АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Эркин бир орунга тура албай тыпырап жатты. Айсулуу кечиккенден кечикти, мындай кабарсыз кетчү эмес эле. Бир жакка бара турган болсо дайыма айтчу. 10 күндөн бери башкача өзү. Бир салкындыкты байкаган, бирок кош бойлуу болгон үчүн мүнөзү өзгөрүп жатабы деп ойлогон. Убакыт өтүп жатты, ого бетер Эркиндин чыдамы кетип бара жатты. Телефонго эчен жолу чалды, албады. Бир маалда эшик ачылганын угуп ордунан секирип турду.

– Жаным, кайдасың сен? Жүрөктү түшүрдүң го, эмнеге телефон албай жаттың?

Айсулуу үн катпай адатынча башын буруп кетти. Көзүн көзүнө чагылдырса ичиндеги бороон-чапкындын баары көрүнчүдөй сезилди. Каректерин дагы ала качты.

– Жөн эле сыртта жүрдүм.

– Айтып койбойт белең?

– Мен эмне, өзүм билип шаар аралаганга акым жокпу?- деди аялы чорт гана.

– Айсулуу, мени карачы, сага эмне болуп жатат? Канча күндөн бери жүзүмө карай элексиң. Күлө элексиң мени карап, өзүңчө жатып жатасың, мен сени таарынта турган бир нерсе кылдымбы?

Айсулуу эрдин кырча тиштеди. Азыр баарын айта алса, жүрөгүндө турган нерсенин баарын айта алса, мына бул каргыш алган эшикти жаап туруп чыгып кете алса. Бирок азыр эмес, убактысы болот. Чачтарын кургатып жатып кайдыгер үн катты.

– Жок, баары эле жакшы, азыр ичим чоң болуп жалгыз жатуу керек болуп жатат. Кош бойлуу аялдарды түшүнүү керек.

– Мени карачы...

Ээгинен кармап өзүнө каратты. Каректери чоочун адамдай муздак болчу. Ооруп тургандай чекеси тырыша берди.

– Кыргызстанга кетели,- деди Айсулуу бир учурда.

– Эмнеге?

– Москванын аба ырайы тажатып жиберди. Бул жерде табылган жумуш ал жакта да табылат.

– Сага бир нерсе болду. Айт мага.

Айсулуу Эркинди тиктеп турду. Ушунчалык тааныш, ушунчалык жүрөгүнө жакын адамы! Ошол эле учурда... Эч нерсе дей албай койду. Бул абалда бир нерсе деш да кыйын, өзү бардыгын билмейинче эч нерсе кыла албайт. Башы ооруп чыкты. Ичиндеги бала булкуна бир-эки жолу тепкендей болду. Чекеси тырыша түшүп “мен эс алайынчы” деди. Эркин эч нерсе дебей уктоочу бөлмөдөн чыгып кетти. Айсулуунун көздөрүнөн эле бир нерсе болгонун билди. Жүрөгү кабынан чыкчудай тарсылдап баштады. Эшиктин туткасын кармап туруп дароо эле баарын өзү ачык айтып салгысы келди. Бирок ошол эле учурда аны өмүр бою жоготуу коркунучу алкымына чейин келди. Айсулуу кечирбейт! Эки жарым жылдан бери жашап ал кандай экенин билип калган. Мурун жаңы үйлөнүп жатканда “балалуу болсок, мага көнүп калса кечирет, кайда бармак эле?” дегендей ойлончу. Аны менен жашап, мүнөзүн билип калгандан кийин кечирбесин билген. “Кайдан билип калышы мүмкүн? Билсе да эмнени билет?” дей берип уйку көрбөй ары-бери баса берди. Бир бөлмөдө күйөөсү, экинчи бөлмөдө аялы тыпырап жатышты. Экөө тең уктабай жатканын билип турушту, бирок жандарына барып абалын сураганга эрктери жетпей жатты. Айсулуу үчүн бул тозок качан башталды? Так 10 күн мурун... Душта жуунуп жаткан, кимдир бирөө үйгө келгенин билди. Кобур-собур үн угулду. Бир маалда кулагына каркылдаган бир күлкү угулду! Бул ага аябай тааныш добуш болчу. Өзү зордукталган каргашалуу кечте кулагында калган ушул үндү ал өмүр бою жаттап калган эле. Дене бою титиреп кетти. Дагы жакшылап кулак салды.

– Эй, мени чыкпайт деп ойлодуң беле, 7 жыл отуруп чыктым. Сендей суу жүрөк үчүн мен ушунча жыл отурдум. Сен атаңдын эрке баласы, суудан кургак чыгып кеттиң. Менин атам сатты, а сенин атаң мени сатып алды.

– Чык эшикке, сырттан сүйлөшөбүз...

Ким бул? Айсулуу тез аарчынып кийинип чыкканча Эркин үйдөн чыгып кеткен экен. Сыртка чыгып да таппай калды.

ххх

Эркин бөлмөдө батпай жатты. “Эрик акмак келбегенде мунун баары болмок эмес” деди кыжырлана. Ошол коркунучтуу түштөй болгон күндү эстеп жатты. Эшик коңгуроосу басылып, ачса эле жалжайып Эрик турган экен. Арбакты көргөндөй коркуп кетти. Обу жок бир-эки сөз сүйлөгөндөй болду, Эркиндин кулагына эч нерсе кирген жок. Сыртка сүйрөп чыкты, машинесине отургуза коюп үйдөн узагыча шашты.

– Эй, акмак, мага эмнеге келдиң?

– Сен мени түрмөнүн түбүндө чирийт деп ойлодуң беле? Сен мага көп нерсе карызсың.

– Эч нерсе карыз эмесмин!

– Айсулууга үйлөнүпсүң го, тапканын кара баланын. Ал деген менден калган...

Сөзү бүтө электе Эрикти ээктен ары бир урду. Далдайган неме кулап түштү. Жинигип калган немедей башка-көзгө ургулап жатты.

– Мына сага, сен оозуна алы жетпеген ит, оозуңа Айсулуунун атын экинчи албайсың!

Күрөш менен машыккан неме тигини өлөр-тирилерине карабай урду. Көчөдө көргөндөр ийинин куушуруп коюп өтүп жатышты. Чарчаганда токтоду.

– Болду, токтот!- деди Эрик да араң жан.

– Жоголосуңбу?

– Жоголом, акча керек мага!

– Акча керек, ээ?

– Ооба, эч ким жок тааныш. Кыргызстанга да батпай калдым. Ата-энемди билесиң, мен өлүп калсам да баары бир. Мен да жашоомду кылып кетишим керек. Акча бер.

– Болбосо?

– Болбосо Айсулууга баарын айтам. Сен мени билесиң, Эркин, оюмдагыны жасайм.

Бул чын эле акмак. Ойлонуп да отурбай уясын бузат. Башка өлкөгө кетип калайын десе Айсулуу кош бойлуу, учакка учканга болбойт. Бала төрөлгөнчө акча берип алдап турушу керек.

Ушуну ойлонуп турду Эркин.

– Канча?- деди.

– Алгач 3000 доллар.

Ошентип саай баштаган Эрик ошону менен токтоп калса кана...

ххх

Айсулуу жаман түш көргөндөй боло берди. Эркинден ким келгенин сураса “эч ким, сага угулуп кетсе керек” деп койду. Бирок ал тынч ала албай койду. Күлкүсү гана эсинде калган жагымсыз адам аны ээрчип алды. Сыртка чыкса жанында жүргөндөй сезилет. Кээде түшүндө алка-шалка тер болуп ойгонот. Бир күнү ал адам так маңдайынан чыкты. Үйүнө кирип бара жаткан эле, эшик ачылып бою узун, жүзү жагымсыз эркек аны тиктеп турганын көрдү. Жүзүн тааныбайт эле, бирок ошол замат кандайдыр бир күч менен тааный койду. Ошол каргашалуу түн... Ушул адам болчу! Үн чыгара албай туруп калды. Тиги да басып кетти. Экинчи жолу кечкурун Эркин кечиккенинен сыртка чыгып отуруп тиги адам менен Эркиндин сүйлөшүп турганын көрдү. Денеси дүр дей түштү. Демек, эч ким келген жок деп Эркин алдаган экен. Алдаптыр! Бул адам менен кандай байланышы болушу мүмкүн? Үйгө кирип билмексен болуп отуруп калганы менен, жанагы суроо мээсин жеп жатты.

Эркин кабагы салыңкы кирди.

– Эмне болду?

– Эч нерсе.

– Ким менен сүйлөшүп жаттың?

– Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун.

– Мм, тамак ичесиңби?

– Айсулуу, бүгүн эмнегедир маанайым жок, сен өзүң иче берчи. Эркин шарт эле уктоочу бөлмөгө кирип кетти, ошол боюнча чыккан жок. Эч качан мындай болгон эмес. Айсулуу шектенгенден шектене берди. Бир күнү Эрик так маңдайында турду. Эшиктин коңгуроосу угулуп эшикти ачты, алдында көздөрү тостойгон, жүзү муздак адам турган эле. Жүрөгү шуу дей түштү.

– Эркин кайда?

Бул киркирек үндү ошол түнү уккан. Демек, бул ошол адам!

– Сен...- деген боюнча калчылдап кетти.

– Тааныдыңбы? Ооба, мен түрмөдөн чыктым. Хе, күтпөсөңөр керек, ээ?

Дагы бир нерселерди айткандай болду. Нес болгон Айсулуунун колдору калтырап, кулагы дуулдап кетти.

– Эртең ушул саатта келем. Менин жогото турган эч нерсем жок. А силердики бар. Сен Эркин тууралуу эч нерсе билбейсиң, ал дагы сен тууралуу эч нерсе билбейт. Демек, экөөң тең мага керек сумманы табасыңар. Мага акча керек!

– Жогол!

– Эркин тууралуу бардык чындыктарды айтып берем. Керек сумманы алып кел!- Эрик сумманы айтты да, кандай пайда болсо ошондой чыгып кетти.

ххх

Айсулуу жаздыгын мыкчый берди. Сыртта жамгыр, Эркин кофе кайнатып ичип жатабы, ашкана тарап калдырап жаткандай болду. Айсулуу ойлорун токтото албай жатты. Бир учурда туруп барып эле ашканадан бычак алып Эркинди, өзүн, ичиндеги жаңы өмүрдү бир шилтем менен жок кылгысы келди. Бирок ага да эрки жетпей жатты. Баары бир түйүн чечилбей жаткандай...

“Азыр эмес, чындыктын баарын билишиң керек. Демек, ал үчүн Кыргызстанга барыш керек. Эркиндин атасына жолугуш керек!” деп жатты акылы. Акылы башканы, жүрөгү башканы, ички туюму такыр башканы айтып жатты. Эч бирине кулак салгысы келбеди. Атасын ойлоду. Атасынын өлүмүнө байланыштуу окуяны кайрадан башынан эстей баштады. Уйкусу качып, блокнотуна ошол түнкү окуясын убакыт-саатынан бери жазып чыкты. Кандайдыр бир элестөө пайда болду. Таң агарып бара жаткан экен, блокнотту жаап конок бөлмөгө кирди. Диванда Эркин уктап жаткан экен, жаагын таяна көпкө тиктеди. Жылбай тиктеп отурат беле, бир маалда Эркин көзүн ача берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан