Азыркы жаштар кызык. Кыргыздын салты боюнча жаңы үйлөнгөн эки жашка өкүл ата, өкүл эне катары көптү көргөн, турмуштук тажрыйбасы мол, ой-пикири келишкен түгөйлөрдү коёт эле. Бизге көзү жумулгуча жыргап-күлүп Дайыр Исмадияров келиптир, “уул-кыздуу болдум” деп сүйүнчүлөп. “Өзүң үйлөнө элек болсоң, кайдагы уул-кыз?” десек, өкүл ата болгонун айтат. Дайырдын жакын досунун иниси үйлөнүп, ырчыны өкүл ата коюптур. Ошентип, жыл башында өкүл ата болгон Дайыр өкүл уул, өкүл кызына “апа” болчу кызды издеп жүрөт.