Каалаган убакта жуунуп, кир чайкоо үчүн айыл жеринде мончонун болгону жакшы. Эгер үй-бүлөңүз үчүн мончо куруу планыңыз болсо төмөнкү кеңеш пайдалуу болору шексиз. 3 адамга ылайыкталган мончону курууга эмнелер керек жана канча чыгым кетерин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын өндүрүү жана серептөө кафедрасынын доценти Жамалидин Абдыраимов айтып берди.
КАНДАЙ МОНЧО?
Жалпысынан 3 бөлмө керек: чечинип-кийинүүчү, жуунуучу жана бууга кактануучу бөлмө.
Мончонун узундугу – 6 метр, туурасы – 2,5 метр. Бөлмө аралык дубалдардын саны – 2, узундугу 2 метрден. Курулуш материалдарынын баасы базардагы орточо баа менен жазылды.
ПАЙДУБАЛЫ
Жалпы узундугу – 21 метр, туурасы – 30 сантиметр, бийиктиги – 50 сантиметр (үстүндөгү бөлүгү – 30, жер астындагы бөлүгү – 20 сантиметр).
Пайдубалдын жалпы көлөмү – 3 метр куб.
Керектелүүчү каражат:
Шагыл – 3,2 тонна=1920 сом (1 тоннасы 600 сом)
Кум – 1,8 тонна=1600 сом
(45-50 килограммдык мүшөгү 40 сом)
Цемент – 750 килограмм=5400 сом (1 килограммы 7,2 сом)
ДУБАЛ
Дубалдын жалпы көлөмү – 5,14 метр куб
Керектелүүчү каражат:
Бышкан кыш – 1542 даана=14 649 сом (1 даанасы 9 сом 50 тыйын)
Цемент – 300 килограмм =2160 сом
Кум – 1200 килограмм=1080 сом
ШЫБАК
Шыбала турган ички дубалдын аянты – 23,94 метр квадрат
Цемент – 71,82 килограмм =517 сом
Кум – 287 килограмм=256 сом
КАФЕЛЬ
Кафель чаптала турган дубалдын аянты – 16 метр квадрат
Кафель – 16 метр квадрат=7200 сом
(1 метр квадраты 450 сом)
Кафель чаптоого колдонулуучу клей – 1 мүшөк=350 сом
ШЫП
Мончо шыбынын жалпы узундугу – 6 метр, туурасы – 2,5 метр, калыңдыгы –
10 сантиметр. Жалпы көлөмү – 1,5 метр куб
Керектелүүчү каражат:
Шагыл – 2,8 тонна=1680 сом
Кум – 1710 килограмм =1520 сом
Цемент – 375 килограмм =2700 сом
Арматура – 180 метр=10 800 сом (1 метри 60 сом)
СЕПТИК
Мончодон чыккан кир суу үчүн борборлоштурулган канализация системи жок болсо, анда короого же короонун сыртына чуңкур (септик) казууга туура келет. Бул мончодон 5-7 метр алыс аралыкта жайгашты деп эсептейли.
Чуңкурдун узуну – 1,5, туурасы – 1, тереңдиги – 3 метр=15 метр квадрат
Төрт тарабын бетондоо
Калыңдыгы – 10 сантиметр
Керектелүүчү каражат:
Цемент – 250 килограмм=1800 сом
Шагыл – 1 тонна=600 сом
Кум – 750 килограмм=668 сом
Канализация түтүгү (диаметри 50 миллиметр) – 7 метр=910 сом (1 метри 130 сом)
Мончонун ичине коюлчу чыпкалуу түтүк 1 даана=350 сом
ЧАТЫР
Айырмач (стропила) – 42 метр=6920 сом (1 метр кубу 22 000 сом)
Рейка – 30 метр=1650 сом
(1 метри 55 сом)
Шифер – 13 даана=4485сом
(1 даанасы 345 сом)
ПОЛ
Цементтеле турган полдун жалпы аянты –
10,5 метр квадрат, калыңдыгы – 5 сантиметр
Керектелүүчү каражат:
Цемент – 265 килограмм = 1908 сом
Кум – 790 килограмм=700 сом
КАФЕЛЬ
Кафель чаптала турган полдун жалпы аянты – 10,5 метр квадрат
Кафель – 10,5 метр квадрат=4725 сом
Кафель чаптоо үчүн колдонулуучу клей – 1 мүшөк=350 сом
ЭШИК, ТЕРЕЗЕ
Эшик – 3 даана=4500 сом
Терезе – 3 даана (30х40 сантиметр өлчөмүндө)=850 сом
СУУ КАЙНАТУУЧУ БАК
Суу кайнатуучу бак (130 литрлик)=20 000 сом
Суу чабыштыргыч – 1 даана=1200 сом
Муздак сууга туташтыруучу түтүк – 10 метр=420 сом
(1 метри 42 сом)
БУУГА КАКТАНУУЧУ БӨЛМӨ
Бөлмө дубалынын аянты – 15,13 метр квадрат, шыбынын аянты – 3,5 метр квадрат
Керектелүүчү жыгачтын көлөмү –
18,63 метр квадрат – 22 356 сом (1 метр квадраты 1200 сом)
Ден соолукка пайдалуу деп бул бөлмөнүн дубалына кызыл карагай жыгачы чапталат.
ОТУРГУЧ
Бууга кактануучу бөлмөгө, адатта, тепкич сымал эки катар отургуч орнотулат. Биринчи катардагысынын узундугу – 2, туурасы – 40, бийиктиги – 45 сантиметр. Ал эми экинчи отургучтун узундугу – 2, туурасы – 40, бийиктиги – 90 сантиметр.
Отургучка керектелүүчү жыгачтын жалпы көлөмү – 39,6 метр рейка такта=4356 сом
(1 метри 110 сом)
Ошентип, 3 кишиге ылайыктуу мончону курууга керектүү материалдарды сатып алуу үчүн жалпы 130 580 сом сарпталды. Буга жумушчу күчүнүн эмгек акысы кошулат. Эгер мончону өз колум менен курам десеңиз жогорудагы акча жетет.
Канымжан Усупбекова