ТАГДЫР ОЮНУ

Көл кылаасы. Жаштарга шыкала толгон эки машина кууша пансионаттардын бирине келип токтоду.
– Ураа!
– Эми чындап эс алабыз, балдар!
– Ю-хууу!
Кыйкырык-сүрөөн, кулак тундурган музыка абаны жарып, жаштардын үнүнөн эс алуучулар да кылчайып карап калып жатышты. Тобу менен кооз коттеждердин бирине бет алышкан алар Бишкектин айтылуу “золотой молодёжу” эле.
Машинадан акыркы болуп түшкөн жигит теңтуштарындай кыйкырып, элире чуркап кетпей, айланага токтоо тигилип, көз салып турду да, досторунун артынан ышкырып коюп жылмайып алды. Бою узун, кең далылуу, токтоо мүнөз жигиттин аты Аскат болчу. Мүнөзү үчүнбү же келбетиненби, а балким, атасынын байлыгы үчүнбү, чөйрөсүндөгү кыздардын баары ага ыктай беришчү. Азыр да Алтын аттуу кыз жанына келип тамашалай берди.
– Көлгө суктанып эле тура бересиңби? Жүрү, сууга түшө­бүз.
Чуркап келген Азамат ти­ги бийкечти көлгө сүйрөп жө­­нөдү.
– Эмнеге мени көлгө чакыр­бай­сың, ыя? Аскаттын кызы бар, а мен бошмун.
Аскат адатынча жылмайып гана койду. Жаштар кумардан чыкканча көлгө түшүп келип, кумда кактанып жатышты. Эс алуучуларды сыдыра тиктеп жаткан Аскат селт дей түштү. Өңү кубара, ордунан обдулуп барып токтоду. Анын мындай өзгөрүүсүн оюн-күлкүгө мас болгон теңтуштарынын бири да байкабады. Көл жээгинде ким менен кимдин иши бар дейсиң. Аскаттын так алдынан кыналыша бараткан экөө үчүн аалам тегиз болчу. Өзүн зор күч менен кармаган Аскат шарт бурула өзү жашаган коттеджге жөнөдү.
– Аскат, сен кайда?
– Эй, кызык го бул?.. Жаңы эле келсек...
Аркасынан кыйкырган досторунун үнүнө назар салбаган Аскат имерилиштен көрүнбөй калды.
– Буга эмне болду?
Колуна тийген сүлгүнү алган Нурик кабатырлана кетти. Бала бакчадан бери чогуу өскөн досунун мүнөзүн ал беш колундай билчү.
– Ичи ооруп кетсе керек.
– Ха-ха-ха.
– Атасынын назик баласы эмеспи,- деди мыскыл күлгөн Азамат.
Бөлмөсүнө барган Аскат тынч ала албай жатты. Аркы-терки басып жатып оюна бир нерсе түштүбү, токтой калды. Ошол замат чөнтөк телефонун колуна ала эшикти көздөй бет алды. Кайра көл жээгине келип, теңтуштарынын жанына барбай, көпчүлүктүн арасынан бир адамды издегенсип, көпкө көл жээктей басып жүрдү.
– Аскатка эмне болгон?
– Бема, сен эле барып билип келбесең болбой калды,- деген теңтуштары Бегимайга кайрылып калышты. Узун бойлуу, сымбаттуу бийкеч башын ийкеп, сүлгүсүн таштай Аскатка жөнөдү. Кумдагы изди телмире тиктеп турган Аскат аны жанына келгенде гана байкады.
– Кимди издеп жатасың?
– Сен жанымда турганда кимди издейт элем?
– Эки жылдан бери мен сени жакшы эле билип калдым го. Сен бир нерсеге капасың. Же...
– Же эмне?
Аскат Бемага күлүмсүрөй тигилди.
– Же болбосо көлдөгү русалкалардын биринин торуна түшүп калдың.
– Мен эчак эле русалкалардын эң сулуусунун торуна түшүп калгам. Муну башкалар жакшы билишет окшобойбу, тор жаймак түгүл жакшы көңүл да бөлбөй жатышат.
– Ооба сага, баарынын көзү сенде.
– Кызык го, менде экенин байкабапмын деле.
Аскаттын жылмайганы таптакыр башкача болчу. Кабагы жарк дей түшүп, көздөрү мээримге толуп кетчү. Атасы сыймыктана “бул менин уулумдун фирменный жылмаюусу” деп калчу. Аскат Бегимайдын кызганычына бир чети күлкүсү келип, экинчи чети кыжалат ойлордон арыла түштү. Кызды кучагына бек кысып, көздөрүнөн өөп алды.
– Мына эми өзүңө окшодуң. Жана кайда чуркап кеттиң?- деди Бегимай да көңүлү жайланып.
– Телефонумду бөлмөгө таштап коюпмун. Папам “жетериң менен телефон чал” деген да. Мен как всегда унутуп коюпмун.
– Жалгыз баласы болсоң, кабатыр болот да.
– Жок, кеп анда деле эмес. Өткөндө депутат досунун уулун өлтүрүп кетишпедиби. Ошондон бери эле ушинтип калды.
– Да, ар нерсени ойлоп мен да коркуп кетем.
– Эмнени ойлоп коркот экен ушул русалка?
– Сени, өзүмдү ойлоп да. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок сен бир нерсе болсоң, мен жашай албайм. Телохранитель жаныңда жүрсө, балким, кооптуу болбойт беле...
– Бир эмес, эки телохранитель жанында болсо деле өлтүрүп кетип жатышпайбы? Папам да өткөндө кыйытып жаткан. Койгулачы, өзүм спорт менен машыгып жүрөм го. Анан бир-экөөнү ээрчитип алсам, эл эмне дейт? Досторум шылдыңдап жатып өлтүрүшөт.
– Эмне демек эле, Кыргызстандагы эң бай адамдын уулу болсоң...
– Эй, мен эч кимге деле моюн бербейм чындасам.
Жарк эте күлгөн Аскат Бегимайды колдон ала көлгө жөнөдү. Кичинесинен бери шаарда бассейндерден чыкпаган экөө кууша чабак уруп жүрүп жедеп чарчаганда гана араң чыгышты.
– Болгулачы, силер үчүн кечки тамакка кечигебиз. Экөөң дельфин болуп кеттиңер го. Кыйкырып жатып үнүбүз бүтүп калды.
Алина курбусуна сүлгүнү суна берип наалып калды.
– А силер билесиңерби, дельфин – жаныбарлардын арасынан сүйүүгө эң туруктуусу,- деди Аскат тамашалай.
– Сүйүүгө бекем экениңерде кеп жок. Бирок арабызда экөөңдөн башка дельфин жок экенине байланыштуу биз тизеге чейин эле кечип келдик. Туурабы, балдар?- деп Нурик кепке кошулду.
Шаракташа күлгөн жаштар узап бара жатышты. Кечки тамактан кийин пансионаттын күндө боло турган дискотекасына барышмак. Алар даярданып жөнөп калышкандыктан, Аскат башка коттеждерди аралап жөнөдү. Бирок оолактай, бир нерсени издегендей абайлап карап жүрдү. Бир топко кыдырып, анан башын шылкыйта бөлмөсүнө келди. Өңү купкуу, ал тургай колдору да титиреп жаткансыйт.
Бөлмөгө кирип келген Бема тигини көрүп таң кала түштү.
– Кайда кетип калдың? Элдин баары дискотекага кетишти, а сен жоксуң.
– Көл жээктеп басып жүрдүм. Убакыттын өтүп кеткенин байкабаптырмын.
Аскат күнөөлүүдөй унчукту.
– Мына, кайрадан капасың. Эч жериң оорубай элеби? Суук тийип калган жокпу? Бул жакта шаарга караганда бир кыйла эле салкын. Азыр дискотекага барсак, көңүлүң көтөрүлөт.
Бема Аскатты колдон ала сыртка умтулду.
– Бемуля, бүгүн дискотекага көңүл жок. Жөн эле басып келеличи.
– Макул, сени менен мага кайда болсо да жакшы.
Кол кармаша ээрчишип бараткан экөөнүн тынчтыгын телефондун үнү бузду. Аскаттын атасы экен. Бир аз кырылдап сүйлөгөн коңур үн Бегимайга угулуп жатты.
– Аскат, жакшы жайгаштың­бы? Эмнеге чалган жоксуң? Мен кабатырланып...
– Кечирип кой, пап, унутуп калыпмын.
Аскат оор улутунуп алды. Дагы бир нерселерди айткысы келди.
– Качан келесиңер?
– Бүрсүгүнү жолго чыгабыз, папа. Сен кабатыр болбо. Менин жанымда Бемуля бар. Ал сенден да өткөн жоопкерчиликтүү. Жылуу кийиндирип, эмне тамак ичкенимден бери карап турат.
Атасы менен сүйлөшүп бүтүп, өзүн таң кала тиктеп турган кызды бооруна кысты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Raiona
2011-06-27 09:34:35
Аябай кызыктуу экен!
0
altynjan
2011-06-27 10:08:44
жакшы
0
Evelet
2011-06-27 12:12:55
emi bul 4ygarma butku4o, kawaiyp kelerki sanyn kutot ekenbiz da ee?... maga jakty bawy ele kyzyktuu jana tabywmaktuu bawtaldy go
0
gogo
2011-06-27 14:44:53
Айдайды окуп журок оору болдуп жаттык эле,даагы бир журок оору башталган тура

0
Kubatbek
2011-06-27 17:11:45
Жакшы чыгарма экен
0
smuglyanka
2011-06-27 17:39:30
Кутуп жатып тажайт экенсин.Кичине кобууроктон жазсанар боло.
0
altyshak
2011-06-28 11:37:56
Ураа жаңы чыгарма!!!
0
kurbanbu
2011-06-28 16:18:58
бул чыгарманын автору ким болду экен, башталышы эле аябай жакты рахмат уландысын кутобуз.
0
Arstan
2011-06-28 17:06:31
Супер пупер экен.
0
akusya
2011-06-29 11:13:37
сонун экен чын эле
0
Nuura
2011-06-30 03:53:53
Soonun eken magada jakty.
0
boru
2011-06-30 20:50:24
Абдан жакшы экен. Мен да кол жээгинде суйгонум менен откоргон кунумду эстеп жылмайып алдым.
0
juanna
2011-07-01 00:30:12
мага да жакты
0
Aibek...
2014-03-09 20:53:56
Кочуруп алганга болобу,болсо кантип.
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан