Биз социалдык тармакта

ИИМ: ӨЛКӨДӨГҮ ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДАР ЖУМУШУ БҮТСӨ КЕТИШЕТ           

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда чагымчыл аракеттер болуп жатканын маалымдап, коомчулукка билдирүү жасады.

Министрлик 28-майда билдиргендей, интернеттин кыргыз сегментинде улут аралык кастыкты, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр орун алууда. Анын ичинде чет өлкөлүк жумушчуларга карата жазылгандар болуп жатканы белгиленди.

– Буга чейин президентибиз айткандай, мамлекетибизде ири эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлор, масштабдуу объекттер ишке ашырылууда. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Асман шаары, ири энергетикалык “Камбар-Ата-1” жана башка экологиялык объекттер курулууда. Анан аларга сөзсүз адистер, жумушчу күчү керек болот. Алар ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жери жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, биздин көзөмөлдө турат. Долбоорлор бүткөндө кайра эле кетишет, эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы, айрымдары 2035-жылдары бүтөт,- деп билдирди ИИМ.

 Министрлик жарандарга чагымчыл аракеттерге жоопкерчилик караларын эскертти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан