Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БЕЛГИСИЗ МАРШРУТ

№292 6-12-июнь, 2008-ж.


Жогоруда жазылган актёрдук топтун курамын көрүп туруп эле бул тасманын деңгээлин аныктоого болот. Кыргыз кино­сүйүү­чүлөрү үчүн кү­түлбөгөн жагымдуу жаңылык болгон “Белгисиз маршрут” кинокомедиясы жана анын жаратуучулары менен тааныштырууга шашылабыз.

Режиссёру жана сценарийин жазганТемир Бирназаров
ОператоруКабылжан Хамидов
СүрөтчүсүБайыш Исманов
Режиссёрдун жардамчысыАсел Жураева
Ролдордо: Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Чалабаев, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Бакыт Мукул, Жылдыз Сегизбаева, Табылды Актанов жана башкалар.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнө­көй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Жүр­гүн­чүлөр арасындагы чатактан улам айдоочу башкарууну жоготуп, автобус жар бооруна асылып калат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөр­дү Үмүт аттуу жигит ын­ты­мак­ка чакырып, автобусту бирге түр­түп чыгарууну сунуштайт. Өзү болсо түн ичинде от жандырып, автобустун алдына чыгып айдоочуга жол көрсөтүп берет.
Фильмдеги ар бир деталь символдоштурулган сыяктуу. Балким, автобус бул – Кыргызстаныбыз, жүргүнчүлөр – биз, жарандар, бара турган жер – келечек, келечекке алпара турган бул үмүт чыгаар.

ТАСМАНЫН ТАРЫХЫНАН
Т.Бирназаров Алматыдагы Театр жана Кино Институтунун студенти болуп жүргөн кезде (1991-92-жж.) белгисиз маршрут менен кетип бараткан автобустагы окуяны чакан аңгеме кылып жазган. Автор “автобуска түшкөн адамдардын ар түрдүү образдарын бир сааттык даректүү тасма аркылуу көрсөтөйүн” деп кыялданып жүрчү экен. Бирок, кызыктуу аңгеменин багы 2007-жылы даректүү эмес, толук метраждуу көркөм тасма катары ачылып, “Кыргызфильмдин” көркөм кеңеши Бирназаровдун сценарийин кабыл алып, анын тартылышын каржылап берүүгө кол койгон.
Ошентип, дээрлик 4 айга созулган кастинг, даярдыктардан соң 2007-жылдын октябрь айында салт боюнча тартуучу топтун кол тамгалары коюлган айнек табак талкаланып, “Белгисиз маршрут” фильми тартыла баштаган. Тасма башкалардан айырмаланып, жалаң павильондун ичинде тартылды. 21 актёр, 1 камера, жабык аянт. Дал ушундай шартта фильм жаратуу эрдик эле.
Туура 40 күн дегенде акыркы кадрлар кассетага жаздырылган да, кино тартуудагы оор мезгил – монтаж башталган. Акыры май айынын аягында борборубуздагы “Алатоо” кинотеатрында өткөн бет ачарда ырчы, актёр, журналист, саясатчы жана башка белгилүү адамдар Бирназаровдун жана анын тобунун эмгегине биринчилерден болуп күбө боло алышты.

КИНОЖАРАТУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
“Мен профессионал актёрлордун дээрлик бардыгын билем,- дейт режиссёр Бирназаров,- Андыктан, атайын кастинг деле өткөргөн жокмун. Ар бир образга кайсы актёр жарашаарын элестетип алып, ролдорду сунуштай бердим. Мисалы, А.Мураталиев акындын, Б.Мукул баңги мугалимдин ролдорун өздөрү тандап алышты. Болгону, Үмүттүн ролуна ылайыктуу жигитти көпкө издедим. Жеңиш Кангелдиев, Замир Мырза сыяктуу көптөгөн талапкерлер болду. Бирок, мага кино тармагынан алыс болгон Замир Дүйшөбаев деген жигит жакты. Ал болсо сүрөткө түшүп берип коюп эле Таласка кетип калган экен. “Киного тартылам” деп ойлобосо керек. Акыры аны издештирип жүрүп таптым. Менин оюмча, Замир чынында эле кыргыздын үмүтү боло ала турган жигиттин сапаттарына ээ”.
Эркинбек уулу Алишер (окуучу): “Мени 250 баланын ичинен тандап алганы үчүн Темир байкеге рахмат. Мурда ырчы болгум келчү, киного тартылгандан кийин актёр болууну самап калдым. Тасмага тартылуу үчүн чачымды алууга туура келди. Алгач уялгам, бирок, актёр экенимди эсиме алып, бара-бара көнүп кеттим”.
Ж.Сегизбаева (сойку кыз): “Кастингге чогуу окуган Асел курбум аркылуу келдим. Көп кыздын арасынан режиссёр мени тандап алды. Өзүм профессионал актриса эмесмин, бул менин дебюттук тасмам. Болгону, режиссёр эмне десе эркелебей, кыялымды көрсөтпөй ошону аткарып жаттым. Кинодо сойкуну аткаруу мен үчүн оор болсо да, мага профессионал актёрлор жардам берип жатышты”.
М.Токтобаев (аракеч): Мен жадакалса театрда мынча иштеген эмесмин. Күн сайын 15 сааттан 40 күн иштедик. Темир бир сүйлөгөн жигит экен. 9да дедиби, жумушка 9да келип калышың керек. Тасманын дубляжында кемчиликтер бар экен, өзүмдүн аткарганыма да толук канааттанган жокмун. Бирок, элдин кабыл алганына караганда жаман кино жараткан жокпуз”.
Э.Эгембердиев (рэппер): Менин образым – азыркы жаштардын бир өкүлү. Ролду жакшы аткарыш үчүн ошондой өкүлдөрдү карап, туурап, жаттап алып жаттым. Менин сөзүм аз болгондуктан, көп учурда өз көз карашымды жалаң эмоция менен бергенге туура келди. Оор болсо да режиссёрдун жардамы менен окшоштура алдым деп ойлойм”.
К.Абылов (милиционер):Темирдин режиссёр катары артыкчылыгы – актёрлорду алардын кыялына эмес, сырткы кебетесине гана жараша алып, анан ага жаңы образ, жаңы кейип бере алгандыгы. Өзүңөр деле байкасаңар керек, ар бир актёр эл алдына мурдагы көнүмүш эмес, жаңыча образ менен чыкты. Режиссёр ар бир актёрдун билине элек, эч ким көрө элек жактарын ачып берди. Кинонун бир жакшы, анан бир жаман жери бар – жакшы аткарсаң да, жаман аткарсаң да түбөлүккө ошол бойдон сакталып калат. Мен ойлойм, эгер кинонун акырында көрүүчү менин ыйлаганымды көрүп ыйласа, демек, анда жаман иштеген жокпуз”.
Режиссёр Т.Бирназаров: “Кинону каалаган адам тартат. Бирок, элдин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын унутпаш керек. Индияда, Америкада, кээде бизде деле кино – акча булагы. Ал эми “Белгисиз маршрут” сыяктуу мамлекеттик кинонун башкы максаты – жалпы коомго тиешелүү олуттуу маселени көтөрүп чыгуу, аны көрүүчүгө жеткире билүү. Мен улутумду сүйгөн адаммын. Андыктан, бул тасмам аркылуу улут маселесин көтөрүп чыгууну чечтим. Биз ар бирибиз ар башкачабыз, мүнөздөрүбүз, көздөгө­нү­бүз, тилектерибиз. Кээде өз максатыбызга жетүү үчүн чыккынчылыкка, сатууга барабыз. Бирок, териштире келсең эле баарыбыз биртууган болуп чыгат экенбиз. Көрсө, өз тууганыңдан байлык, бийлик талашып аткан болосуң. Менин көрүүчүгө жеткирейин дегеним бул – ынтымак, анын күчү жана улутубузга зарылдыгы.
Учурда маселе жаратып жаткан нерсе бул – тасманын дүйнөлүк стандартка ылайык киноплёнкага көчүрүлбөй турганы. Каражатка гана такалган бул маселе чечилсе, анда сүйүктүү актёрлорубуз түшкөн сары автобустун маршруту белгилүү болот. Албетте, бул улуттун, жалпы коомдун кызыкчылыгы болгону үчүн бул суроонун тез арада чечилип кетээрине ишенели».
Сүрөтчү Б.Исманов: “Дээрлик 9 ай тынбай иштеп, бала көтөргөн аялдай эле болдук го. Азырынча тасманын жыйынтыгы тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Эл арасына жайылып чыккан соң гана бир жыйынтык чыгарууга мүм­күн.
Оператор К.Хамидов: “31-май – менин туулган кү­нүм, оператор катары туулган күнүм. Мурда бийчи болсом, кино жаатында 10 жылдан бери режиссёр, ассистент сыяктуу ар түрдүү кесипти аркалаганга аркеттенип жүрдүм. Көрсө, мен оператор экенмин. Албетте, оңой болгон жок, павильондо иштедик, бир гана камера менен тартууга туура келди, себеби, автобустун ичинде андан көп камера менен тартуу мүмкүн эмес. Бирок, көрүүчүнүн купулуна толо турган тасма жаралды деп ишенем. Мени мыкты оператор катары ачкан Темирге рахмат.

КЫЗЫКТУУ СТАТИСТИКА

  • Тасмага тартылган эң улуу актёр 70 жашта, эң кичүүсү – 7 айлык.
  • Тасманын бюджети дээрлик 3 миллион сом.
  • Фильм 1 саат 45 мүнөткө созулат.
  • Актёрлордун гонорары: күнүнө эң көп 500, эң аз 300 сом.
  • Мушташ учурунда актёр Алмаз Калимбетовдун башына дарбыз тийип жарылышы керек эле. Бул кадр 15 дубль менен тартылган.
  • Монтаж туура 2 айга созулган.
  • Кыргызстанда окуп, практика өтөп жүргөн түрк тууганыбыз Мустафа тасмада 3 мүнөткө жетпеген эпизоддо катышса да, тартуучу топ менен чуркап жүрүп 5 килограммга арыктаган.
  • Режиссёрдун жардамчысы Асел съёмка учурунда эрежелер сакталсын деген максатта тартуучу топко акчалай айып жазып турган. «А.Өзүбеков ар бир кечиккени үчүн 100 сомдон айыпталса, К.Абылов уюлдук телефонун өчүрбөгөн­дүгү үчүн да айыпка тартылчу. Ал эми А.Калимбетовго ак байпактын ордуна кара байпак кийип келгендиги жана муну менен кинодо ката жаратып жаткандыгы үчүн чоң айып (150 сом) жазылган. Бирок, кино акырына чыкканда бул айыптарды актёрлордон алууга колум барбады»,- дейт Асел.

Даярдаган Бегайым Мусакеева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
26.01.2014. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
19-07-2018 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы эң мыкты тасмалардын бири..
13.10.2014. 08:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
18-02-2017 11:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты тартылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: