп коёюн деп жообун эбак эле даярдап койгон.

– Ой, Арс дейби?..- кичинекей кагазды кармап таң калып кызын карап калды.

– Эмне?- апасынын колундагы кагазды жулуп алды. Чын эле Арс деп жазылуу экен. Ишенгиси келген жок. Шалдайып туруп калды. Арстын белеги экенин билсе колуна кармабайт эле. Кызынын абалын көрүп эне түшүнбөй турду. Ал эми Арс бул убакта Аделя белегин алганына машырканып, мындан да чоң кадам кылууну ойлонуп жаткан. Аделя шарлардын баарын жарып, гүлдү көтөрүп таштандыны көздөй жүгүрдү. Байэл керек болсо куттуктап койбогонун эми билди. Ызасына чыдабай ыйлап жатты. Эшикке чуркап чыккан кызынын артынан эне да чуркап чыкты…

ххх

Эч кандай тоскоолдуксуз товарды жерине жеткирген Тахир менен Байэл Алматыдан түн жамынып кайра Бишкекке сапар алышты. Байэл Аделянын туулган күнүн унутуп калганын эстеп өкүнүп, Кыргызстандын аймагына кирери менен телефон чалууну көздөп келе жаткан. Керели кечке чарчаган неме уктап кетти. Байэл уктагандан кийин Тахир музыкага алаксып унааны зуулдата айдап келе жатып бир кезде анын да көзү илинип кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан