“Кыз-Бурактын” “көзүрү” Сайкал Садыбакасованын борбор калаабызда клип тарттырып жүргөнүн угуп, тамашага салууну чечтик. Сценарий боюнча ырчы кызды зер буюмдардын жарнагына тартып, иш ортосунда сумкасына жасалгалардын бирин салуу менен ууру тутмак болдук.
Алгач Сайкалдын номерин тергенибизде телефонго Гүлшайыр Садыбакасова жооп берди. Өзүн «Голден трейбл» зер буюмдарын сатуучу компаниянын менеджеримин» деп тааныштырган актрисабыз Дина “бизге Сайкал жакты. Биздин компаниянын жүзү болуп берүүсүн сунуштайбыз. Албетте, эмгек акысы да сиздерди нааразы кылбайт” деп бир топ шарттарын түшүндүрдү. «Менеджердин» сөзүнө Гүлшайыр эже муюп, жолукчу жерди да болжошту. “Media Star” студиясын ижарага алып, сыр билгизбеш үчүн ал жердин кызматкерлери менен да сүйлөшүп алдык. Ошентип, редакциядан тартуучу топ, «коопсуздук кызматкери» Алтынбек, «менеджер» Дина жана «Орусиядан келген сүрөтчү» Макс болуп жөнөп калдык. Студиядан жолуккан Гүлшайыр эже “Сайкал азыр келип калат, чачын жасатканы сулуулук салонуна кирип кетти” деп келишим менен таанышып чыкты. Бир убакта татынакай жасанган Сайкал кирип келди. Мындан анын жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кыларын, сунушка чын эле ишенгенин байкадык.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg