КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Сапаров Байэл, чык, сага жолугушууга киши келиптир,- күзөтчүнүн үнү өктөм чыкты.

– Ким?- Байэл таң кала сурады. Тахирди күткөн, ал болсо болгон айыбын милицияларга салып берип отурат. Аны бирөө-жарым издеп келет деп ойлогон эмес.

– Кимди эмне кыласың? Чык дегенде чыга бербейсиңби,- эшикти ачып жатып күзөтчү күңк этти.

Узун коридордо конвойдун коштоосунда кимге жолугушууга бара жатканын билбей Байэл бара жатты. Дагы деле Аделя менен Тахирден күдөрүн үзбөй “мени сурап бир келсе Аделя менен Тахир келет, башка ким келмек эле?” деп ойлонуп бара жатты. Жолугушуу залына кирип келип Аиданы көрүп селейип туруп калды. Таң калганын жашыра алган жок. Кыска убакытта бул аялга мынчалык кадырынын бийик болуп кеткенин сезбептир. Жакын келгенде Байэл эмнегедир сүйлөй албай мукактана түштү.

– Кандайсың, эмне кабарлашпай кетти деп эле сени издеп жүрсөм...- Аида Байэлге жалооруй карады.

– Жакшы, эже, ушундай түшүнбөстүктөр болуп калды,- ыңгайсыздана.

– Ооба, иштин чоо-жайын айтышты. Эми эч нерсе болбойт, чыгасың,- Аида Байэлдин өңүнөн азып кеткенин көрүп ичи ачышты.

– Булар коё бере калбайт го оңою менен,- Байэлдин көздөрүнүн тереңиндеги санааркоо Аидага даана көрүнүп турду.

– Сен коркпо, мен ал күндөгү болгон далилди милиция кызматкерлеринин колуна бердим. Ал күнү сен биздин үйдөн кеч кетпедиң беле. Ак ийилет, бирок сынбайт дейт эмеспи.

– Рахмат сизге.

– Рахматты шашпай айтышабыз. Эмне жардам керек болсо тартынбай кабарлаш, биз эмне, бөлөк-бөтөн киши белек?- аял телефон номери жазылган кагазды Байэлге сунду. Экөө коштошуп, Байэлди жолугушуу бөлмөсүнөн чыгарып кетти. Көп узабай эле артынан камерага тамак киргизилди. Байэл миң уктаса дагы Аида аны издеп ушул жакка чейин келери түшүнө кирмек эмес. Анын адамгерчилигине баа берип, ага ыраазы болуп бүтө албай жатты. Көптөн бери ырыстуу тамактана элек неме ал алып келген тамактан тоё жеди. Азык-түлүк салынган баштыктын түбүнөн акыркы жолу паркка барганда Аида жана анын уулу менен түшкөн сүрөтүн көрдү.

ххх

Тахир акчанын күчү менен баарын тез аранын ичинде даярдап бүттү. Иштеринин ушундай бат бүткөнүнө маашыркана акчанын күчүнө таң берди. Бүгүн кечке маал учакка билети бар. Ал бул күндү канча күткөн? Көрсө, чыгынса эле болот турбайбы. Кыргызстандын аймагынан баары бир чыгып кетем деген ишенич пайда болуп Тахир өзүн эркин сезип жатты.

– Досум, баары даяр болду. Болгону тынч эле чыгып кетсем болду. Капарга "бүгүн аласа акчаларды чогултам, кеч барам" деп койдум. Бирок акчалар эбак эле колго тийген. Ал мени өзүм үчүн болбосо дагы, акча үчүн сөзсүз издетери бышык. Бүгүн тоскоолдуксуз баарын колго түшүрүп алсаң. Болгону бул кабар аларга жетип калбашы керек. Силерде дагы тыңчылар жок эмес. Эгер эле азыркы Капар жайгашкан жерде баары тынч боло турган болсо, эч нерсенин жигин билбей кала турган болсоң, биздин экинчи точка бар, мына дареги,- Тахир досуна колундагы кагазды сунду.

– Камсанаба, досум, мен жаныма ишеничтүүлөрдү топтодум. Бул иштен сарсанаа болбой сен кетүүнүн аракетин көрө бер, бул жагын мага кой.

– Мейли анда, ишиңе ийгилик, мен барайын.

– Сенин дагы жолуң ачык болсун, бул жагын мага кой. Буюрса, кармайбыз, камайбыз дегендей.

– Жакшы тур, аман-эсен жетчү жериме жетип жайгашып алсам сага өзүм байланышам. Сен Ташболотовдун учурунан пайдаланып булардын түбүн курут,- досу менен кучакташып коштошуп жатып Тахир ушуларды айтты. Качып кутулам деп жаткан менен, жүрөгүнүн тереңинде коркуу, санааркоо бар эле.

Шашып турганга достор узакка кармала алышкан жок. Тахир досу менен коштошуп узап кетти.

ххх

Аделя Байэлге канчалык жини келбесин, аны ойлорунан чыгарып сала алган жок. Кээде аны уурдаган Байэл эмес экенине 100 пайыз ишенет, ичинен аны актайт. Эч кимге билгизбей шайыр жүргөнү менен, ичиндеги түпөйүл ойлор ага тынчтык бербей жатты. Ал ойлордон алаксыйм деп Кудайдын куттуу күнү Барсбекке жолукчу болду. Бүгүн дагы аны менен бирге. Барсбектин ага кылган мамилесин, камкордугун жактырат. Байэлден таппаган мамилени кыз ушул Барсбектен тапты. Ал кыздын оюн айттырбай туят, эмнени каалап-эмнени каалабай турганын көздөрүнөн түшүнөт. Барсбекти ушундай камкордукка, жакшы мамилеге үгүттөп турган ичинде улуу сезим жашап жатканын этибарга албай Аделя аны дале дос тутуп сырларын айтып жүрөт.

– Ушул Арс байкеден кутулбай койдум, дегеле бир үмүтүн үзбөгөн неме экен,- Аделя чалуу келип жаткан телефонун өчүрүп кайра чөнтөгүнө салып жатып сүйлөндү. Байэлди ортодон жок кылса эле Аделя өзүнүкү болуп калчудай кыска ойлонгон Арс күн сайын кыздын артына түшкөнү-түшкөн. А кыздын Арсты көргүсү жок.

– Жайына кой, тажаганда өзү чалбай калат.

– Ушуну тажайт деп ойлоп жатасыңбы, бул жинди тажабайт,- кыз кытмыр күлдү.

– Мен буга жайынча да, урушуп да айтып көргөм. Сөзгө түшүнбөйт, өзүнүн оюндагысын эле кыла берет.

– Анда күйөөгө тийип кутул.

– Кимге, жигитим бар кишидей сүйлөйсүң да. Андан көрө Байэлге барып жолугушум керек го, анын эч кимиси жок болсо, мен да аны биринчи кыйынчылыкта эле таштап салсам болбойт го...- Аделя оюн ортого салды.

– Эмне кыласың, жөн кой, сени ыйлаткан кандай экенин түшүнсүн.

– Мени анын уурдаганынан күмөнүм бар. Атамдан коркуп унчуга албай жатам,- Аделя манжаларын кармалап. Анын кыймылынан тынчы кетип, жинденип чыкканын Барсбек даана байкады.

– Болду, ал күндү кайра-кайра эстей бербечи. Милиция деле жөн эле камай бербейт, иликтешет. Күнөөсү жок болсо чыгат,- Барсбек Аделянын колун бекем кармады.

ххх

Сааттын жебеси түнкү экини кагып калганда Капардын хан сарайына Тахир айткан унаа келип кирип дарбаза дароо жабылып, ички жарыктар күйдү. Бул учурда күч органдары короонун айланасына эбак эле жайгашып калышкан. Коробкаларды түшүрүп жер төлөгө ташып жаткан учурда күч органдары короого бастырып киришти. Иттер ажылдап үрүп, дабыштардан короо ичиндеги жарыктын баары күйдү. Сырттагы эки күзөтчү жиги жок чыгаралы деп тапанчаларын кезешкени менен, ок чыгарууга жетишпей калышты. Үч кабаттуу хан сарайды бир заматта курчоого алышты. Үйдүн жер төлөсүндө эч нерседен кабары жок музыканын коштоосунда Баха, дагы бир нече жигит бильярд ойноп жатышыптыр. Милиция кызматкерлерин күтпөгөн немелер каршылык деле көрсөтө алышкан жок. Булардын ана башында турган Капарды таппай калышты. Сырт курчоодо болсо кайда качып үлгүрөт эле, үйдүн бир бөлмөсүнөн чыгар деп тинтип жатышып, үчүнчү кабаттан үйдүн чатырына чыгып бара жаткан жеринен кармашты. Милициянын унаасынын сиренасы күйүп, эгерим ачылбаган Капардын хан сарайынын дарбазасы аңырайып ачылып турду.

Тахир бул маалда аэропортто учакка жайгашуу алдында турган. Досунан чалуу келди. Жүрөгүн тынчтандырып коёюн десе керек.

– Баары жайында,- деп гана телефонду өчүрүп койду. Тахир телефонду өчүрүп таштанды салган урнага ыргытып жиберип, андан ары сапарын улады. Качан гана учакка отуруп, учак көтөрүлө баштаганда оор дем алып алды. Бул анын кете албай калбаймынбы деген коркунуч, санаасы эле. Бир эсе жаңы жашоого кетип жатканына кубанса, бир эсе санааркап жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан