Шоу-бизнестин кош жылдыздары Айбек Карымов менен Гүланда чыгармачылыкта бири-бирине өбөк болуп келишет. Учурда Раяна аттуу 9 айлык кызынын таттуу кылыктарына мас болуп жүргөн эки ырчы бүгүн бизде конокто. Бул маек экөөнөн эки башка алынганын эске сала кетели.
РАЯНА
Жашы – 9 ай
Учурда – Каз-каз турат
Жакшы көргөн тамагы – Ботко, банан
Салмагы – 12 кг
Жакшы көргөн оюнчугу – Апасынын чөнтөк телефону.
Мындан сырткары атасы менен жашынмак ойногонду жакшы көрөт.
КОШ ЖЫЛДЫЗ ТУУРАЛУУ
Айбек 42 жашта,
Гүланда 27де.
Таанышкандарына 6 жыл,
түтүн булаткандарына бир жарым жыл болду.
– Кантип таанышып калгансыздар?
Айбек: – Алгач Гүланданын кафелердин биринде ырдап жүргөнүн көргөм. Кийин Опера-балет театрынан жолуктуруп, тобума ырчы болуусун сунуштагам.
Гүланда: – Айбекти мурун сыналгыдан гана көрүп жүрчүмүн. Мен күндүз окуп, кечкисин кафеде ырдачумун. Биринчи жолу ошол кафеде болгон тойдон таанышканбыз.
– Үйдө ким башкаруучу?
А.: – Албетте, мен. Бирок “бир баш жакшы, эки баш андан жакшы” демекчи, Гүкүш менен дайыма кеңешип турам.
Г.: – Айбек – башкаруучу, а мен аткаруучумун дебейминби, ха-ха-ха... Мындай да, мен моюну болсом, Айбек – башы. Моюн каякка бурулса, баш ошол жакка бурулат да, туурабы?
– Түгөйүңүздүн сизге жаккан жана жакпаган жагы?
А.: – Гүланданы эрте турганга эч көндүрө албай койдум. Мага аял кишинин эртең менен туруп короону шыпырып, күйөөсүнө чай даярдаганы аябай жагат да. Жакшы жагы – тырышчаактыгы, үйгө карамдуулугу.
Г.: – Ишенчээк, чектен ашкан ак көңүл. Жаккан жагы – кичине бирдеме болсо деле мага чалып, “эмне кылсак?” деп сурап турганы. Муну анын менден корккондугу эмес, мени сыйлаганы деп түшүнөм.
– Кызганычтар болуп турабы?
А.: – Кээде болуп калат. Гүланда мени көбүрөөк кызганат. Телефонума бирөө коңгуроо кылып калса, “ал ким?” деп сурай бермей адаты бар.
Г.: – Албетте, сүйүү бар жерде кызганыч болот да. Айбектин кызганганын тойлорго барганда байкап калам. Ал мени көбүрөөк кызганат.
– Таарынычыңарды кантип жазасыңар?
А.: – Эми баары сыяктуу эле кучактап, көтөрүп чаап, көккө ыргытып дегендей... (күлүп). Албетте, жылуу сөздөр менен таарынычын жазабыз да.
Г.: – Айбек таарынбайт деле. Таарынса да бат эле жазылат.
– Сиздердин бактыңыздарга көз арткан адамдар барбы?
А.: – Экөөбүздүн ортобуздагы урмат-сыйды көрө албагандар бар, анча-мынча. Акыркы күндөрү андайларга маани деле бербей калдым.
Г.: – Толтура. Эл алдында жүргөндө сөзсүз сөз болот экенсиң. Ошондой кишилерге таң калам. Каяктагы суроолорду бере беришет.
– Сиздер баш кошуп жатканда апаңыздар каршы болду эле. Азыр мамилеңиздер кандай?
А.: – Ал менин апам эмес, менин апам башка. Ал жөн гана мени төрөп таштап кеткен адам! Аны менен мамилем жок жана такыр катташпайм.
Г.: – Мен ал кайненемди тааныбайм, сүйлөшүп да көргөн эмесмин.
– Ачууланганда кайсы сөздү көп колдоносуз?
А.: – Биз, токтогулдуктар, баштаганда эле “энеңден” баштайт эмеспизби. Менде деле бул адат сакталып калган.
Г.: – Бир нерсеге жиним келгенде “ээ” деп баштаган менчик сөзүм бар.
– Үйдө ким уйкучу да, ким сергек?
А.: – Уйку керек болсо Гүландадан карызга сурап турсаң болот, уйкуга бай (күлүп).
Г.: – Мен уйкучумун, Айбек сергек.
– Бири-бириңерди эмне деп эркелетесиздер?
А.: – Эр Гүкүш деп коём.
Г.: – Мм-м... билбейм, мен эркелеткенге караганда көбүрөөк эркелейт болушум керек.
– Кайсы суроону бири-бириңерге көп бересиңер?
А.: – “Эмне кылып жатасың? Кызым кандай?” деп көп коңгуроо кылам.
Г.: – “Каяктасың?” деген дежур суроом болсо керек.
– Раяна ширин кыз болуп чоңоюп жатыптыр. Кызыңыздардын ким болушун каалаар элеңиз?
А.: – Самара Токтакуновадай комузчу болсо дейм.
Г.: – Балерина кылгым келет.
– Мурунку үй-бүлө менен мамилеңиздер кандай?
А.: – Балдарыма каралашып, колдоо көрсөтүп турам. Биринчи турмушумдан бир уулум, ал эми экинчисинен эки кызым бар. Уулум быйыл 9-класста окуйт.
Г.: – Айбектин мурунку үй-бүлөсү, балдары менен катташпайм. Ар ким өз жолу менен дегендей...
– Сиздерди таң калтырган нерсе...
А.: – Саясатчылардын бири чалынган жерге экинчиси кайрадан чалынып жатканы.
Г.: – Бала менен алек болуп, таң калууга деле убактым жок.
– Эмнеден уяласыздар?
А.: – “Тиги саясатчы кетсин” деп жетимиши чыкса, “ал саясатчы калсын” деп жети жүз адам чыккан пикетчилерден уялам.
Г.: – Кыргыздын атын уят кылгандардын баарынан уялам.
– Сын-пикирлерден сынасызбы же чыңаласызбы?
А.: – “Ушул туура айтып жатабы же жөн эле көрө албастык кылып жатабы?” деп көп талдайм.
Г.: – Мурун ызылдап ийчүмүн, азыр көнүп деле калдым. Же ызылдагандан тажап калдымбы билбейм.
– Азыр эмнени ойлонуп жатасыз?
А.: – Азыр мени өнөктөштөрүм чакырып жатышкан болчу. Сизден кантип кутулуп, ошол жакка эртерээк жетсем экен деп ойлонуп жаткам (күлүп).
Г.: – Атабыз шашылып кетип калды. Эми кызым экөөбүз үйгө кантип жетсек деп ойлонуп турам.
– Күндүн ысыгына карабай жаш бала менен келип кызыктуу маек куруп бергениңиздерге рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg