22-НОЯБРДАН 28-НОЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада жумушта, үйдө иштер көбөйөт. Баарын бир убакта бүтүрөм дебеңиз, четинен киришиңиз. Баарын чогуу баштап алсаңыз жетишпей стресске кабылышыңыз ыктымал. Эс алуу күндөрү убактыңызды жаңы нерсени таанып-билүүгө жумшаңыз. Мисалы, чет тилин же болбосо компьютердеги жаңы программаларды үйрөнүүгө кызыксаңыз мыкты жыйынтык берет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Өнөктөштөрүңүз менен мамилеңизди жөнгө салууга мыкты жагдай түзүлөт. Түгөйүңүздүн каалоосун, кызыкчылыгын эске алуу менен чечилбей келе жаткан маселени чечесиз. Аптада туугандар менен тил табыша албай, талаш-тартышка барышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү спорт менен алектенип, убактыңызды бала тарбиялоого алар менен чогуу сейилдеп эс алууга жумшаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Каржы жаатында көйгөй жаралат, бирок бул убактылуу көрүнүш. Чыгымдарыңызды азайтып, чыгаша-кирешеңизди иретке келтиргенден соң баары жайына келет. Үйгө чоң буюм алгандан карманып туруңуз. Дем алыш күндөрү түгөйүңүз менен гармониялуу кече уюштуруп, жакшы сөздөрүңүздү айтыңыз. Айрымдардын ден соолугу начарлап, дарыгердин жардамына муктаж болушу мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кимдир бирөөлөр менен көз карашыңыз дал келбегенден улам сизди эч ким түшүнбөгөндөй сезим болот. Түшүнбөстүктөрдүн башкы себеби акча болушу мүмкүн. Ага карабай бул учурда сиздин эң чоң жардамчыңыз балдарыңыз болот. Маанайыңызды көтөрүү максатында алар менен чогуу концертке, оюн-зоок паркына же театрга, циркке барыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Суук өткөрүп эски ооруларды күчөтүп алышыңыз мүмкүн. Андыктан жумушта өзүңүздү кыйнабай иштеп, ден соолугуңузга азыртадан кам көрүңүз. Көптөн бери бара албай жүргөн тууганыңыздын үйүнө конокко барышыңыз күтүлөт. Үйдө кызыктуу китеп окуп же телеберүү көргөндөн кийин чыгармачылык чымындарыңыз ойгонуп, жаңы идеядан улам чоң иш баштооңуз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Интеллектуалдык активдүүлүгүңүз ойгонот. Студенттер билим сапатын жакшыртып, кызыктуу адамдар менен баарлашууга басым жасашат. Көптөн бери алыс жолго чыгууну пландап жаткандар камдана беришсин. Ошондой саякаттардын биринде келечектеги түгөйүңүздү таап калышыңыз мүмкүн. Жалгыз бой бийкечтерге баш айланткан сүйүү романын баштоого ыңгайлуу апта.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үйдөгү жумуштагы көйгөйлөр көбөйүп, ортодо чайналып каласыз. Жетекчилигиңиз сиз аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды коюп башташы ыктымал. Мындай учурда эмоцияга алдырбай чечим чыгарыңыз. Үй жумуштарын ырахат алып жасап баштайсыз. Аптада киреше булагыңыз көбөйүп, каржылык көз карандысыздыкты сезесиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Көздөгөн максатыңызга жетүүдө жоопкерчилик жана көп түйшүк талап кылынат. Аптада жашооңуздагы айрым адамдар сизди жөн эле тегеректеп энергияңызды соруп жүргөнүнө ынанасыз жана алардан кол үзөсүз. Алтынчы туюмуңузга ишенсеңиз туура чечим кабыл аласыз. Дем алыш күндөрү дүкөн кыдырып кийим сатып алыңыз, жан дүйнөңүз каалаган нерсени кылсаңыз мээңиз эс алат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада көбүнчө убактыңызды материалдык маселелерди чечүүгө жумшайсыз. Бат чарчап, алсыз болбош үчүн энергияңызды тегиз колдонуп балансты сактаганыңыз туура. Аалам, космос тууралуу билүүгө умтуласыз, ал кызыгууңуз кийин хоббиге айланып кетүүсү толук мүмкүн. Дем алыш күндөрү жөн отурбаңыз, дайыма кыймылда болуңуз, үй жыйнап, сүйүктүү тамагыңызды жасап же болбосо чуркаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сүйүктүүңүз сизди түшүнбөй, талаш-тартыштарга барасыз. Карама-каршы пикирлер орун алып, маселе үй-бүлөлүк чоң чырга айланып кетпесин десеңиз демиңизди ичиңизге катып, эмоция үстүндө ашыкча сөздөрдү сүйлөбөңүз. Интернетте көп отурган текечерлер виртуалдык дүйнөдө дос таап, ал реалдуу турмушта да көп жылдарга узаган достукка айланышы ыктымал. Дем алыш күндөрү ызы-чуудан алыс болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Пландарды ишке ашырууга ыңгайлуу апта. Бирок баары сиз ойлогондой болбой калышы мүмкүн. Андыктан айрым бүтпөй калган маселелериңизди кийинки аптага калтырыңыз. Баштаган ишиңизге бирөө тоскоолдук кылып жаткандай сезим болушу мүмкүн, ага карабай активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, баштаган ишиңизди уланта берсеңиз жеңиш сиз тарапта болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бул апта сиз үчүн стандарттан тыш өтөт. Жылдыздар күтүүсүз окуяны болжолдошот. Кокусунан болгон кечеде же жолугушууда өмүрлүк түгөйүңүздү табышыңыз мүмкүн. Көптөн бери кыялданган ойлоруңуз орундалат. Дем алыш күндөрү ата-энеңиздин жанында болгонуңуз туура. Ошондой эле алыстан келген конокторду күтүп, жарпыңыз жазыла сүйүнө турган күн болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан