ДААМЫ ТАҢДАЙДА КАЛГАН АЗИЯ ПЕЛЬМЕНДЕРИ

Жука жайылган камырды ар кандай формада кесип, ичине туурамжы толтуруп түйүлгөн тамактар пельмень же дамплинг деп аталып келет. Пельмендин аналогдору да бар, алар ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай аталат, туурамжысынын курамы да башкача. Бүгүн Азия пельмендеринин рецептин сунуштайбыз.

• Пельмень, чүчпаралардын түпкү тарыхы. Кытайдан башталат. Уламыш боюнча, биздин замандын 150-жылы кытай чөп дарыгеринин жалгыз уулу ооруп, дарыгер дары чөптөрдү камырга түйүп, ысык, ачуу шорпо менен берген. Мындан соң тамак катары колдонууга кирген.

• 200-жылдары кытай пельмендеринин формасы алтын куймаларына окшоштурулуп түйүлүп, кытайлар Жаңы жыл алдында салттуу тамак катары жешкен. Азыр да бул салт кармалат. Бул байлыкты чакыруу ырымы.

• 1275-жылы Марко Поло Улуу Жибек Жолу менен Кытайга саякаттап, ал жактан кытай пельмендеринин даамына таң берип, рецептин Италияга алып келген. Италияда равиоли деп аталып, жаңыча жасалып баштаган.

• Ал эми орустарда пельмень алгач 15-кылымда Урал, Сибирь аймактарында татарлар, комилер жасаганы тарых булактарында жазылган.

• Японияда гёдза, Түштүк Кореяда дамплинг, манду деп аталган пельмендердин түпкү мекени Кытай. Кытайда цзяоцзы деп аталат. Бул үч өлкөнүн пельмендеринин жасалуу ыкмасы дээрлик бирдей. Японияда гёдза-стадиондор да бар, ал жакта бул тамакты жасаган ресторан, кафелер жайгашкан. Кореянын дамплинги өзгөчө даамы менен башка өлкөлөргө да тараган.

Гёдза

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти – 250 грамм

Пекин капустасы – 150 грамм

Пияз – 1 даана

Көк пияз – 1 боо

Сарымсак – 2 тишче

Имбирь тамыры (сүргүчтөн өткөрүлгөн) же имбирь татымалы – жарым чай кашык

Соя соусу – 3 аш кашык

Кууруу үчүн өсүмдүк майы – 4-5 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Камыры үчүн:

Ун – 300 грамм

Жүгөрү жана картошка крахмалы –
1 аш кашыктан

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Жылуу суу – 120 миллилитр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга крахмал, туз, өсүмдүк майын кошуп камыр жууруйбуз. Жүгөрү крахмалы камырды серпилгич кылса, картошка крахмалы туурамжыдагы ашыкча нымдуулукту сиңирип алат. Крахмал жок болсо калган азыктар менен камыр жууруй бериңиз. Камыр пластилин сымал катуулукта болушу кажет. Тамак-аш плёнкасына же целлофан баштыкка салып жарым саатка тыныктырып коюңуз. Крахмал кошулган камыр бат кургап, жарылып кетет. Ошондуктан камыр жайып, түйүп жатканда бат-бат жайып, түйүп же бетин көпкө ачык таштабоо сунушталат.

2. Пекин капустасын өтө майда туурайбыз. Үстүнө майда тууралган этти, пияз, көк пиязды, сарымсакты кошуп, туз, мурч, имбирь себелеп, соя соусун куюп аралаштырабыз.

3. Камырдан кичинеден (болжолдуу бир чай кашыктай) алып, жука жаябыз. Жайымдардын бетин тамак-аш плёнкасы менен жаап турууну унутпаңыз. Ортосуна 1 аш кашыктан туурамжы салып, чекелерин кол менен суулап эки беттеп, бир бетин 5-6 жолу бүктөп бекитип алабыз.

4. Көмөч казанга 2 аш кашык май куюп, кызып чыкканда гёдзаларды батышынча салабыз. Түбү кызарып чыкканда 120 миллилитр кайнак суу куюп, отту бир аз жайлатып капкагын жаап 15-20 мүнөт бышырабыз. Суусу калбай калса түбүнө тарттырбастан дагы кайнак суу куюп туруу керек. Көмдүрө куюп салууда камыр эзилип кетет.

Цзяоцзы

Керектелүүчү азыктар:

Фарш – 250 грамм

Ак кочан капустасы – 150 грамм

Көк пияз – 1 боо

Кинза – жарым боо

Соя соусу – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Камыры үчүн:

Ун – 300 грамм

Суу – 120 миллилитр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сууга туз татытып унга куюп камыр жууруйбуз. 20 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

2. Фаршка майда тууралган капуста, кинза, көк пиязды салып, туз себелеп, соя соусун куюп аралаштырабыз. Буларды майга кууруп алып да туурамжы даярдоого болот.

3. Камырды калыңыраак (2-3 миллиметр) жаябыз. Тегерек калыптын жардамы менен кесип, ортолоруна 1 аш кашык туурамжы салып түйүнчөк сымал четтерин ортого жыйнап бекитебиз. Манты касканга салып, 30-40 мүнөт бууда кармап бышырабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан