«КЫЗЫМДЫ ООРУЛУУ КЫЛГАН ӨЗҮМ»

Ата-энеге баласынын дени-карды соо, жанында аман-эсен жүрүшүнөн өткөн бакыт болбосо керек. Бирок, жай турмушту тозокко айланткан жагдайларды ата-эне байкабастыктан өздөрү да тилеп алышы мүмкүн экен. Андай балээден баласын калкалап калууга жандалбас кылган ата-энелердин бири – Карынбаев Кадыракун менен Керимбаева Гүлжамал. Алардын кичүү кызы Назбийке тубаса бөйрө­к оорусу менен төрөлүп, эки бөйрөгүн тең алмаштырууга аргасыз.

– Эже, сөз башынан болсун. Канча балаңыз бар? Назбийке канчанчысы?
– Негизи, беш бала төрөгөм. Бирок, эки баламдан айрылып калдым. Улуу кызым Наргиза – студент. Экинчи балам Чыңгыз он жети жашында каза болуп калды. Ал сасыктумоолоп үйдө эки күн жатып калган. Башын көтөрө албай жатканынан улам Балыкчыдагы ооруканага алып келсем, дарыгерлер ийне сайып, кайра үйгө кетирип жиберишти. Үйгө келгенибиз менен балам түнү бою кыйналып, таңга маал "Тез жардам" менен кайра ооруканага алып барууга аргасыз болдум. Баламды дароо реанимацияга алып кирип кетишкен. Арадан бир аз убакыт өткөндө эле үзүлүп кете берди. Анын ичтен билинбеген богок оорусунан каза болгондугун айтышты. Үчүнчү кызым 1992-жылы төрөл­гөн, атын Назира койгонбуз. Ал эки жарым айлыгында эле чарчап калды. Дарыгерлер анын бөйрөгү ооруп, ошондон каза тапканын айтышты. Төртүнчү балам Атай 1993-жылы туулган. Азыр 8-классты аяктап жатат. Анан ушул кичүү кызым Назбийке 2002-жылы төрөлгөн. Ал төрөлгөндө эле ооруй баштаганынан текшертип, бөйрөгүн­дө таш бар экенин билдик. Ал таш бөйрөктү кургатып жиберээрин, башка бөйрөк менен алмаштыруу жолу аркылуу гана кызымды аман алып калуу­га болоорун билген соң жолдошум бир жакта, мен бир жакта чуркап, акча издеп жүрөбүз.
– Кызыңыз Назира да бөйрөгү ооруп чарчап калыптыр. Бөйрөк оору тукумуңарда барбы?
– Дарыгерлер ошондой жыйынтык чыгарышкан. Бирок, чын-бышыгын биле алган жокпуз. Тукумубузда болушу да мүмкүн. Анткени, кайненем бөйрөгү ооруп каза тааптыр.
– Назбийкенин тубаса бөйрөк оорулуу болушуна эмне себеп болуптур?
– Атай менен Назбийкенин ортосу тогуз жаш. "Жашым өтүп кетти, эми төрөбөйм го" деп жүрүп капилеттен боюма бүтүп калды. Жолдошум экөөбүз аябай сүйүнүп, "кыз болсо экен" деп тилеп жүрдүк. Тилегибиз оңунан чыгып, 2002-жылдын 1-июнунда, Балдар күнүндө кыздуу болдук. Кызым түйүлдүк кезинде эле бөйрөгүндө таш пайда болгонун дарыгерлер мага кийин айтып беришти. Көрсө, кызымдын мындай азапка батышына өзүм күнөөлүү экенмин. Мындай каргаша кадимки эле мектепте доскага жазчу бордон улам болуптур. Кальций жетишпегендиктенби, кыскасы, Назбийке боюмда кезинде борду өчүм бардай өтө көп жегем. Кайсы чыптамамды, жемпиримди кийбейин, чөн­төгү толтура бор болчу. Аны мектепте окуган бал­да­рымдан алдыртам. Алар алып келбей калышса, сатып жеген күндөрүм да болгон. "Аялдар кошбойлуу кезинде көңүл күсөгөнүн сөзсүз жеш керек" деген сөздөрдү укчу элем. Ошол кеп мээме катуу сиңип калса керек. Билбестиктин айынан кетирген кемчилигимдин кедергисин өзүм гана көрбөй, кызым да кошо азап тартып жатканына ичим катуу өрттөнөт. Кызымдын убалына өзүм калдым.
– Айылдык дарыгерлер борду көп жешиңизге тыюу салышкан жок беле?
– Дарыгерлерге бор эле жегим келип жатканын айткан эмесмин. Текшерүүчү аппараттардын жетишсиздигинен улам боюнда бар айылдык кыз-келиндер көп жабыркап калышат. Балким, мен деле шаардык ооруканаларга катталып, туура эмес тамактанып жатканымды убагында билсем, кызымды мындай азапка батырбас белем...
– Кошбойлуу кезиңизде ооруган жок белеңиз?
– Менин ооруганым эсимде жок. Чуркап жүрүп эле төрөгөндөй болгом. Бирок, дарыгерлер "кошбойлуу кезиңде катуу сасыктумоологонсуң, туздуу тамакты да көп жегенсиң" деп жатышат.
– Кайсы жакта төрөдүңүз?
– Эмнеликтен экенин түшүндүрүп бере албайм. Негедир эле тынчсызданып, борбордон төрөшүм керек деп туруп алдым. Сегиз ай болгондо Бишкекке келип, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтө баштадым. Ошондо бала тондун ичинде кыймылдабай, бир орунда турганын айтышты. Ушундай себептерден улам дарыгерлер кызымды маалына жеткирбей сегиз айында толгоо чакыруучу дарынын жардамы менен төрөтүп алышты. Ошондой коркунуч менен төрөлгөн кызым төрт жашка чейин бир да жолу ооруган жок.
– Бөйрөгү ооруганын качан билдиңер?
– Бир күнү эле кызымдын тизеси, томуктары шишип, ооруп калды. Дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам Чыңгызымды жоготуп алгандан кийин кор­куп калган жаным Назбийкени дароо Бишкекке алып келдим. Васкулит деген диагноз менен республикалык ооруканада бир ай дарыландык. Ошондо барып кызым катуу оорулуу экенин билдик. Ооруканадан чыккандан ки­йин бир жыл тамакты тергеп ичирип, дарыгерлердин айткандары боюнча васкулитке каршы дары-дармек берип жүрдүк. Эптеп ал илдеттен кутулган кызым кай­ра бөйрөк оорусунан кыйнала баш­тады. Дарыгерлер "кыздын тамак сиңи­рүүчү бездери иштебейт, ошол үчүн тамактагы туздар эрибей, бөй­рөктө таш пайда болуп жатат" деген жыйынтык менен Назбийкенин тамак сиңирүүчү бездерин алып салышты. Мунун кызымдын денсоолугуна зыяны канчалык экенин азырынча биле элекпиз.
– Бөйрөктөгү таштарды эритип жоготууга мүм­күнчүлүк болбодубу?
– Ал илдет нефрокальциноз деп аталат экен. Урология жана андрология боюнча республикалык борбордун башчысы Акылбек Усупбаевдин айтымында, мын­дай сейрек кездешкен оору менен Кыргызстанда бизге чейин аз эле адам катталыптыр. Мында бөйрөктөгү таштарды эриткенге да, талкалаганга да болбойт дейт. "Бөйрөктөгү таш­тарды алуу үчүн жаңы аппарат келди" дешкенинен ага да кайрылып көрдүк. Бирок, ал аппараттын да кызыма жардамы тийбесин билдик. Кызым "ичим эле ичим" деп түйүнчөктөй түйүлүп жатып калат. Мындай учурда бөйрөктөгү таштар козголот экен. Козголгон таштар заара бөлүп чыгарган канал аркылуу заарага аралашып сыртка чыгат. Бирок, бир таш түшсө, кайра эле ордуна башка таш пайда болот экен. Таш майда болсо, кызым анчалык кыйналбайт. Эгер чоңураак болсо, дене табы 40-41 градуска жетип, ичи ооруйт. Андайда Назбийкени көтөрүп алып ооруканага чуркайбыз.
– Кызыңыз азыр деле тамакты тер­­геп ичеби?
– Жалаң кайнатма тамак, жашылча-жемиш берем. Жайында дарбызды көп жеши керек. Сүт азыктарынан жасалган тамак-аштардан ооз тийүүгө да болбойт. Диетаны туура, так кармасак, таштардын көбөйүшү азаят экен.
– Айыкпас деген илдеттерди да айрым элдик дарыгерлер айыктырган учурлар кездешет эмеспи. Аларга кайрылып көргөн жоксуңарбы?
– Ооруканадан бөйрөгү ооруйт деген диагноз чыгарып беришкенде эле кызымды табыптарга да көрсөтө баштагам. Ооруканадан, айрыкча ийнеден көңүлү калган кызыма алар жагышты окшойт. Наристе болсо да ооруканага караганда ошолорго көңүл коюп жатканын баамдачубуз. «Шыпаа болуп калаар» деген ниетте аты чыккан далай табыптарды кыдырдык. Жыйынтык чыкса, эмдигиче чыгат эле го. Кант шаарынын жанындагы Люксембург айылындагы Кытай медициналык борборунда жети ай дарыландык. Ошого эле бир топ акчабыз кетти. Бирок, эч натыйжа болгон жок.
– Дарыгерлер "бөйрөктү алмаштыруу керек" деген чечимге качан келишти?
– Профессор Усупбаевдин айтымында, кызымдын бөйрөгү аз убакыттын ичинде өз кызматын аткара албай калат экен. "Андыктан, бөйрөктү трансплантациялоодон бөлөк арга жок" деп мындан бир жыл мурун айткан. Жок дегенде бир бөйрөгү соо болсо эмне?! Бир бөйрөгүн алдырып салсак, экинчиси менен деле жашай бербейт беле. Бул жердеги дарыгерлердин айтымында, кызыма канынын группасы, жашы бирдей балдардын бөйрөгү салыныш керек экен. Операция Орусияда жасалаарын, ага бир топ документ, 80 миң доллар акча керек экенин билип, азыр күнү-түнү акча издеп, документ даярдап чуркап жүрөбүз. Документтерди Москвага жиберсек, анан ал жактан кызыбызга ылайык орган табылганда бизди чакыртышат дейт. Бөйрөктү алмаштыруу үчүн жылдап кезекте турган адамдар бар экен.
Мынчалык акчаны табууга азыр жолдошум экөөбүздүн чамабыз жетпейт. Ошон үчүн колунда бар, боорукер, ата-энелик мээримдин даамын татып калган мекендештериме: "Урматтуу ата-энелер! Ата-эне үчүн бала кандай кымбат экенин билесиздер. Кызымдын өмүрүнө өмүр кошуп, жандүйнөсү аруу наристеге кубаныч тартуулап, жүрөгүмдөгү үмүттүн шооласын жандырып койгулачы?!"- деп сурангым келет.


Бөйрөк тууралуу азыноолак маалымат

  • Бөйрөгүн алмаштыруу муктаждыгына кабылган адамга канынын группасы жана жашы туура келген адамдын гана бөйрөгү салынат.
  • Заманыбызда турмушунда кыйналып, акча зарылдыгына тушуккан айрым замандаштар бир бөйрөгүн сатууга мажбур болгон фактылар да кездешет.
  • Ички органдары соо, башынан жаракат алып каза болгон маркумдардын бөйрөктөрү гана алмаштырууга жарактуу болуп саналат.
  • Учурда Орусияда органдарды трансплантациялоо боюнча каттоодон өткөн отуздан ашуун борбор иштейт. Ар бир борборго мыйзам тарабынан бир жыл ичинде он гана операцияга жол берилгени менен орган алмаштырууга муктаждар миңдеп саналат.
  • Орусияда көз жумган адамдын органдары жакын туугандарынын уруксаты менен гана алынат.
  • Ушул эле мамлекеттин айрым тургундары көздөрү тирүүсүндө көз жумгандан кийин органдарын алууга уруксат берген тил кат жазып кетишет.
  • Учурда Орусияда бөйрөгүн алмаштырууга кезекке тургандардын саны арбын. Кезегин күтүп жатып бөйрөк оорусунун айынан бул жарык дүйнө менен кош айтышкан акчалуу адамдар да кезигет.
  • Орусиядагы жаш балдардын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча иштеген жалгыз борбор 1991-жылы ачылган. Ошондон ушул күнгө чейин ал борбордо 350 бөйрөк алмаштырылган.

ЖАШ КЫЗДЫН БӨЙРӨГҮН ТЕЗИНЕН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК!
2002-жылы 1-июнда туулган Кадыракун кызы Назбийке бөй­рө­­гүнөн жабыркап, эки бөйрөгүн тең алмаштырууга аргасыз. Жардам бергиси келген кайрымдуу адамдар (0555) 66-54-72 телефонуна кайрылышса болот.

Даярдаган Cүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sezima93
2020-09-02 14:15:35
Окуп алып жаман болдум,не болду экен ээ бул кыз
+2
Ariz0112
2020-09-05 07:13:43
Айыгып кетти болду бекен? Ансыз да эки баласынан ажыраптыр байкуш эне. Кудайым энени баладан, баланы энеден ажыратпасын
+2
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан