Кызсайкал Кабылова, ырчы: "Кызым мени күндө өзгөртүп жатат”

Шоу-бизнестин тыпылдаган тың кызы Кызсайкал Кабылова менен бул ирет энелик сезимдери тууралуу сүйлөштүк. Кызы Альфияга ата да, апа да болуп өстүрүп жаткан ырчы башына сыноо түшкөн кездеги оор учурлары тууралуу да айтып берди.

“АЛ СЕЗИМДИ АЙТЫП БЕРҮҮГӨ 36 ТАМГА ЖЕТПЕЙТ”

– Кызым Альфия – менин берекем, мотивациям, бакытым. Жөжөм азыр 4 жашка чыгып калды. Ал төрөлгөндө да башкача төрөлгөн, наристелер кирпиктери, каштары жок төрөлүшөт экен да. Менин кызым чачы, кашы бар, кирпиктери узун болуп төрөлгөн. Врачтар дагы “бул эмне мынча супсулуу” деп таң калышкан. Башка балдардын арасынан мага өзүмдүн кызым аябай сулуу көрүнгөн. Кудайга шүгүр, ушундай супсулуу болуп эле чоңоюп келатабыз.

Энелик сезим менде кызым ичимде кезде эле ойгонуптур, азыр эстесем. Төрөгөндөн кийинки сезимди айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Аны сезиш керек. Бул сезимди айтып берүүгө 36 тамга жетпейт.

“Мотивацияны каяктан аласың?” деп сурай беришет. Ушул жөжөмдөн алам. Негативдерди укканда кээде “болду, иштебейм, тажап кеттим” дейм. Кечинде келип кызымдын жанына жатканда “ушундай кызым бар, эмнеге иштебейм, алар бизге тамак бермек беле?” деп, кайра эртең менен белди бекем бууп туруп үйдөн чыгып кетем. Мага дем-күч берип, мени күнүгө өзгөртүп жаткан ушул адам.

“СУИЦИД ТУУРАЛУУ ГАНА ОЙЛОНУП КАЛГАМ”

– Төрөттөн кийинки жашоом татаал өткөн. Татаал дебейинчи, мындан татаал тагдырлар бар, жеңил эле сыноо. Бирок муну деле жеңип өтүш оор экен. Төрөттөн кийинки депрессия, ага кошул-ташыл болуп жолдошум менен ажыраштым. Ошол кезде ар бир күнүм өзүнчө окуялар менен коштолуп, мен үчүн көп нерсе түшүнүксүз болчу. Түш көрүп жаткандай эле болгом. Бир колумда Альфияны көтөрүп, бир колум менен жумуш кылып иштеп жүрдүм. Кызыма ата дагы, эне дагымын да, эмне болсо да иштейин деп идиш жууп, даараткана жууп иштеген күндөрүм болду. Кызым басып калгандан кийин аябай жеңил болду. Ал учурду эстебегенге аракет кылам. Анткени, Кудай сактасын, анда оюма суицидден башка эч нерсе келбей калган. Кызым эмбей калган да. Сүткө акча таба албай жаткандан кийин менин колумдан эмне келет, бул кызды кантип багам, улам эле бир туугандарыма жалдырай бермек белем деп жаман болуп, андан көрө жакшылап апама тапшырып эле кете берейин деп ойлонгом. Бир ирет гусул алып, кызыма “апаң кандай адам болгон десе, жакшы адам болгон деп кой элге, атаң да жакшы, кийин келет сага, таенеңди уят кылбай чоңой” деп ыйладым. Апам ары жакта уктап жаткан. Мен турганда эле апам дароо ойгонду. Апам ойгонбосо эмне болмок билбейм. Дааратканага киргенче апам кармап калып, “эмне болуп жатасың, бүттү, токтот, өзүңдү колуңа ал!” деди. Ушунчалык кыска ойлуулук кылган экенмин. Аялдарга айтат элем, башка ар кандай күн түшөт экен, суицидге эч качан барбаңыздар, балдар ушинтип эле жаркылдап чоңоюп калышат экен. Ошондо музыкант байкелерибиз, өзүмдун байкелерим, “сен жакшы ырдайсың, ырдап чык” деп дем беришти. Анда мен өзүмдү такыр үнү жок адамдай сезчүмүн. Бирок ырчылар бэк-вокалдарына чакырышчу. Ошондон кийин “Ажырасак” ыры чыгып кетти. 4 күндө 1 миллион көрүү алган. Андан бери 4 күндө миллион жолу көрүлгөн клип боло элек. Ал да мага мотивация болду. Зарлык (ред.: Камбаралиев, ырчы) экөөбүз “эмне болуп кетти?” деп таң калдык. Ушул ыр биринчи акчамды алып келди. 25 миң сом алып, кызыма кийим, торт алып аябай сүйүнүп алгам. Ырлар, клиптер уланып, жарнамалар пайда болуп, салондорум катуу иштеп, ишим жакшы болуп кетти. Бир учурда ишиң дүркүрөйт экен го, дүркүрөдү. Чоң компаниялар “компаниябыздын жүзү болуп бер” деп чакыра башташты. “Компаниябыздын жүзү болуп бер, үй берели” деген курулуш компаниялары болду. Ошентип 2-3 үй алдым. Эми башымдан өткөндөрдү тасма кылып тартайын деп жатам.

“ТОК ЧОҢОЙГОН КЫЗ БИР ГҮЛГӨ АЛДАНЫП КАЛБАЙТ”

– Бала тарбиялоодогу принциптериме келсек, мен кыз бала ток чоңоюшу керек дегенге кошулам. Ток өссө кыз киши эртеси бир гүл берген мырзага алданып калбайт. Анан да мен үчүн айымдардагы тазалык, тыкандык маанилүү. Азыртадан бала бакчадан келгенден кийин “кийимдериңди бүктөп кой, эшиктен келсең колуңду жуу, оюнчуктарыңды жыйна” деп өз алдынчалыкка үйрөтүп жатабыз, үйрөнүп калды. Менин оюм боюнча, баланы өтө эркелетпеш керек. Альфия бирөөнүкүнө тийбейт, бирөө акча берсе да албайт, оор басырыктуу. Дүкөнгө кирерде “акчам жок” десем, “бир эле нерсе алам” дейт да бир эле нерсе алып чыгат. Берген тамакты жейт, алып берген кийимди киет.

Жашоодо ар кандай учур болот, кээде жинденесиң, кээде капа болосуң. Кандай учур болсо дагы кызыма жинимди такыр көрсөтпөйм. Башка жагынан өзүмдү колго ала албасам дагы кызыма жакшы мамиле кылууда өзүмдү колго алып жатам.

“АКЫЛ ҮЙРӨТКӨНДӨРГӨ ЖИНИМ КЕЛЕТ”

– Жаш энелерге акыл үйрөткөндөр көп болот экен. Өз балдарын эптей албай эле, башкага акыл үйрөткөндөргө ушундай жиним келет. Макул деп унчукпай калган кыз эмесмин, бетке айтып салам. Бир жолу курбу кыздарым келиптир. Альфия такма жалаяк кийчү, денесине жакпай бир аз кызарып кетти. Ошол жерден мага акыл үйрөтүп башташты. Жиним келип үйдөн кууп салгам. Ошол эсимден кетпейт. Кызыма бирөө сын тагып жаман айтса чыдай албайм. Атам “ушул сапатыңды жой” деп көп айтат.

Альфия менин бир байкемди ата деп калганы үчүн өз атасын сурабайт. Менин ал кишиге “мындай кылган жоксуң, андай деген жоксуң” дегим келбейт. Бир нерсе жетпей жатса атасына чалып, “жетпей жатат, алып бер” дегенге укугум бар, анткени анын да кызы. Бирок, Кудай сактасын, андай болбой эле койсун. Антип чала элекмин, чалбай эле коёюн.

Өзүмдүн жеке жашоомо келсек, өзүмдү деле түшүнбөй калдым. Турмушка чыгайын, сүйлөшөйүн дейм да, кайра өзүм качам. Балким, убакты-сааты чыга электир. Мен жактырган адам чыкса, дароо макул болуп турмуш жолуна узаганга даярмын. Сөзүмдүн акырында ар бир балага бактылуу балалыкта, толук үй-бүлөдө чоңойсун деген тилек айткым келет.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
“Кызым мени күн сайын өзгөртөт” дейт Кызсайкал Кабылова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Turdueva
2022-01-17 13:52:17
Не кыласын турмущка чыгып
+3
ShaKe11
2022-01-17 14:28:08
Булда Ыссык жанда
+2
bosmos77777
2022-01-18 14:56:02
Арабтын маданияттын кийимин, Кыргызга синирбе! Ошол кум чолдо. Салынып жур. Арабтардын айтуусунда. Аял киши кул жана кун. Жоолук салынып алып Эрин сыйлаап жашашы керек. Ырдоо,бийлоо жок. Обу жок болбой. Жэ Кыргыздын жерин мекендеп. Кыргыз болгула. Жэ арабты туурап...
-7
meni_kut
2022-01-19 12:29:02
bosmos77777,Карангы билимсиз экениңди көрсөттун.Адамда толеранттуулук болуш керек.Хиджап кийсе ал адамдын өз тандоосу.Бироонун кийген кийимин сындоо эн төмөн адамдын сапаты.
+1
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан