Күлүм Курманова: “БАЛАМДЫ АМАН АЛЫП КАЛЫШ ҮЧҮН ЖАРДАМ СУРАЙМ”

Сейрек кездешүүчү кан оорусуна кабылган 8 жаштагы Али Рустамовдун апасы кайрымдуу элге жардам сурап кайрылат. “Диагнозун укканда жер көчүп кеткендей болду” деп ыйлаган Бишкектин 34 жаштагы тургуну Күлүм Курманова менен маектештик.

“7 ЖОЛУ ООРУКАНАГА ТҮШТҮК”

– Мен дагы элге кайрылып жардам сурап каларым 10 уктасам да түшүмө кирген эмес. Балаңдын ооруп кыйналганын көрүү тирүүнүн тозогу экен. Жолдошум экөөбүздүн 2 уул, 1 кызыбыз бар. Али экинчи уулум, учурда 8 жашта, 2-класста. Балдарым буга чейин оорушкан эмес. Али 2021-жылдын май айында оозул болуп, шайы кетип, алсырай баштады. “Иммунитети түшүп кетип, дене табы көтөрүлүп жатса керек” деп ойлодум. Каникулга тараарына 10 күн калган эле, ошого өзүм менен Ат-Башыга алып кетип, бээнин сүтүн берип ден соолугун чыңдап келем деп ойлоп үйдөн карап жаттым. Бир күнү жумушта отурсам сиңдим чалып “Али дааратканадан чыгып келатып кулап калды” деди. Жетип барып ооруканага алып жөнөдүм. Жеке ооруканага алып барсам боорун рентгенге тартып көрүштү. Рентгендин жыйынтыгын көрүп “абалы оор экен, 3-балдар ооруканасына алып баргыла” дешти. 3-балдар ооруканасына алып бардым. Баламдын колуна тикенек кирип кетип, канча дарыласак да айыкпай, жара болуп кеткен эле. “Колун эмнеге чукуп салгансыңар?” деп баламды бакыртып тазалап, таңып, антибиотик жазып берип эле, кетирип коюшту. Биз колун чукуган эмеспиз, көрсө, апластикалык анемия менен ооруганда жара тез айыкпайт экен.

Ошентип баламды үйгө алып келип карап жаттым. Бир күнү “тишим ооруп жатат” деп ыйлап калды. Тааныш тиш доктурга алып барып тишин жулдурдук. Ошондон кийин тиши 1 жума канап, токтобой койду. Эс-учун жоготуп кайра кулап калганда Жалдагы Эне-баланы коргоо улуттук борборуна алып барсак, жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Кан куюп, эсине келгенде палатага чыгарып, 2 күндөн кийин жүлүнүнөн анализ алып, жыйынтыгында апластикалык анемия (кемиктен жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу) диагнозун коюшту. Бул диагнозду укканда жер көчүп кеткендей болду (ыйлап). Ошондон бери тиши, мурду канап, шайы кетип, 7 жолу ооруканага түштүк. 17-сентябрдан бери Жалдагы Эне-баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүндө жатабыз. Иммунитети алсыз болгонго тиши айыкпай, ириң чаап кетип жаагына операция жасалган. Жакшы болуп келатканда грипп болуп ооруп калды. Грипп өтүшүп кеткенде кулагына доо кетип, 17-ноябрда кулагына да операция жасалды. Азыр кулагы чала угат. Анемия болуп ооругандар наркозду көтөрө албай калышат экен. Кудай жалгап, операцияны жеңип чыкты. Ошондон бери дарыгердин көзөмөлүндөбүз.

“АЙЫКПАЙТ ДЕП ЖАТЫШАТ, ӨЛҮП КАЛАМ ГО...”

– Уулумду анемия болуп төрөгөн эмесмин, гемоглобиним 140 болчу. Балам кичине кезинде эч ооруган эмес, гемоглобини 128 болчу. Кандай жагдайда ушул дарт жабышып калганын билбейм. Улам операция боло берип, жарасы айыкпай, жаны кыйналып кетти. Акылы тунук, зирек, башкача бала. Аны менен чоң кишилердей сүйлөшөм. “Бул оору айыкпайт” деп угуп калган окшойт. “Айыкпайт деп жатышат, өлүп калам го” деп зээнимди кейитет (ыйлап). Мушкер болгусу келгенинен дзюдого машыгууга алып барчумун. Бир аз барып, убактым тартыш болуп алып бара албай калгам. Азыр “ошондо мени алып бара берсең оорубайт элем” деп айта берет (ыйлап). Маанайы жакшы кезде “мушкер болбой калдым окшойт, бизнесмен болоюн” деп калат. “2 операцияны жеңдиң, бул ооруну да сөзсүз жеңесиң” деп жубатсам көңүлү көтөрүлүп калат.

“ООРУГАНЫМДЫ КЛАССТАШТАРЫМ БИЛБЕСИН”

– Ооруп калгандан бери айтканын бербей, көк бет болуп калды. Ушул мүнөзү кыйнап жатат. “Ийне сайдырбайм дедимби, сайдырбайм” деп тажап кеткенде медайым, врачтарга кыйкырып, атасынан башка эч кимди укпайт. Дарыгерлер баламдын ою менен болуп “макул, ийнени анан саялы, жараатты анан тазалайлы” деп жакшы карап жатышат.

Элге кайрылып жардам сурап баштаганыбызга 1 ай болду. “Классташтарың ден соолугуңду сурап жатышат” десем, “ооруп жатканымды көрбөй эле коюшсун! Мектепке барганда партага жалгыз отуруп калайынбы? Эч ким билбесин” дечү. Интернетке чыгарып жиберип көңүлүн сындырып алдымбы деп да ойлоп кетем (ыйлап). Айла жок, үй-бүлөлүк каражатыбыз жетпегендиктен элге кайрылууга аргасыз болдук. Жолдошум СТОдо маляр болуп иштейт. Өзүм Бишкектеги №43 мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем. Кичүү кызым 1 жарым жашта. Учурда аны сиңдим багып жатат. Уулум тез арада Түркиядан операция жасатууга муктаж. Операцияга 90 миң доллар каражат керек экен. Учурда 170 миң сом гана чогулду. Тамчыдан көл куралат эмеспи. Кайрымдуу мекендештерибизге жардам сурап кайрылабыз. Алинин өмүрүн сактап калууга жардам берип коюңуздар. 19-декабрда Спорт ордосунда жылдыздардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Чогулган каражат баламдын операциясына жумшалат.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом номери: 0702 303 135

Элкарт: 9417039448892220

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
i-bilim
2021-12-06 09:56:46
Балдар оорубасынчы! Кудайым колдоп батыраак сакайып кетсин!
+2
Arianaa
2021-12-06 14:04:09
i-bilim,минус басылып кетти кечиресиз. Ооба, туура айтасыз эч бир бала оорубасын.
+4
Erlan_95
2021-12-06 19:30:26
Байкуш бала психологиялык жактан аябай кыйналып калган экен
+2
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан