Акыркы мезгилде шоу-бизнес чөйрөсүндө продюсер менен ырчылардын чыры көбөйгөндөн көбөйүп барат. Чырдашуу эстафетасы ырчы Гүлжигит Сатибеков менен продюсери Диляга келген көрүнөт. Көптөн бери эже-инидей болуп иштешип жүрүшчү эле, “сен-мени” жок. Анан булардын бөлүшө албай турган маселеси чоң белем, Орусияга гастролдогону ээрчишип кетишип, чогуу келбей, бири бул жакка баса берсе, экинчиси дале концерт коюп жүрөт. Биз менен эки тарап тең байланышып, продюсери “Гүлжигит мени союп кетем деди” деп жинденсе, ырчы “өзүм барганда кеңири айтып берем” деп кыжырданат.
“Оңойлук менен жигит кишинин оозунан мындай сөз чыкмак эмес эле, анан да ырчыга көмөк көрсөткөн аялзаты мындай “рахмат” сөзгө татыктуу беле?” деген ой келет. Азырынча экөөнү тең сабырдуулукка чакырабыз. Булардын чырынын сырын келерки сандарда кабардар кылабыз.