Атактуу ырчы Майкл Жексондун өлүмүнө дарыгери Конрад Мюррей күнөөлүү деп айтылып келет. Ушул жылдын 11-январында Лос-Анжелесте дарыгер Мюрей Майкл Жексонду “атайылап эмес, кокустан өлтүрүп алган” деген айып боюнча сот иши башталды. Учурда Конрад дарыгерлик лицензиясынан айрылды. Соттун отуруму 25-январда болот. Эгер сот Мюррейди күнөөлүү деп тапса, дарыгер 4 жылга эркинен ажыратылат.