АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуу менен Эркин барган сайын жакындаша баштады. Ушунчалык тез арада жакындашып кетишти, ар бир күнү жолукчу болушту. Эркин от менен ойноп жатканын билсе да артка чегине албады. Куду чөлдө калып суусаган адам булакты таап алгандай абалда эле. 5 жылдык кусалык, ичтен сызган санаа Айсулуунун көздөрүнө караганда кайда сиңип жок болгону белгисиз. Абалы бир кооптуу көпүрөдөн өтүп бара жаткандай экенин сезсе да, өзүн токтото албай калды. Өлөрүн билип, бирок ажалын көздөй бара жаткан адамдай эле. Анын абалын биринчи апасы байкады.

– Эркин, сен эмне болуп жүрөсүң, балам?

– Эч нерсе.

– Сарсанаа болуп жүргөндөйсүң, антейин десем көзүң күлүп турат. Сен экөөбүздүн ортобузда сыр болчу эмес эле го?

– Ал сыр сизди капа кылса деле айтайынбы, апа?

– Мени капа кыла турган бир нерсе калдыбы, балам? Мен мурункудай эмес, болбогон нерсеге ыйлап, ыза болуп, бук болгон апаң жок. Баары Аскар менен кошо кетти. Жашоо мени жашоого башкача караганга үйрөттү.

– Мен бирөөнү сүйүп калдым, апа.

– Ии?

– Мындай эле эмес, башкача сүйүп калдым. Ал кыз үчүн жаныңды бер десе да даяр болгондой... Ушундай даражада сүйдүм.

– Сүйгөн жакшы, балам, бирок...

– Ошол бирок бар.

– Айт эми...

– Азырынча экөөбүздүн арабызда гана болсун.

– Макул.

– 5 жыл мурун мен Америкага эмне себептен кеткенимди билесиз. Мен күнөөсүз кызды...

– Билем аны, сенин сүйүүңө ал окуянын кандай тиешеси бар?

– Түздөн-түз тиешеси бар, апа, мен так ошол кызды сүйүп калдым.

– Эмне-е?

– Ооба, билем, бул акылсыздык. Бирок эмне кылайын, тагдырым ушул экен. 5 жыл мурун Америкага окуганы кетти дейсизби? Жок, ошол кызды унутайын деп кеттим. Бирок 5 жыл бою жүрөгүмө сайылган тикенек болуп тура берди. Ойнодум, күлдүм, жакшы кыз таап сүйлөштүм. Болбоду. Унута албадым. Аны сагынып чыдай албай калганда келдим.

– Ах, балам ай. Сен канчалык кооптуу жолдо бара жатасың билесиңби? Ал кыздын атасы...

– Билем, апа, бирок андан бир мүнөт да ажырай албайм. Айсулууну көрсөңүз сиз дароо түшүнмөксүз. Таптаза, ушунчалык ишенчээк, жөнөкөй кыз. Жүрөгүндө кыпындай кири жок. Мен аны менен кошо тазалангым келет. Анын күнөөсүз көздөрүн караганымда тазаланып жатканымды сезем. Мен ансыз жашай албайм. Башында бул өзүмдү күнөөлүү сезүүбү деп ойлодум. Бирок бул сүйүү экенине көзүм жетти. Көргөн сайын жинди болом. Көргөн сайын жанынан кетким келбейт.

– Эркин, жашсың, алдыда далай...

– Жаштыкка эч тиешеси жок, апа, мен бир көрүп сүйдүм аны. Мен атама окшош эмесмин, мендейлерди “однолюб” деп коюшат. Мен бир адамды өмүр бою сүйгөн адамдарга кирем.

– Билем...- деп шыбырады апасы. Бир адамды өмүр бою сүйгөн өзүн эстеди. Бир адам деп эч нерсеге карабай куйкаланып кеткенин, Аскар үчүн бүтүндөй өмүрүн курмандыкка чалганын ойлонду. Уулу дал өзүнө окшош. Күйүп-жанып сүйөт бул бала. Эми эмне дей алат?

– Апа, мага жардам бер.

– Кантип?

– Айсулууга баш кошуу тууралу сунуш киргизем. Менимче, ал макул болот. Айсулууну алып чет өлкөгө кетем. Сени кайра жалгыз калтырышым мүмкүн. Уруксат бер...

– Эркин, сен бул иш жабык боюнча калат деп ойлоп жатасыңбы? Ал кызга үйлөнөсүң, апасы бар, апасы менен атаң куда-кудагый...

– Бул жагын такыр ойлонгум келген жок.

– Баары бир угулат, сен кантип угулбай калат деп ойлоп жатасың? Атаңдын бул ишти кантип жапканын билесиң. Сен өзүңдү эле эмес, ал кызды да өрткө таштаганы жатасың. Жакшысы, сен кайра Америкаңа кет, ал кызды унут.

– Эми аны такыр таштай албайм, түшүнчү мени, апо-оу. Ал апасы менен жакын эмес, расмий түрдө баш кошуп, кол коёбуз. Той, ал-бул дегенди да кылбайбыз. Биз кетебиз, анын ким экенин, менин ким экеним маанисиз болгон алыс жерге кетебиз. Керек болсо өмүрүбүздүн аягына чейин бул жакка келбейбиз.

– Андай болбойт, Эркин. Тууган-урук бар, аларга сенин үйлөнгөнүңдү айтпай коймок белек? Анан кимдин кызы, ким деген сөз чыгат. 5 жыл мурун ал кыздын сүрөтү тарап, интернетте кандай талкуу болду эле, эсиңдеби? Эч ким унутпайт андай ишти. Сен туура эмес ойлонуп жатасың.

– Апа-а, башка айлам жок. Иши кылып үйлөнүп алып биз кетип калсак, мен аны бардык нерседен коргойм. Кийин балалуу болуп калабыз. Андан кийин билсе да балага байланып менден кете албай калат. Ал аябай жакшы кыз, апа, сен аны бир көрсөң мени түшүнмөксүң.

Уулу көк бет экенин билет, акылына келгенин жасайт бул. Ичтен сызды. Ата-энелердин катасы үчүн балдар жооп бербесе эмне?! Апасынын унчукпай калганын макул болду деп түшүндү Эркин. Жеңиштүү күлүмсүрөп алды. Бардыгы өзү пландагандай болот! Башкача болуусу мүмкүн эмес. Дароо телефонун карады. Айсулуу “сабактан чыктым” деп жазып коюптур. Тез ордунан туруп машинесине түшүп ызгыта айдап кетти.

ххх

Ичине көпөлөк кирип кеткендей кыпылдайт кыз. Кийимдерин карады, эч нерсеси өзүнө жакпады. Бардыгы спорттук кийимдер экен. Бир дагы көйнөгү жок. 5 жылдан бери көйнөк кийип бир жакка барбаган экен. Бирок Эркин аны өзгөчө жерге чакырбадыбы, сөзсүз түрдө көйнөк кийип барышы керек. Шашкалактап барып көйнөк алды, жеңил боёнду. Чачтарын жайып койду эле, күзгүнүн алдына периште пайда болду. Жасанган деле жарашат тура ага. Өзүнүн ойлоруна өзү күлүп алды. Күзгүдөгү кыз өзүнө жагып турду. Болжолдогон саатта сыртка чыкты. Колуна чоң букет кармаган Эркин аны күтүп турган экен, кызды оозун ача тиктеп калды. Боёнуп алса таптакыр эле периште болуп кетет тура бул! Ушул сулуулукту башкаларга көрсөткүсү келбей, өзүнөн-өзү ичи тарып кетти.

– Салам!

– Салам, бул сага...

– Рахмат, кайсы жакка барабыз?

– Бир ресторанга сүйлөшүп койгом, бирок сени ал жакка да алып баргым келбей жатат. Кел, андан көрө экөөбүз тоо тарапка бир жерге барып келебиз. Ал жерде киши аз, тамактары да мыкты. Баса, эмне тамак жакшы көрөсүң?

– Эт,- деди Айсулуу күлүп.

– Мен дагы этти жакшы көрөм. Ал жерде сонун тамактар бар. Кучагы толо роза, бактылуу жылмайган кыз. Эркин ушул тапта эң бактылуу адам болчу. Деги эле тээ бала кезинен бери мынчалык бактылуу болуп көрбөсө керек. Дайым бир тарабы өксүк, бир нерсе жетпегендей кусалык бар болчу ичинде. Айсулуу менен ошол өксүк толукталгандай. Ички дүйнөсү да, сырткы дүйнөсү да балкып-толкуп кеткендей.

ххх

Үлбүрөгөн шамдын жарыгында кыздан көзүн албай тигиле берди.

– Анча карабачы...

– Карагым келип жатсачы? Ушул күндү өмүр бою унутпаш үчүн карап отурам. Чачың, көзүң, жүзүң, бүт баары эсимде калсын деп жатам.

Кыздын шыңгыр күлкүсү чыкты. Күлкүсү да таптаза эле. Жүзү албырып жатты. Ага эч ким мындай сөздөрдү айткан эмес. Эч ким минтип өрттөнүп караган эмес. Аптыга дем алды.

– Эмне болду?

– Билбейм, башым айланып кетти.

Үнсүз отуруп калышты. Үнсүздүк кандай жакшы. Айткың келген нерселер акылыңдан учуп кетет, жөн гана бейпилдик калат. Шартсыз, суроосуз жөн гана бирөөгө керек болгон кандай жакшы. Айсулуу атасы каза болгондон бери биринчи жолу өзүн бирөөгө керек сезди.

– Айсулуу...

– Ии?

– Мен өмүр бою сени менен жашагым келет. Дал ушундай үнсүздүктө, бейпилдикте...

– Ия?

– Баш кошуп алалыбы?

Кыз таң кала тиктеди. Демек, колду ушинтип сурайт тура, ушундай сунуш киргизет тура.

– Биз кыз-жигит да эмеспиз, кантип тез эле баш кошуп алабыз? Көп болсо үч айдан бери таанышпыз...

– Мен сени өмүр бою билгендеймин. Мага ошол жетет. Мындан ары сенсиз жашоомду элестете албайм.

– Хм, сен мени канчалык тааныйсың, балким, мен жаман кыздырмын. Балким, мен сенин кыялыңдагы адам эмесмин, кантип бат эле тыянак чыгарып койдуң?

– Менин билгеним мага жетиштүү...

– Ошентсе да...- кыз эмне дээрин, кандай кыларын билбей алдастап кетти. Баары күтүүсүз жана шашылыш болду. Жигит жакын келди. Анын ысык демин жүзүндө сезди, башын чулгуй берди эле жылуу колдору белинен кучактай калды. Кандайдыр бир белгисиз сезим пайда болду, денеси көөшүй түштү, жигиттин эркине баш ийе берди. Жыпжылуу эле эриндери... Өрттөй ысык болчу анын илеби... Жанга жагымдуу эле анын ар бир кыймылы... Ошонун баары кийин аны өрткө түшкөндөй куйкаларын билбеди Айсулуу...

Башын көтөрүп караса Эркиндин да көздөрүнөн жаш агып жаткан экен.

– Эмнеге ыйладың?

– Сени тапканым үчүн.

Кыз биринчи жолу өбүштү. Эмнегедир айткысы келди муну Эркинге. Бирок айта албады. Анын ордуна көзүнүн жашы мөлт эте анын колуна тамды.

– Сага эмне болду?

– Менде бул нерсе биринчи жолу...

– Өбүшүүбү?

– Бардыгы, балким ишенбейсиң, бирок менде баары биринчи жолу болду. Биринчи жолу!

– Жаным!

Эркин Айсулууну кучагынан чыгарбай турду. Экөө биринин дартына бири даба болуп жараларын дарылап жаткандай эле. Бирок бул канчага созулат? Аны тагдыр гана билбесе...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан