Былтыр ырчы мырзалар биринин артынан бири үйлөнүшсө, быйылкы жылдын тойлор сезонун Добр баштап берди. Дегеним, рэпер жигит Жылдызай аттуу журналист кызга үйлөнүп, 27-апрелде борборубуздагы ресторандардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү.
– Добр, Жылдызай, куш бооңор бек болсун! Тагдыр жолуңар кандайча биригип калды?
Добр: – Рахмат! Жылдызай мени өзү таап алды! Тамаша. 5-каналдан бир кыз телефон чалып, бир долбоорго чакырып калды. Барганымда жылдыздуу кыз тосуп алган. Көрсө, ал сулуу Көлдүн ак куусу, менин болочоктогу жубайым Жылдызай экен. Азыр “долбоорго эмес, бакытымды издеп барган окшойм” деп күлүп калам.
Жылдызай: – Добрду ырчы катары таанып, ырларын угуп эле жүрчүмүн. Жакындан таанычу эмесмин. Алгач дос катары сүйлөшүп жүргөнбүз. Кийин достугубуз кантип сүйүүгө айланып кеткенин билбей калдык. Азыр бири-бирибизсиз тура албай калдык окшойт.
– Жаш үйлөндүк деп чочулаган жоксуңарбы?
Д: – Экөөбүз тең 23 жаштабыз. Эрте үйлөнсөк, демек, эрте балалуу болобуз да, туурабы? Андыктан көп ойлонбой эле бул чечимге келдим. Эң негизгиси, Жылдызай менин сунушумду четке каккан жок. Эки жүрөк табышса үйлөнө бериш керек!
Ж: – Мен дагы бул сөздү колдойм. Добр качандыр бир кезде сөзсүз колумду сураса керек деп жүрчүмүн. Анткени күздөн бери эле экөөбүздүн сүйлөшкөн темабыз үй-бүлө болуп калган. Көрсө, Добр мени сынап да, көндүрүп да жүргөн тура (күлүп). Буюрса, кайнатамды хандай көрүп, кайненемди жандай жүргөн келин болушума көзүм жетет.
– Экөөң тең эл адамысыңар. Бириң жумуштан кеч келсең, бириң гастролго чыгасың дегендей. Эми бул жагы кандай болот?
Д: – Мен келинчегиме “иште же үйдө отур” деген талаптарды койбойм. Ал өзүнүн ишиби, демек, өзү чечүүгө укуктуу. Эгер иштегиси келбесе, эркек катары келинчегимди бага алам.
Ж: – Учурда мен эмгек өргүүсүндөмүн. Жакында жумушка чыгам. Эгер жолдошум “сенин ордуң үйдө” десе, ишимди таштаганга деле даярмын.
– Добрдун кандай белектери эстен кеткис?
Ж: – 14-февраль – Сүйүшкөндөр майрамын “Манас” айылынан тостук. Ошондо атым Жылдызай болгондуктанбы, жылдыз сымал зер буюмдарынын топтомун белек кылган. Болгондо да анысын кантип берди дебейсизби, тизелеп отуруп алып сунуп жатпайбы. Ошол жерде сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибере жаздагам.
Д: – Гастролго чыккан сайын белек ала келем. Чындыгында, сүйүктүүң ар дайым жаныңда болсо жакшы эмеспи. Нарын жергесине болгон гастролума Жылдызайды да алпарып келдим.
– Көшөгөңөр көгөрүп, эмки жылы ушул маалда бешик тойго келели.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg