Динара Тилекеева, ырчы: “РЕКОРД КОЙГОН ЫРЧЫМЫН”

“Унутпа мени”, “Атам менен апама” деген ырлары менен белгилүү болгон ырчы Динара Тилекееванын жан дүйнөсүнө сапар алдык. “Артисттин бир күнү бар ханга бергис, бир күнү бар итке бергис” деген ырчы чыгармачылык жолу, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Динара? Атыңызды көп угабыз, жакындан эми таанышып жатабыз. Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

– Саламатчылык. 2006-жылдан бери сахнадамын. Ал кезде азыркыдай ресторан, кафелер, фонограмма жок эле. Жалал-Абад облусунун Октябрь айылында “Достук” деген чакан эстрадалык топто ырдап баштагам. Тойлорго барып, кыштын күндөрү колубуз микрофонго жабышып калса да көгөрүп жандуу үн менен ырдачу элек. Ошентип ыр деп көксөп жүргөндө 2008-жылы бир тойдо Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова ырдаганымды көрүп калып, “бизде филармонияда иштесең болот” деди. Өзүмдү филармонияда ырдай турган ырчы катары көрбөчү экем, толкунданып, ошол түнү уктабай чыккам. Азыркыга чейин Жалал-Абад облусунун филармониясында иштеп келе жатам. Устатым Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева.

– Алтынай Нарбаева менен кантип устат-шакирт болуп калдыңыздар?

– Үй-бүлөбүз менен Алтынай эжени жакшы көрчүбүз. Бир жолу Жалал-Абадга концерт бергени келип калды. Апам экөөбүз концертке барып алдыңкы катарда отурган элек. Алтынай эже “Шуулдаба теректерим” деген ырын аткарып калды. Атамдын көзү өтүп кеткен, ырдан улам атамды эстеп көз жашым куюлуп кетти. Апама көрсөтпөйүн деп аракет кылсам да болбойт. Ыр бүткөндө сахнанын артына өтсөм Алтынай эже да ыйлап жатыптыр. Экөөбүздүн көздөрүбүздө жаш, таанышып, эже мени кучактаса “менин да атам жок” деп ыйлай бериптирмин. Эже телефон номерин берип, “Бишкекке барганда сөзсүз кабарлаш” деди. Бишкекке келгенде байланышып, Алтынай эженин үйүнө бардым. Сырдашып отуруп “сен тушоо кесүү концертиңди бер” деди. Коркуп “даяр эмесмин” десем, “даярсың” деди. Алтынай эженин жардамы менен концерт койдум, тушоо кесүү эмес эле, чоң программадагы концерт даярдап алган экем, Абдылда Иманкулов сыяктуу дөө-шаалардын баары келип катышып беришти.

– Үнүңүздү таптап вокалдан сабак берген ким болду?

– “Достук” тобунда Мухтар Кырбашев деген жетекчибиз бар эле. Ал мен эле эмес, көптөрдүн агайы. Агай үнүмдү эле таптабай, кандай ыр үнүмө отурат, кандай ыр тандашым керек экенин үйрөткөн. Мурун куудул болуп иштеп жүргөнүмдө таптакыр башкача ырларды ырдачу элем. Агай табитимди өзгөрттү.

– Мурунку муундун ырчылары “азыр ырчы болуш оңой” дешет. Сизге оңой болдубу?

– Оңой болгон жок. Балким, жаш ырчылар үчүн оңой, бирок мен 2006-жылы баштагам деп айтып кетпедимби. “Артисттин бир күнү бар – ханга бергис, бир күнү бар – итке бергис” деген кеп бар эмеспи. Мен экөөсүн тең көрдүм.

– Итке бергис да күндөрү барбы?

– Жылтырак көйнөк кийип эле чыгып ырдап коёт деп ойлошот. Аны кийгенге чейинки жолу татаал (күлүп). Азыр жакшы, учак менен барат, машина менен жүрөт, жанында жардам берип жүргөн адамдары бар. Биздин убакта тарактаган бузук, айнектери сынык унаалар менен ысыкта, суукта жүрүп ырчы болгонбуз. Ошондой болсо да көөдөнүң толгон кубаныч турат. Ал кубаныч – ошол күнү элдин алдына чыгып ырдаганың.

– Ырдоо сиз үчүн ушунчалык маанилүү беле?

– Ооба, ошол үчүн окуумду таштап, артист болом деп кетип калгам. Упакан Бекеева деген кыйын куудул эже бар эле. “Эже, мен сахнага чыккым келет” деп ушунчалык сурандым. Башка болсо апам жибербейт беле, “кызыңа өзүм жооп берем” деп апамды жибитип, биринчи жолу мени гастролго алып кеткен. 7 ай гастролдо жүргөм (күлүп). Апама “эже, кызың мына” деп тапшырганы болбосо, бир тыйын берген эмес. Апам уялып өз акчасына эмерек алып, туугандарга “кызым иштеп жүрүп алып келди” деген. Ошол окуя мага аябай оор тийген. “Кой, минтип сахна деп өзүмдүн кызыкчылыгым менен жүрө бербей, апама жардам берейин” деп официант болуп иштедим. Иштеп жүрсөм Мухтар агай жолугуп “ырчы болгуң келбей калдыбы?” деди, “мага болбойт экен, акча табышым керек” десем күлдү. “Ырдап көбүрөөк акча табасың” деп жетелеп кеткен.

– Үй-бүлө пайдубалын качан түптөдүңүз?

– 7 ай гастролдоп кетпедим беле. Ошол жактан таанышып, чыгармачыл жигитке турмушка чыккам. Кыздуу болдук, кийин тил табыша албай калдык. Кызым учурда 10-класста окуйт. Көпкө чейин жалгыз бой жүрүп калдым, оор абалда адам күчүн жумуштан чыгарат экен. Маңдай терим менен иштеп, азыр Жалал-Абадда тойго эң көп буюртма алган ырчы менмин.

– Кийин турмуш курдуңузбу?

– Жеке жашоомду куржунга салып койгом. Жолдошумдун өжөрлүгү менен үйлөнүп калдык. Филармонияда иштейм, ал болсо көк беттенип кетпей коёт. Чогуу иштеген төкмө акындар аны тамашалап ырга кошуп башташты (күлүп). “Анагы сары жигит саргайып бүттү” деп калышчу. Чогуу иштеген эжелер акыл айтып, “эмне болуп жатасың, турмушка чыксаң ушундай эле жигитке чыгасың да” дешти. “Чын эле эмне болуп жатам?” деп өзүмдү тарбиялап, акырындап көнүп кеттим.

– Анан сары жигит сары алтын бекен?

– Ооба (күлүп).

– Сөз арасында шакирттерим деп калдыңыз, таптаганга жетиштиңизби?

– Мен өзүмдөн улам билем. Мисалы, мага Алтынай эже жолугуп, тиги-муну үйрөтүп койгону чоң жардам болуп жатпайбы. “Ушул эшикке кирсең бир нерсе чыгат” деп жол көрсөтүп койгон жакшы нерсе. Устатмын дегенге эрте го, бирок мен жол көрсөткөн, мени уккан кыз-жигиттер бар.

– Тойго көп буюртма алат экенсиз, бир күндө канча тойго жетише аласыз?

– Бир жолу бир күндө 7 тойго барыш керек болуп калды. Шаар өзү кичине да, тамадалар менен сүйлөшүп алып, баарына жетишкем. “Жалал-Абадда Динара рекорд коёт” деп күлүп калышат.

– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
fanatka19
2021-12-06 19:04:10
Биздин убакта деп эле болбойт го)) болбосо 85жылкы
+4
AsmanNuru
2021-12-06 23:40:32
2006-жылдан бери ырчы экен. Бирок мен эми көрүп жатам ачыгы. А ырын укпаган окшойм...
+2
Sezimim...
2021-12-08 22:27:40
Азыр ушул корунуш да,ар ким озун жылдыз,акылдуу сезген.Ар ким озуно каалагандай "омур баян" ойлоп таап оздорунун конулдорун оздору которушуп.
+1
VENOM
2021-12-12 16:33:51
Бул кайсы Жанетта Бобкова?
+1
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан