ТОКТОГУЛ ГЭСи ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ӨНДҮРҮҮНҮ АЗАЙТТЫ

Токтогул ГЭСи электр энергиясын өндүрүүнү азайтып, анын ордуна Бишкек ЖЭБи электр жарыгын иштеп чыгууну көбөйттү. Бул тууралуу 18-январда энергетика министри Доскул Бекмурзаев парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди. Былтыр Бишкектин жылуулук электр борбору 1 миллиард 398 миллион киловатт-саат электр жарыгын өндүрсө, быйыл 2 миллиард 157 миллион киловатт-саат өндүрөрү күтүлүүдө. Токтогул ГЭСи былтыр 13,7 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгарса, быйыл 12 миллиард киловатт-саат өндүрө турганын билдирди министр. Бекмурзаевдин айтымында, быйылкы кышта энергетикада кескин кыйынчылык күтүлбөйт.

19-январга карата Токтогул суу сактагычында 9,5 миллиард метр куб суу бар. Адистер суунун деңгээли 5,6 миллиард метр кубга чейин түшсө, Токтогул ГЭСи ишин токтотот деп эскертип келишет. Бекмурзаев учурда ГЭСти оор абалга жеткирбөө жолдору изделип жатканын билдирүүдө. Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери Токтогулдагы суунун реалдуу деңгээлин көрсөтүү үчүн чакырылганын билдирди. Делегация январь айынын аягында келери күтүлүүдө.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан