Akbuura gazeta
АСКАР АКАЕВ ЭСИҢИЗДЕБИ?
№28000

Мындан 64 жыл илгери 1944-жылдын 10-ноябрында Кемин өрөөнүнүн Кызылбайрак айылында карапайым бүлөдө эркек бала дүйнөгө келген. Маңдай жарыла кубанган ата-энеси ал кезде бул ...

толугу менен
ЖКнын депутаты Бакыт Бешимов: «ТУН СҮЙҮҮМӨ КИЙИН ЖОЛУККАНЫМА ӨКҮНДҮМ»
№29900
Ар бир улут өзүнүн патриот уул-кыздары менен сыймыктанат эмеспи. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Бакыт Бешимов да элим...
толугу менен
ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «ТЕКЕБАЙ – ЧОҢ АТАМДЫН КЕЛИНДЕР ТЕРГЕГЕН АТЫ»
№30702
Коомдук ишмер, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ысымы жалпы кыргыз журтуна таанымал. Саясаттын казанында кайнап, коомдук турмуштун чордонунда жүргөн бул инсандын жөнөкөй пенделик жашоодо кандай экени көпчүлүккө кызык болсо керек. Андыктан, биз Өмүрбек Текебаев менен саясатчы эмес, катардагы пенде катары баарлаштык.
толугу менен
Нурланбек ШАКИЕВ: «КЫРГЫЗ ЖИГИТИНИН КОЙ СОЙГОНДУ БИЛБЕГЕНИ УЯТ»
№30900
Кызуусуна алдырса тоодон селдей каптап түшүп келип Кокон хандарын топудай алмаштырган Аксынын эр жүрөк жигиттери кыргыздын тарыхында калган. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, бул өрөөндүн эр көкүрөк жигиттери биздин заманда деле көпчүлүктүн арасынан айырмаланып турушат. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев. Кечээ эле досторуна Нурик болуп жүргөн бул жигит президентти дайыма коштоп жүргөн Ак үйдөгү үлкөн чиновниктердин бирине айланды. Мындай ийгиликтин сыры эмнеде?
толугу менен
ТУРСУНБАЙ БАКИР уулу: «МЕНИ СҮЙГӨН ВИКТОРИЯНЫН БЕЛЕГИ КОЛЛЕКЦИЯГА АЙЛАНДЫ»
№31300
Дүйнөдө ар нерсени коллекциялаган адамдар көп. Бири асыл таштардын түрүн чогултса, экинчиси ар кандай үлгүдөгү машиналарды топтойт. Ал эми кээ бирлери болсо жөнөкөй эле буюмдарды деле чогултат. Демек, мындай өзгөчө иш менен алектенген адамга кызыгуу туулбай койбойт. Алардын катарында экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да бар.
толугу менен
ЖКнын депутаты Аскар САЛЫМБЕКОВ: "ИШЕНЧЭЭКТИГИМЕН КӨП АЛДАНАМ"
№31600
Баш калаада жашагандардын тиричилиги азыр “Дордой” базарысыз өтпөй калганы анык. Бул сапар биз дал ушул базардын кожоюну, өнөрпоздорду колдой билген Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз элинин чыныгы патриоту, камчыга сап жигиттеринин бири Аскар мырза тууралуу кеп куржунун ачабыз.
толугу менен
ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИ ТАМАГЫНА УУ КОШУП ӨЛТҮРҮШКӨНБҮ?
№31801
Кыргыз ССРинин Эл артисти, Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты Дооронбек Садырбаевдин өлүмү кыргыз эли үчүн оор жоготуу болду. Кыргыз дегенде эт-бетинен кеткен бул патриот адамдын көзү өтсө да, артында анын ысымын өчүрбөс “Махабат дастанындай” өлбөс-өчпөс тасмалары калды.
толугу менен
ЖКнын депутаты Исхак Масалиев:«Сүйүүмө жетпей төрт жыл чуркагам»
№32400
Ар бир ата үчүн баласынын ата жолун жолдогону сыймык. Ал эми бүгүнкү биздин каарманыбыз атасын жазбай тарткан, коммунизмди жан дили менен колдогон ЖКнын депутаты Масалиев Исхак Апсаматович. Бул инсанды биз коммунист депутат, саясатчы катары эмес, жөн гана кыргыз жараны, балдарынын камкор атасы, келинчегинин күйүмдүү жолдошу катары көрсөтүүнү максат кылдык.
толугу менен
АРСТАНБЕК НОГОЕВ: «Студент кезимде эле министр болом дечүмүн»
№32600
Бирде сынга кабылса, бирде мактоого татып, көп жылдардан бери улам бир мекеменин тизгинин кармап келген аткаминерлердин өмүр-таржымалына көпчүлүк кызыкдар. Бүгүн мамлекеттик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келген Арстанбек Ногоевди министр же директор катары эмес, жөнөкөй кыргыз жигити катары кепке тарттык.
толугу менен
ЖКнын депутаты Динара МОЛДОШЕВА: «СҮЙҮШКӨНДӨР КҮНҮНДӨ СҮЙҮҮМДҮ ТАПКАМ»
№32700
Түпкү таластык, Баткендин балдай ширин өрүгүн жеп чоңойгон, Нарындын жээни, Көлдүн келини болгон бул айымды жаш депутат катары тааныйбыз. Парламенттин отурумдарында чечкиндүү, таамай сөздөрү менен айырмаланган депутат айым Динара Молдошеванын жөнөкөй жашоосуна сапар алдык.
толугу менен
Жантөрө Сатыбалдиев: «КЫЗМАТТАГЫ ДОСТОРДУ «жарма достор» ДЕП КОЁМ»
№32900
Жашоодо жеңилүү менен жеңиштер, кыйроолор менен ийгилик жылоолош жүрөт. Тагдырдын андай катаал жолунда адамдык сапатты, келечекке ишенимди сактап калуу өтө кыйын. Ал эми биз бүгүн маекке тарткан инсан жашоосунда жеңилүүнүн да, жеңиштин да даамын татып, кандай ишке урунбасын көзүн таап, ийгиликке жетишип келет. Бүгүн биз менен ийгилигинин сырын бөлүшө турган инсан учурда “Кател” компаниясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев.
толугу менен
НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: «Саясатка аралашканым үйбүлөмө, бизнеске зыянын тийгизди»
№33000
Карьераны биринчи орунга коюу эркектерге караганда айымдарга бир канча эсе оор. Мындайда алар көбүнчө же жумуш, же үйбүлө деген тандоого келип такалышат. Анысына карабай заманыбызда жумуштун, үйбүлөнүн, ал түгүл саясаттын да тизгинин колдон түшүрбөй алып кете алган айымдар кездешет. Андай айымдардын бири Нуржамал Байболова.
толугу менен
Бишкек шаарынын мэри НАРИМАН ТҮЛЕЕВ: «Бир гана Кудайдан корком»
№33200
Айткан сөзүнүн, убадасынын өтөсүнө чыгуу ар бир адамда эле жолуга берүүчү сапат эмес. Бул адам кичинекей кезинен дал ушул сапатты өзүнө адат кылып алган. Ал адатынан азыр да кайтпай келет. Анан да шаар башчысы болгондон бери таң алдында башкалааны кыдырып, көз салганды жактырат. Кеп ким тууралуу баратканын байкадыңызбы, окурман? Бүгүн биздин “Бейнеде” башкалаанын башчысы Нариман Түлеев конокто.
толугу менен
ТАНАПИС. ДЕПУТАТ СЫНАК
№33400
Буга чейин студент ырчы-чоорчулардан экзамен алып келгенбиз. Эми мындай сынакты «танапис» деп атап ЖКнын депутаттарына жарыяладык. Эртеден кечке көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетинде жүргөн депутаттарыбыздын чарчап турган мээ клеткаларына “разминка” катары ар тараптуу суроолорду узатып, айрым эл өкүлдөрүн сынап көрдүк.
толугу менен
ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева: «ИШКЕРДИКТИ 100 ДОЛЛАРДАН БАШТАГАМ»
№33800
ЖКда саналуу гана айымдар бар. Алардын ичинен эркектерден кем калышпай талкууларга аралашканы, чынын айтуу керек, аз гана. Ошолордун бири, СДПК фракциясынын мүчөсү, ийгиликтүү ишкер айым Дамира Ниязалиева.
толугу менен
Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Мамашев: «КЫЗДАРЫМ КҮЙӨӨГӨ КЕТКЕНДЕ ЫЙЛАЙМ ГО..»
№34300
“Кош келиңиз!” деп Кыргызстанга келген конокторго кыргыз жерин таанытууну кесип кылган инсандардын бири бүгүн биздин коногубуз.
Жан дүйнөсү бала чагынан табиятка жакын бул инсан бекеринен учурдагы кесибин тандабаптыр. Анын биринчи максаты – Кыргызстанды туризм аркылуу бүт дүйнөгө таанытуу. Кеп Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Мамашев жөнүндө.

толугу менен
ТААЛАЙ ЖАРК ЭТКЕН ЖЫЛДЫЗ ЭЛЕ...
№34411
Адам баласы маңдайына жазган жашты жашайт дешет. Ошентсе да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кеткен адамдын тагдыры кандай гана кейиштүү. Ошондой трагедиялуу өмүр Таалай Бектургановдун да бешенесине жазылган экен. Эсиңизде болсо, Союз тарагандан кийин гитаранын кубулжуган үнүн коштой ырдаган бир талант эл алдына суурулуп чыккан эле.
толугу менен
КРнын Президенти Курманбек БАКИЕВ:«ААЛАМГА КАРАЙ ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ»
№34500
1949-жыл. Алаамат согуштан кийин өлкө акырындап бутка тура баштаган кез. Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде, так айтканда, 1- августта Сузак районунун Масадан айылында ата-энесин чексиз кубанычка батырып бир уул төрөлдү. “Жетинин бири кыдыр” деп коёт кыргызда. Жаш бүлөнүн бул тун уулу 7 биртуугандын улуусу да, эл башкарган курчу да болду.
толугу менен
«Шоро» компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев: «АЙДАР МЕНИН БИЗНЕСИМЕ ТИЙИШКЕН ЭМЕС»
№34600
Гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй. Бул адамды чоң бизнеске алып келген идея да жөпжөнөкөй болчу. Кадимки эле кыргыздын суусундугу. Аны кыргыздар нечен кылымдар бою жасап келишкен. Бирок суусундук алып келүүчү чоң кирешени ушул инсан гана көргөн өңдүү. Биздин маек “Шоро” компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев менен.
толугу менен
Акылбек Жапаров: «ӨЗҮМӨ ИШЕНЧЭЭКТИГИМ ЖАКПАЙТ»
№35900
Кыргызстанда каржылык кризис болорун биринчилерден болуп Акылбек Жапаров айтып чыккан эле. Алдыда боло турган ишти алдын-ала так так боолгой турган сапаты бар Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүн бизде мейманда.
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: