20-декабрда ырчы Гүлнур Сатылганова менен “Версус” бий тобунун кыздары “Кыргыз клабдын” жетекчиси Айбек Хакимовдун чакыруусу менен АКШнын Нью-Йорк жана Филадельфия шаарына концерт коюп барышкан. Бул сапар абдан жаккан көрүнөт, айтор, Жаңы жылды ошол жактан тосуп, 8-январда гана мекенине кайтып келишти. Баса, “Версус” бий тобу Америкага жаңы курамдагы кыздар менен барган.
(Гүлнур Сатылганованын концертинен айрым кадрларды "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).