Аваз Акимов, ырчы: «АЛ ӨЗ АПАМДАН КЕМ КАРАГАН ЖОК»

Ырчы Аваз Акимов менен анын жашоосундагы аялзаты тууралуу жылуу маек болду. Эки апасынын ага болгон мээримин, кыздарына болгон сезимдерин Аваз сонун айтып берди. Анан да жубайы Айдананын “өз атам менен катташпайм” деп жашоосундагы сырды ачканы тууралуу да оюн билдирди.

“АЙДАНА АПАМДЫ КУЧАКТАП “СИЗДИ САГЫНАМ” ДЕП ЫЙЛАГАН”

– Менин апам дүйнө жүзүндөгү эң мээримдүү, эң сулуу, эң боорукер айым. Менин кебетем, боорукердигим, кечиримдүүлүгүм апама окшош. Апаңыз тууралуу айтып бериңиз дегенде бала чагымды эстедим. Апам бетибизден өөп ойготуп, тамагын даярдап мектепке узатып, мектептен келгенде ысык нан, ысык тамак менен тосуп алчу.

Ата-энемдин мени менен сыймыктанганын сезем. Өзгөндө таанып, алар менен сүрөткө түшкөндөр, кафеге кирип калса же дүкөндөн кийим алып калса, бекер же арзандатып берген окуялар көп болот экен. Ошол окуяларды сыймыктанып айтып беришкени жагат. Мен ата-энеме аяр мамиле жасайм, көңүлдөрүн карайм. Катуу сүйлөп же таарынтып алгандан өтө корком. Өмүрүмдө ата-энем менен айтышкан, талашкан, урушкан, катуу сүйлөгөн учур болгон эмес.

Мени кубандырганы – апам менен Айдананын мамилеси. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Бир жолу айылга барып 15 күндөй жүрдүк. Кетерде экөө кучакташып ыйлашкан. Айдана кучактап алып “сизди сагынам” деп көзүнө жаш алды. “Кайра келесиң” деп сооротсом болбойт.

Белектер тууралуу сурап калдыңыз, майрам сайын апам айылдан курут, май, алма салып жиберет. Мен тооктун этин жакшы көрөм, аны кошуп салат. Мен апама гүл, алтын, кийим жана башка ага керектүү нерселерди алып берем. Мен мурда гүлдү кымбатка аласың, анан ал 2-3 күндө соолуп жок болот, эмне кереги бар деп ойлочумун. Бирок айымдар гүл алганда өздөрүн бактылуу сезишет экен. Ошондуктан сөзсүз гүл берип туруш керек, ага себеп болсо, болбосо дагы.

“АПАМ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛБАСА, ЧЫДАМАК ЭМЕСМИН”

– 4-классымдан баштап Сыймык атамдыкында (ред.: ырчы Сыймык Бейшекеев) жашадым. Өзүмдүн ата-энеме каникулда эле барчумун. Аларды сагынып ыйлачумун. Бирок Нурзада апам (ред.: Сыймык Бейшекеевдин жубайы) аябай мээримдүү, айкөл адам. Менин кийимимди тазалап, жуунтуп, болушунча мээрим төгүп өз баласындай карады. 12 жыл алар менен чогуу жашадым. 12 жыл ичинде бир да катуу сүйлөгөн эмес, көңүлүмдү ооруткан эмес. “Эй бала, муну жыйнап кой” деп да сүйлөгөн эмес. Ал мени өз апамдан кем караган жок. Эгерде жакшы мамиле кылбаса, чыдамак эмесмин деп ойлойм. Айылды сагынганымды түшүнчү, алаксытканга аракет кылчу, эркелетчү. Апамдын жытын сагынчу элем. Куса болуп жатканымды сезип телефон чалып сүйлөштүрүп турчу. Сыймык атамдыкына келгенде бир күнү ооруп калдым. Ошондо бутумду укалап, дары берип чын дили менен караганы азыр да эсимде. Нурзада апама эки дүйнө ыраазымын. Сөз жеткис жакшы адам. Мен эки ата-энеме тең аябай жакынмын, экөөнө тең каалагандай эркелей алам.

“КЫЗДАРЫМДЫ КАРАП АЛЫП КУДАЙГА ЫРААЗЫ БОЛОМ”

– Балаңды колуңа алып, кылыктарын көргөндө башкача сезимдер болот. “Балам, балалуу болгондо билесиң” дегенди ошондо түшүнөт экенсиң. Кыз кишинин күйүмдүү, мээримдүү болорун мен кыздарымдан да көрүп жатам. Улуу кызым Ариана азыр көбүнчө менин жанымда жүрөт, мени менен уктайт. Кызым уктап жатканда “ушул менин кызымбы, ушунча чоңоюп калдыбы?” деп карап алып эзиле берем, катуу кучактап алам, Кудайга ыраазы болом. Эки кызымдын мүнөзү эки башка. Ариана кичинекей кезинде күлчү эмес, Лиана жаркылдак. Кыздарыбызды эч урушпай, эркелетип жатабыз. Күндө сөзсүз кыздарыма бата берип, жакшы тилектерди кылам. Башкысы, бактылуу болушсун, ден соолугу болсун деп тиленем.

“АЗЫР ДА СҮЙҮҮБҮЗ КҮЧТҮҮ, САГЫНЫШЫП ТУРАБЫЗ”

– Айдана жакшы жубай, кыздарымдын камкор энеси. Үйүбүздүн куту, үйгө жылуулук тартуулап турат. Биздин сүйүүбүз өзгөргөн жок. Кыз-жигит кезде кандай жакшы көрүп, сагынышып турсак, азыр да ошондой. Азыр кыздарыбыз аралашып ансайын сүйүү күчөп жатат. Жаңы сүйлөшүп жүргөндө кызганычтын айынан уруштар болчу. Азыр болсо бири-бирибизге ушунчалык ишенебиз. Андай темада такыр сүйлөшпөйбүз. Айдана акылдуу аял. Баарына кылдаттык менен мамиле кылат, жашоого олуттуу карайт.

Жакында Айдана “өз атам менен катташпайм” деп жашоосундагы бир сырды ачты. Бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ар адамдын өз жашоосу бар. Мен аралашкан жокмун. Бул тууралуу коомчулукка айтып чыгардан мурда кеңешкенбиз. “Бул сенин тагдырың, өзүң чеч” дегем.

“МЕНИН СЫРДАШЫМ – ЭЖЕМ”

– Нургүл эжем үйдө жалгыз кыз. Экөөбүздүн ортобуз 5 жаш айырма. Кичине кезимде үйдө эжекем менен көп урушчумун. Анткени эжем үйдү тазалап, полду жууп койсо чаң бутум менен үйгө кирип кетем да. Мен эле эмес, башка бир туугандарым деле ошентишет. Анан эле эжем урушуп, “чыккыла” деп кууйт. Эжем азыр деле баарын көзөмөлдөп турат. Аны президентибиз деп коёбуз. Жалгыз кыз деп эжемди баарыбыз аяп, колдоп турабыз, жакшы көрөбүз. Ал 10 жылдан бери Казакстанда жашайт. Экөөбүз бири-бирибизге жакынбыз, көп сырдашабыз. Үйлөнгөндөн кийин бир туугандардын арасы алыстай түшөт дешет. Тескерисинче, алыстап кетпейин деп коркуп жатып кайра жакындап кетет экенсиң.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
“Кыздарыма өзүнчө, Айданага өзүнчө сүйүүм бар” дейт Аваз Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ulaAjidar
2021-10-19 09:16:07
Азаматсын иним, бактылуу бол...
+3
Birimdik5555
2021-10-19 12:56:53
Бактынар туболук болсун
+3
aizirek...
2021-10-20 07:34:25
Кайненесин деле кошуп койсо болбой беле??
-2
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан