СЕКСУАЛДЫК ЫДЫККА ЖОЛ БЕРБЕ!

Харассмент же болбосо сексуалдык ыдык көрсөтүү деген эмне? Бул сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз жана орунсуз “тийишүүлөр” – комплименттер, тамашалар, ымдоо-жаңсоолор, көз караштар, кадыр-баркка шек келтирген сөздөр, жыныстык катнаш менен алектенүүгө сунуштар, ошондой эле кармалап, кучактоо.

Ала качуунун курмандыгы болгон 18 жаштагы Бурулай Турдали кызы жана 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү эсиңиздеби? Чырактай курагында мыкаачы жигиттердин колунан каза тапкан 2 кыз сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн курмандыгы болушкан. Мындай кейиштүү жыйынтыкка кириптеген көйгөйгө бөгөт коюу үчүн “Супер-Инфо” гезити 5 жумалык челлендж жарыялайт. Эгер сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз WhatsApp`тан 0770882719 номерине окуяңызды жазып жөнөтүңүз. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчаңызга #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештегдерин колдонуп, башыңыздан кечирген окуяны жазсаңыз болот. Окуялар анонимдүү болоруна кепилдик беребиз. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленип жатат. Бул жолу харассмент көйгөйү тууралуу жылдыздардын оюн билдик.

Каныкей, ырчы: “БУГА ТИЙИШИП, СӨЗ АЙТСАМ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОШОТ”

– Мен, бактыга жараша, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган эмесмин. Бирок ушундай окуяга туш болгон кыздар көп экенин билем. Биздин коомдун эркектери “баары боло берет” деп ойлоп алышкан. Эркектер тарабынан гендердик басым бар. Мен эч качан мырзаларга жеке чектен ашканга жол берген эмесмин. Алардан дистанция сакташын талап кылам. Бул жакта дагы бир туура эмес түшүнүк бар. Кыздар жакшынакай кийинип, сулуу болуп турса мырзалар “буга тийишип, сөз айтсам болот” деп ойлоп алышат. Кыздардын логикасы менен айтайын, биздин жакшы кийинип, өзүбүздү карап жүргөнүбүз – бул өзүбүздү сүйгөндүк. Эч качан мени карашсын деп ойлобойбуз. Эркектер болсо кыска ойлонушат экен. Дүйнө өнүгүп жатат. Биз дагы аял менен эркектин орду бирдей болгон тең укуктуулукка, бири-бирибизди сыйлаган деңгээлге келишибиз керек. Көз караштарды өзгөртүшүбүз зарыл.

Назира Токонова, ырчы: “АТАҢДАН УЛУУ ЭРКЕКТЕР ТИЙИШКЕНДЕ ИРЕНЖИП КЕТЕМ”

– Жөнөкөй адамдардын жашоосунда сексуалдык ыдык көрсөтүү болуп жаткандан кийин, эл көзүндө жүргөн ырчылардын жашоосунда мындай жат көрүнүш көп кездешет. Тойлорго, концерттерге барганда тийишкен мырзалар болот. Алар көбүнчө байлыгына чиренген, атаңдан да улуу эркектер. Бул, албетте, кыжырыңды келтирет, иренжип кетесиң. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерине ыдык көрсөтүп келгендер бар. Бул жабырлануучуга оор сокку болот. Маданияттуу адам эч кимге ыдык көрсөтпөйт. Адепсиздер гана ушундай жолго барат. Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган студент кыздын же кызматкердин далилдеп бере турган фактысы болсо дагы ыдык көрсөткөн адам жазасыз калат. Анткени мыйзам жок. Сексуалдык ыдык көрсөтүүнү жоюш үчүн мыйзам кабыл алынышы керек.

Жамиля Ишенбаева, модель: “АЗЫР ТҮШСӨҢ, СЕНИ ӨЛТҮРӨМ ДЕДИ”

– Харассментке көп жолу кабылгам. Эң биринчи жолу 6-класста окуп жүргөндө бир бала жамбашка чаап кеткен. Бир караганда бул бир баланын шоктугу катары көрүнөт. Бирок ошол кезде кайсы жакка кирип кетеримди билбей жаман болгом. Студент кезде маршруттук таксиде баратсам бир жигит артыма туруп жабышып, сөйкөнүп туруп алды. Аны катуу урушуп салсам, жини келип сөгүп-сагып “азыр түшсөң, сени өлтүрөм” деди. Аялдамадан түшсөм ал дагы артымдан түшүп алды. Алдымда бараткан эки байкеге чуркап барып, тиги баланы көрсөтүп “өлтүрөм деп жатат, үйгө чейин жеткирип койгулачы” деп суранып, андан араң кутулгам. Бой жеткенден кийин да андай учурлар көп болду. Жумушта, көчөдөн, таксисттерден күйдүргөн жаман сөздөр айтылып кетет. Кармалап жибергендер болот. Аларга катуу жооп бербесең “эч нерсе кыла албайт” деп ойлоп алышат. Кичинекей кезде “ого бетер жинин келтирип алсам кандай болот?” деп коркуп, унчукпай кетип калчумун. Азыр атам курдуу эркектер тийишип, көзүн албай карап жатканда “жалдырап жатып көзүңүз түшүп калган жокпу? Уялбайсызбы!” деп ордуларына коём.

Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршымын. Тийишип, кармалоо нормалдуу көрүнүш эмес. Биздин эркектер аялдар эч нерсе кыла албасын, жазага тартылбай каларын билип ушундай жоруктарды жасап келишет. Кыз ачык кийинсе өз эрки. Ага тийишкенге, кармаганга акысы жок. Дайыма агрессор күнөөлүү. Бул көрүнүштү жоюу үчүн мыйзамдар иштеши керек. Айымдар зомбулук, сексуалдык ыдык көргөнүн жашырбай, ачык айтып, укугун коргогонду үйрөнүшү зарыл.

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “ДЕМӨӨРЧҮ БОЛОЮН, КЛИП ТАРТЫП БЕРЕЙИН ДЕГЕНДЕР БАР”

– Шоу чөйрөгө аралашканда мен ушул нерсеге капа болдум. Кыздар дайым сулуу болуп жүргөнгөбү, же тойлордо көп жүргөнгөбү “сөз айтсам, акчам көп экенин көрсөтсөм бат эле мендик болот” деп ойлогон эркектер бар экен. Мага да андайлар туш болгон. Кагазга орогону кагазга ороп, бетпактары бетке эле сөз айтышат. Айрымдар "демөөрчү болоюн, чыгармачылыгың жакты, клип тартып берейин, чет өлкөдөн клип тарттыргың келеби?" деп сунушташат. Алгач “мен ушундай жеңил көрүнүп жатат окшойм” деп капа болуп жүрдүм. Аларга “акча башка, адамдык мамиле башка” деп ордуна койгонго аракет кылам.

#АЧЫКАЙТАМ #КОРКПОЙМ #ТИЙИШПЕ

Эгерде сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз көрсөтүлгөн ишеним номерлерине чалыңыз. Ал жакта тажрыйбалуу психологдор иштешет. Алар менен каалаган жагдай тууралуу сүйлөшө аласыз.

Ишеним номерлери:

111

112

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gukush_92
2021-12-20 16:46:27
Кабылгам (((Кудай сактаган коп жолу
+1
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан