ТАШИЕВдин ТӨБӨСҮН КАРА БУЛУТ КАПТАДЫ

Президенттик шайлоо жакындаган сайын калың элдин колдоосуна ээ болууга ашыккан саясатчылардын “мен акмын, сен карасың” деп бири-бирин күнөөлөмөйү кызыды. Андайлардын бири Камчыбек Ташиев Июнь коогалаңы боюнча Убактылуу өкмөттү күнөөлөсө, Башкы прокуратура аны “бейбашсың” деп кылмыш жообуна тартууга бел байлады.

14-июнда Ак үйдү эрежесиз мушташтын аренасына айланткан депутаттардын бири Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн башкы прокурор Аида Салянова анын кол тийбестик макамын алып салуу сунушун парламентке жолдоду. Эсиңиздерде болсо, 31-мартта парламент төрагасы Ахматбек Келдибековдун иш бөлмөсүндө Камчыке партиялашы, дунган улутунун өкүлү Бахадыр Сулаймановду токмоктоп, натыйжада депутаттык мандат алганына бир жума эле болгон эл өкүлүнүн баш мээси чайкалып ооруканага жатканы маалымдалган.
Сотмедэксперттер тарабынан “Ташиев Сулаймановдун денесине оор жаракат келтирген” деген аныктама берилип, кылмыш иши козголуп, бейбаштык боюнча айып тагылууда. Козголгон кылмыш иши 234-беренеден (бейбаштык) 104-беренеге (адамдын денесине атайы оор жаракат келтирүү) өтүп кетүүсү да мүмкүн.
Камчыбек Ташиев “бул иш алдыдагы президенттик шайлоого мени катыштырбоо максатында жасалып жаткан саясат” деп баалап, Кыргызстандын элине өзүнүн кайрылуусун жолдоду.
Анда 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы кандуу окуялардын бир да күнөөкөрү бүгүнкү күндө жоопкерчиликке тартылбагандыгы жана Роза Отунбаева башында турган бийлик күнөөлүүлөрдү жоопко тартуудан качып жаткандыгы айтылат.
Ошондой эле ал: “Өлкөнүн бардык аймагындагы эл менен жолугушуу учурунда алар Апрель жана Июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн таап, жазалап, акыйкаттуулук орнотулушун талап кылышты”,- дейт.
Бул талаптарды ал парламентте ачык айтып чыккандыгы үчүн бийлик Акаев менен Бакиевдин ыкмасын колдонуп, ага жок жерден кылмыш ишин токуп иле салууга аракет кылып жатат деген ойдо. Ошондой эле “7-апрелде аларга ишеним артып, Бишкектин көчөлөрүнө чыккан адамдарды сактап кала албагандыгы үчүн жана түштүктөгү кандуу окуялардын чыныгы жагдайлары ачыкка чыгып кетишинен коркуп, бийлик элдин көңүлүн ушундай жол менен башкага буруп жатат” деп белгилеген. Кайрылуусунун аягында өлкөнүн ар кайсы аймактарында өзүн колдоо үчүн нааразычылык акциясына чыгууга камынып жаткандарды тынчтанууга, өлкөбүзгө кыйынчылык менен орногон стабилдүүлүктү сактоого чакырды.
Бул маселе жакынкы күндөрү парламенттин жыйынында каралмакчы. Эгер башкы прокурордун сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапса, Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилмекчи. Сот ишти Сулаймановдун пайдасына чечсе, анда Ташиев депутаттык мандатынан да ажыратылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
UvE
2011-06-23 17:26:05
Tashiev - ALGA!
0
jma
2011-06-24 10:25:32
eee el jakwina jawap atkanda eldi kozgop ne kilat blin...waylangandan kiyin kizmatin jakwi kiliwpayt...aprel iyun okuyalarinda baarinin kolu bar...jon ele kinekey jerdi boluwup jey beriwpeybi... biri-birinin arkasin a4pay bilbegen adam kalbadi kim ne kilip jatkanin... eldi aralawtirbay kilsa kilsin kolunan kelbese biznesin kilsin jatsin... birnin pornasi 4igat... dagi birinin kizdarga bargani... uyatda... kirgiz elim tin4 birge bolsun... bolungondu kownalar ele jeytko...
0
kalpakchan
2011-06-24 19:22:41
Ташиев чыныгы кыргыздын жигити!бирок ал президенттике туура келбейт деп ойлойм,Ташиев деген азамат болбосо Оштогу тополондо канчалаган союл кармаган кыргыздар кырылып калмак,20жыл даярданган сарттардан автоматтарынан,аларда курал жарак коп болчу,ушуну тушунгон жан барбы,бар болун Камчыке!Ташиевден колунду тарт Р.Отунбаева,А.Атамбаев.андан коро Р.Отунбаева Анвар Артыков деген сартты эр кылбай ажырашып кетсинчи!кыргызды уят кылбай!
0
Debi
2011-06-24 20:42:55
Теле аркылуу элдин баары эле коруп жатпайбы ал озун кандай алып жургонун! эми ошону да танганы жатабы? муштумуна алы жетпеген бутундой журтту кантип башкарат. элге бети ачылып, кызыл камчы экени билингенден кийин, кайсы моралдык укугу бар, эл башы болом дегенге? мени жактоочулар которулом деп анан... мен тынчытып деген койрон-опузаларды таштасынчы, ошондо сый-урматка татыйт!
0
Taalaibek
2011-06-25 10:10:42
Менин эч кимге жамандыгым жок. Бирок Ата-журтту уксам эле баягы Ак-жолду эстей берем. Ата-журт партиясы таза партия эмес. токсон пайыз Ак-жолчулар. Мен ал партияга такыр ишенбейм.
0
Anarbek
2011-06-25 14:45:48
Урганын моюнга алып жатат катуу жаракат алгыдай урган эмесмин деп. Андан ызы чуу чыгарып эмне кылат.
0
анарбек
2011-06-25 19:16:11
Камчыкеге бут тоспой Аида Салиямова кочугун кыссын эмне ош окуясы учурунда кайда журду эле Камчыке болбогондо ош сакелердики болмок.
0
UvE
2011-06-26 02:22:27
камчыбек мырза азаматсын колдойт кыргыз элин бирок призиденттике эртереек деп ойлом кыргызстанда бар татыкттуу киши адахан кимсанбаевич мадумаров
0
UvE
2011-06-26 02:38:21
кыргыз элимдин келечегин бир гана мадумаров гана туздойт мен ишенем калганы просто партирет кооз суйлошту гана билет бирок ташиев азаматсын
0
UvE
2011-06-26 02:41:37
сен туштук мен тундук дебей кыргызым ынтымакттуу бололу айланайырдар
0
UvE
2011-06-26 02:43:32
партя бутун кыргызстан
0
mkt
2011-06-26 12:04:01
Кандай болгон учурда да Ташиев азамат! Озундун уйундо, озундун КЫРГЫЗСТАНЫНда башка улуттун окулу керкейип атса, манкасын чыгара муштап, эсин оодарып таштабаптыр дагы!!!! Дагы аздык кылат бироонун жеринде копкон улуттарга! Кыргыз учун кыргыз эле куйот! Анан мообу Аидага окшогондор башка улуттун "жамбашын" жалаганын койсун!
0
ulutbek
2011-08-19 00:21:52
тундук,туштук дегендердин бетине жон гана тукуруп эмес,какырып тукургум келет.Мангурттар!он гана тукуруп эмес,какырып тукургум келет.Мангурттар!
0
Askat_tehno
2011-11-06 06:22:55
Бар бол Ташиев эл сени менен барибир бир кун сен президент болосун.
0
Askat_tehno
2011-11-06 20:17:37
Атамбайев сен сакендерге коп жардам беребей кыргыздын келечегин ойлочу сенен бир сураныч. Эмне учун кыргыздарга жардам бербейсин эшектен жаралган сартар сени ойлор бекен кудай сактасын эгер дагы бир пекет болотурган болсо сенин кунундагы Бакиевдей болуп калбасын дейм анткенимдим себеби Бакиевда аларга коп жардам берген болчу бирок алар аны сезбеди кыскасын айтканда сартын эшеги ылайдан откондон кийин алар сени таныбайт алар тул
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан